Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Педофилдерге карата жазаны күчөтүү керекпи?

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 15 февраль 2022

Жаш балдарга карата үрөй учурган кылмыштар көбөйүп, зээнди кейиткен окуялар өлкөбүздө күн алыс орун алып жаткандыгы ойлондурбай койбойт.

%article_title%

2021-жылдагы Кылмыштардын бирдиктүү реестринде жашы жете электерге карата 326 зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 пайызга көп.

Жакында эле болуп өткөн парламенттин жыйынында биздин өлкөдө педофилдерге кандай чара көрүү керектиги тууралуу маселе каралды.

Жазык кодексинин азыркы редакциясында жаза мөөнөтү 15 жылга кыскартылган. Аны 25 жылга чейин көбөйтүү сунушталууда.

Депутаттар балдарды зордуктаганы үчүн 12 жылга чейин, сойкулукка тартуу үчүн 12 жылга чейин, балдар порнографиясы үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтүн көбөйтүүнү жакташат.

Бирок эксперттер балдарды зордук-зомбулуктан сактоонун башка жолдору бар деп эсептешет. Кээ бирлери кастрацияланыш керек дешсе, башкалары өмүр бою абакта калышы зарыл экендигин айтышты.

Жазык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөрдөн улам педофилдерге өтө гумандуу жаза берүү боюнча талаш-тартыштар токтобой келет.

Башка мамлекеттерде педофилдер кандай жазаланышат?

Кастрация (Бычуу)

Дүйнө жүзүн карап чыксак, педофилдер Польшада кастрацияланат. Юстиция министрлигинин сайтында педофилдер тууралуу бардык маалыматтар жазылып, бул өлкөнүн эли кылмышкер тууралуу кеңири окуй алат.

АКШда 1996-жылдан бери балдарды зордуктагандар кастрацияланат. Калифорния штатынын мыйзамдарына ылайык, 13 жашка чыга элек бала менен жыныстык катнашка барганы үчүн кайра соттолгон педофил абактан чыккандан кийин милдеттүү түрдө химиялык кастрацияга дуушар болот.

Техас штаты да 1997-жылдан бери ыктыярдуу түрдө хирургиялык кастрацияны киргизген. Мындан тышкары, Америкада эркиндикке чыккан педофилдерге карата чектөө чаралары колдонулат. Алар жашаган жери боюнча каттоодо турат. Алардын жашаган жери тууралуу маалымат, ошондой эле соттолгон педофилдердин сүрөттөрү жалпыга жеткиликтүү.

Индонезия, Түштүк Корея жана Украинада да жашы жете электерди зордуктагандар кастрацияланат.

Өлүм жазасы

Педофилдер Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Судан, Тунис, Бангладеш, Индия, Латын Америкасы, Ирак жана Кувейтте өлүм жазасына тартылат.

Кытайда зордуктагандыгы үчүн көпчүлүк убакта өлүм жазасы берилет. Түндүк Кореяда кылмышкер атууга кетет. Ал эми Иранда педофил дарга асылат, кээде таш бараңга алынат. Египетте да кылмышкерди дарга асышса, Африкада тирүүлөй өрттөлөт.

Педофилдерди кастрация кылуу, же өлүм жазасына тартуу боюнча Кыргызстанда бир нече аракеттер көрүлгөн. Алсак, кылмышкерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам алгач 2013-жылы парламентте кабыл алынып, колдоо тапкан эмес. 2015-жылы Жогорку Кеңеште бул тема көтөрүлүп, каражат көп сарпталгандыктан, сунуш кабыл алынбаган.

2015-жылы педофил деп табылган киши өлүм жазасына тартылуусун колдоп, 11 миң киши кол чогултуп, Жогорку Кеңешке өткөрүп берген. Бирок бул дагы колдоого алынган эмес.

Ал эми 2021-жылы жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоодо Конституциялык конференциянын мүчөлөрү педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунушташкан. Тилекке каршы, сунуш ишке ашкан жок.

Кыргызстанда педофилдерге карата жазаны күчөтүү маселеси чечилбеген бойдон калууда.



Намаз убактылары
28 июнь 2022г.
Багымдат
3:09
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:32
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов