Бүгүн жашообузду социалдык тармактарсыз элестете албай калдык. Албетте, интернеттин адам жашоосун жеңилдеткен бир пайдалуу жагы бар. Биз ал аркылуу мыкты мугалимдерди таап, онлайн илим-билим алабыз. Жакындарыбыз жана туугандарыбыз менен байланышып, мамилени бекемдейбиз. Бирок социалдык тармактардын тескери жактары да бар экенин унутпашыбыз керек. Күнөөдөн алыс болуу үчүн мусулман коммуникациянын бул куралын абайлап колдонуусу зарыл. Бул жолу окурмандарыбызга социалдык тармакты пайдалануу эрежелерин сунуштайбыз.
1) Жакшы кулк-мүнөз
Мусулман бардык жерде, жадагалса виртуалдык дүйнөдө да өзүн татыктуу алып жүрүш керек.
Айрыкча, башка адамдарды кемсинтүүдөн алыс болуу зарыл.
2) Жалгандан алыс болуу
Социалдык тармакта такталбаган маалыматтар кеңири тараган. Бурмаланган фактыларды таратып, жалгандын очогуна айлануудан алыс болуңуз.
3) Тыюу салынган нерселерден баш тартуу
Интернеттен тыюу салынган видеолорду көрүүдөн, аудиофайлдарды угуудан сактаныңыз (эротика, адам өлтүрүүгө чакырыктар, терроризмди жактаган материалдар).
Кээде байкабай, кокустан көрүүгө болбой турган постторго чалдыгып калабыз. Бирок атайылап бул баракчадан чыкпай, кечке тиктеп отурсак, Кыяматта жооп беребиз.
4) Урмат көрсөтүү
Элибизде: “Улууга урмат, кичүүгө ызаат” деген улуу сөз бар. Албетте, мусулман социалдык тармактарда да башкаларга урмат-сый менен мамиле кылуусу зарыл.
5) Ушактан алыс болуу
Тилекке каршы, бүгүн социалдык тармактар ушак-айыңдарды тараткан башкы каналга айланган. Белгилүү адамдардын артынан кандай гана ушактар айтылбайт, ошол күнөө иштерди жайылткан адамга айланбаңыз.
6) Жөнөкөйлүк
Адам кайсыл жакта болбосун өзүн атайылап көрсөтүп, кекирейүүгө болбойт.