Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тамакты ысырап кылуу (исраф)

Автору: Касиет Жолдошбекова / Жарыяланды: 12 сентябрь 2015

Исламда тамак-ашты ыксыз ысырап кылууга жол жок

Тамак-аш — Жараткандын белеги, аны ыксыз ысырап кылуу, Кудайдан берилген белекке ыраазы болбогондуктун белгиси катары эсептелет. Жыл сайын дүйнөдө 2,2 миллиард тонна тамак-аш таштандыга ыргытылат. Бул сандар жыл өткөн сайын өсүп жатат. Ошол эле учурда, жердин булуң-бурчтарында миллиондогон адамдар ачкачылыктан азап чегип, өлүп жатышат. Исламда тамакка туура мамиле кылуу колдоого татыктуу. Ал эми ыксыз ысырапкорлук (исраф) кескин сындалып, Ыйык Курандын кийинки аятында айтылат: «... Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорлук кылбагыла! Анткени Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт» («Аараф» сүрөөсү, 31-аят).

Ыйык Рамазан айында ысырапкорлукка орун жок

Көптөн күткөн ыйык Рамазан айы да келди. Анын аралыгында миллиондогон мусулмандар үй-бүлөсүн, кошуналарын жана конокторун кубандыруу үчүн, ифтарга (ооз ачаар) таттуу тамактарды даярдашат. Бирок ушул ыйык күндөрдө, мусулман өлкөлөрүндө азык калдыктарынын көлөмү көбөйүп, биздин диндеш бир туугандарыбыз, бул күндөрдө тамак-ашка көп көңүл бөлө баштайт. Ден-соолукка пайда алып келүү менен бирге, орозо мусулмандарды муктаждардын ачкачылыгын жана оорусун түшүнүүгө, сезүүгө үйрөтөт. Ушул ыйык айда жакшы иштерди кылып, күнөө кылуудан сактанып, анын ичинде ысырапкорлук да бар, Жараткандын ыраазычылыгын алууга, бар аракетибизди жумшоо керек. Ошондуктан диндеш бир туугандар, ашып калган тамак-ашты дароо эле таштандыга төкпөстөн, муктаж адамдарга берүүгө аракет кылуу керек.

Биз жеш үчүн жашабастан, жашаш үчүн жейбиз

Ислам меймандостукка чоң маани берет. Анткени конок бейиш бакчаларына алып баруучу болуп саналат. Хадистерде, конокторду өз үйүндө кабыл алуунун мааниси көп ирет айтылат. Бирок меймандостук менен бирге ысырапкорлук коюн-колтук алышып кетпеш керек. Мындай күндөрдө тамактын көптүгүнөн столдун буту ийилип, бир тамактын артынан бири келип турат. Коноктор анча тамакты жей албай, калган ири өлчөмдөгү тамак-аш таштанды идишине жол алат. Биздин дин тамак-ашка болгон ысырапкорлукту жана сарамжалсыздыкты кабыл албайт. Жөнөкөй жана токтоо меймандостукка чакырат. Исламдын көз карашы боюнча, конок тосуунун эң идеалдуу жолу, үй ээси Жараткан ага тартуулаган ырыскысын жашырбастан берип, ал эми келген конок, үй ээсине берилген ырыскыдан ашык нерсени күтпөшү керек.

Бирөөлөр ачка отурат, башкалары азык-түлүктөрдү тонналап ыргытып жатат

Көпчүлүк учурларда, таштанды челектеринде пайдаланыла элек азык-түлүктөр жатат. Кээ бири ашык сатып алып, бузулуп кеткени үчүн ыргытса, башкалары жакпай калганы үчүн ыргытышат. Ысырапкорлук болбошу үчүн, тамак-аштын ашып калганын муктаж адамдарга берүү керек. Эгер андай адамдар жок болсо, ачка жаныбарды тоюндуруу зарыл. Көптөгөн чоң дүкөндөр азык-түлүктөрдү сактоо мөөнөтү жакындап калганда же өтүп кеткенде ыргытышат. Ири азык-түлүк дүкөндөрү менен иштешкен кайрымдуулук уюмдары болсо жакшы болоор эле. Сактоо мөөнөтү жакындап, бирок сатылбай турган азык-түлүктөрдү чогултуп, муктаж адамдарга берсе чоң соопко калышмак.

Дүйнө азык-түлүк калдыктарына каршы

Тамак-ашка болгон ысырапкорлуктун деңгээли жыл өткөн сайын жогорулап жатат. Кээ бир мамлекеттер азык-түлүк калдыктарынын көлөмүн азайтуу боюнча атайын программаларды иштеп чыга баштады. Мисалга алсак, Түркиянын бийлиги нанды колдонууну кыскартууну сунуштап жатат. Анткени, бул өлкөнүн жарандары күнүнө 6 миллион нанды (1500 тонна) таштандыга ташташат. Ал эми Германия менен Улуу Британияда, азык-түлүк калдыктарын азайтуу боюнча атайын мамлекеттик программалар иштелип чыккан. Британиялыктар беш жылдан бери «Тамакты жакшы көрөм, калдыкты жаман көрөм» аттуу коомдук акцияларды өткөрүп келишет. 53 ири чекене тармактар, тамак-аш даярдоодо ыргытылуучу азык-түлүктөрдүн санын азайтууга милдеттеме алышкан. Евросоюзда ушул маселени чечүүгө арналган изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 2012-жылдын январында Европарламент тарабынан 2020-жылга чейин, ыргытылган тамак-аштын өлчөмүн 50% чейин азайтуу боюнча резолюция кабыл алынып, 2014-жыл «Азык-түлүк калдыктарына каршы Европа жылы» деп жарыяланган. Америкада 27ден 50% чейин пайдаланууга жарактуу азык-түлүк керектөөчүгө жетпестен, таштандыга чыгарылат. Мисалы, контейнер менен келген помидордун арасынан, бир нечеси эле бузулуп кетсе, ал таштандыга ыргытылат. Компания үчүн жумушчу жалдап, помидорлорду тандоого караганда, контейнерди ыргытып жиберүү арзанга турат.

Алтын эрежелер

Төмөндөгү 5 кеңеш, сиздерге тамак-ашты кантип сактап, ысырапкорчулукка жол бербөөгө үйрөтөт.

1. Аз-аздан, бирок бат-баттан сатып алуу принцибин сактаңыз. Алдын ала сатып ала турган азык-түлүктөрдүн тизмесин түзүп, аң-сезимдүү жана керектүү сатып алууну жүргүзүңүз. Эгерде сиздин үй-бүлөңүзгө бир күнгө бир нан жете турган болсо, үч-төрттү сатып алуунун кажети жок. Желбей калган нан катып, ыргытууга туура келет. Жыйытыгында, тамак-аштын бир бөлүгүн ыргытуу менен, сиз акчаңызды да ыргыткан болосуз.

2. Эгерде азык-түлүктөрдүн колдонуу мөөнөтү өтүп кетсе, ыргытууга шашылбаңыз. Алардан топурак үчүн жер семирткичтерди даярдасаңыз болот. Артып калган азыктарды, мисалы, дандарды канатууларга берсе болот. Азык-түлүктөрдү ыргыткандан көрө, аларды бей-бечараларга жана муктаждарга таратып бериңиз, болбосо аны көрүнө жерге коюп коюңуз, балким аны ачка жаныбарлар же канатуулар жеши мүмкүн.

3. Кафе жана ресторандарда тамак жеп жатып, аны түгөтө албай калган учурлар көп эле болот. Ошондуктан, өзүңүз жей ала турган өлчөмдө гана заказ бериңиз, болбосо калган тамак-аш таштандыга төгүлөт.

4. Азык-түлүктөрдү текчеге жайгаштырып жатканда, алдыңкы катарларга бат бузулуучу, мурдараак сатылып алынган товарларды коюңуз. Тамак-аш даярдап жатканда, ошолорго басым жасаңыз.

5. Тамак-ашты таштандыга ыргыткан сайын, дүйнөдө көптөгөн кичинекей балдар, элдер ачка отурганын эсиңизге алыңыз. Тамак-ашка мындай сарамжалсыз мамиле кылуу, Жаратканга ыраазы болбостуктун белгиси. Анткени Кудуреттүү Жараткан адамдарга ал жиберген нерселерди ыксыз сарптоого жана коротууга тыюу салган. Бул адамдын өзүнө эле эмес, бүткүл адамзатка зыяндуу. Эгерде токтоолукту сактай албасаңыз, жоомарт болуңуз. Жумушуңузга кечинде даярдалган токочтордон алып алыңыз, кесиптештериңиз, кошуналарыңыз менен тең бөлүшүп, досторуңузду конокко чакырыңыз. Эң негизгиси — алардын ыргытылып кетишине жол бербеңиз.

Таштанды демилгеси

Ар күн сайын бир нече миллион адам тоё тамак жебейт же кечки тамаксыз уктайт. Ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүнө жараша азык-түлүктөргө аяр мамиле кылып, диндеш бир туугандарын ашыкча тамак-ашты ыргытпай, муктаж адамдарга берүүгө чакыруу керек. Ишкер жана эколог Роб Гринфилд муктаж адамдарга бере турган канчалаган азык-түлүк таштанды челектеринде жатканын дүйнөгө көрсөтүү максатында, Америка боюнча жүрүш уюштурган. Анын жыйынтыгында, Роб жана анын достору 10 000 долларга жакын суммадагы бузулбаган азык-түлүктөрдү чогултуп, АКШнын ар кайсы шаарларынын беш жүздөй жашоочусуна таратып беришкен. «Таштанды демилгесинин» катышуучулары таштанды челектеринен бузулбаган жер жемиштерди, таңгактагы нандарды, таттуу азыктарды жана азык-түлүктөрдү табышкан.

Бала кезинен тартып, тамак-ашка аяр мамиле кылууну үйрөтөбүз

Азык-түлүктөргө аяр мамиле кылууну бала кезинен тартып үйрөтүү зарыл. Баланы ага берилген тамакты түгөтүп жегенге же жей албаса, көбүрөөк салып албоого тарбиялоо керек. Кичинекей баланын бир кесим нанды ыргытышы, мейли катып калган болсун, чоң күнөө кылганга тете болушу керек. Ысырап болбошу үчүн, бала нандын кичинекей күкүмдөрүн чогултууга үйрөнүшү зарыл. Аллахтын элчиси (ага тынчтык болсун!) айтты: «Ар бир иште, жада калса, тамак жеп жатканда да шайтан жаныңарда болот. Эгерде кимде-ким бир кесим нанды жерге түшүрүп алса, ошол кесимди шайтанга калтырбастан, чаңын күбүп, жеп койсун. Анткени кайсы кесимде береке бар экенин эч ким билбейт».

Мыкты ашпоз үчүн, ай жана анын суудагы көлөкөсүнөн башкасынын баары жарактуу

Урматтуу окурмандар, эгерде тамак-ашка аяр мамиле кылып, калдыктарын ыргыпасак, бир топ эле экономдоого болот. Азык-түлүктөргө жаңы түр жана даам тартуулоочу, бир нече кеңеш:

Сыр

Эгерде колуңузга өтө катып кеткен сыр тийип калса, аны түнү менен тузга чыланган майлыкка ороп коюңуз. Эски, катуу сырды бир нече саат сүткө салып койсоңуз, сыр кайрадан жумшак, назик калыбына келет. Сырды эт туурагычтан же майда сүргүчтөн өткөрүп, ага каймак майын (маргарин) кошуп, нанга шыбап жесе, болбосо муздаткычка коюп муздатып, тилке кылып туураса да болот. Мындай сыр сууга бышкан камыр азыктарына табылгыс кошулма.

Бышырылган таттуу нан азыктары

Эгерде сиз жасаган пирог катып кетсе, аны ыргытууга шашылбаңыз. Аны желим же темир идишке салып, бир же бир нече кесим алманы үстүнө коюп, жаап коюңуз. Катып кеткен пирог нымдалышып, калыбына келе түшөт.

Сүт азыктары

Эгерде каймак ачып кете турган болсо, аны төкпөстөн, шорпого, салаттарга жана соустарга кошсоңуз, аларды даамына чыгарат. Ирип кеткен сүттү же кефирди оладий жасоо үчүн колдонсо болот. Ал эми ачып кеткен каймактан куймак даярдап, ичине пияз аралаштырылып куурулган эт менен столго койсо, дасторконду ажарына чыгарат.

Жер жемиштер

Соолуп бараткан петрушканы жарым саат жылуу сууда кармаса, баштапкы абалына келет. Ал эми жумшарып калган редисканы ботва менен муздак сууга салып койсо, даамы жакшырат.

Ашкере талап кылбагандык жана сабырдуулук – кудайга ишенген адамдын башкы сапаттары. Ал сапаттар анын жашоосунун ар бир аспектисинде кѳрсѳтүлүп, тамак-ашты колдонууда ѳзгѳчѳ мамиле кылуу зарыл. Адамдар жылдан-жылга зарыл нерселерди ченемсиз сатып алганы менен, Жараткандын алдындагы жоопкерчилигин моюндашпайт. Кээ бир мамлекеттердеги ачкачылыктын кѳбѳйүшүнѳ карабастан, күндѳн-күнгѳ ысырапкорлук, ашыкча чыгым болуу, ыгы жок акча коротуулар ѳсүп жатат. Урматтуу диндеш бир туугандар, Аллахтын элчисинин (ага тынчтык болсун) айтканын эсиӊерден чыгарбагыла: “Кошунасы ачка отурганына карабай, кимдир бирѳѳ курсагы ток уктап жатса, ал бизден эмес”



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов