Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кайдигерлик түбүбүзгө жетпейби?

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 7 сентябрь 2022

Аялдарга, бөбөктөргө карата жасалган үрөй учурган кылмыштар өлкөбүздө күн алыс орун алып жатат. Буга кимди күнөөлөшүбүз керек?

%article_title%

“Мага баары бир. Мунун эмне тиешеси бар мага? Бул мени кызыктырбайт”. Азыр мындай сөздөр өөн деле учурабай калды. Болуп жаткан терс көрүнүштү токтотпогонубуз, кош көңүл мамилебиз чоң күнөө экендигин Аллахтын элчисинин ﷺ бул хадистери далилдейт:

1) Жарир бин Абдуллах (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ укканын риваят кылат: “Эгер кайсы бир адам күнөө иштерди кылып жатканын эл көрүп туруп, аны токтотконго мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп, бирок аны токтотушпаса, анда Аллах Таала аларга өлө электе эле азабын берет”.

2) Абу Саид Худри (р.а) мындай дейт: “Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтканын уккан элем: “Ким тыюу салынган нерсенин болуп жаткандыгын көргөн болсо, ал аны колу менен токтотсун. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда тили менен токтотсун. Эгер аны да кыла албаса, анда жүрөктөн аны жаман деп түшүнсүн. Бул ыймандын эң төмөн даражасы болуп эсептелет”.

Коомдо болуп жаткан көрүнүштөр үчүн баарыбыз күнөөлүбүз. Анткени биз мекенибиз үчүн кайдигербиз, адилетсиздик орун алып жатса да үн катпайбыз. Коопсуз, бейкут мамлекетти түзүү үчүн аракет кылбайбыз. Мындай кылмыштарды жалпы эл чогуу токтото алат. Биргеликте аракет кылуу менен гана жаркын келечекти түзө алабыз. Ушуну эч качан эстен чыгарбашыбыз керек.



Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов