Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Колу жоктугуна карабастан сулуулук тармагын багындыргысы келген Толкунай

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 25 декабрь 2021

18 жаштагы Толкунай Муратбекова төрөлгөндөн бери бир колу жана манжалары жок. Бирок ал тагдырдын бул сыноосуна сынып отуруп калбастан, аракет кылып келет.

%article_title%

Толкунай профессионал мейкап жасаганды үйрөнүүнү кичинекейинен бери кыялданып жүрчү. Ал өзүндөгү бул жөндөмдүүлүктү байкап, визажисттик курсту аяктаган соң сулуулук тармагында иштеп жатат.

Кыздын бул максатын ишке ашыруу үчүн “Ajar beauty” сулуулук салонунун негиздөөчүсү Роза Бегалиева жардам берген. Ал Толкунай тууралуу мындай мактоолорду айтты:
“Ал аябай аракетчил. Бир колу жоктугуна карабастан, манжалары жок колуна щётка байлап, кардарларды боёнтот”.

Толкунай башка визажисттерге караганда бул кесип ага кыйынга турушун билет, бирок ал баарына даяр. Азыр Толкунайдын профессионалдык косметикалары жок болуп жатат. Толкунай бул маселелер үчүн көңүлүн чөгөрбөйт деле. Эми ал кыялдар орундаларына ишенет.

“Макияж жасоону жакшылап үйрөнүп, кардар топтоп, салон ачууну кыялданам. Келечекте мага окшогон мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам бергим келет”
, - дейт ал.

%article_title%

Толкунай баарыбызды эмгек кылууга чакырып, буларга токтолуп өттү:
“Аллах Таала эмгек кылгандарга берет. Ар бир адам аракет кылыш керек”.

“Колумдун жоктугу менин кемчилигим эмес, өзгөчөлүгүм. Ооба, таң калып турасызбы? Мен күзгүнү караар замат дароо: “Толкунай башынды бийик көтөр, сен дүйнөдөгү эң сулуу, эң акылдуу кызсың” дейм. Көп кызды көрдүм. 12 мүчөсү соо, акыл эстүү, бирок эмнегедир бир нерсеге нааразы. Андай болбогула, силер өзүңөрдүн жашооңордо биринчи болгула. Көтөр башты. Айлананы бир кара, мына мен ыраазымын Кудайга. Сен нааразы болгонго укугуң жок”
, - дейт Толкунай Муратбекова.

Толкунайдын бул аракети, эмгеги, күчтүүлүгү көп адамдарга сабак. Турмуштун оор күндөрүндө мүңкүрөп, кол куушуруп отуруп калбастан, аракет кылуу керек экендигин эскертет. Ошондой эле Толкунайдын окуясы Жаратканды эч унутпай, кандай болгон учурда да шүгүр келтиргенди бизге үйрөтүп жатат.



Намаз убактылары
16 май 2022г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:37
Бешим
12:58
Аср
18:08
Шам
20:23
Куптан
21:57
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов