Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыз ﷺ эч качан аялга кол көтөргөн эмес

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 22 сентябрь 2023

Өлкөбүздө үрөй учурган окуя орун алды. Чүйдүн Селекция айылында 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү сабап, кулак-мурдун кескилеп салган.

%article_title%

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат. Былтыр Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылганын билдирген.

Исламда аялзаты кымбат-баалуу берметке салыштырылат. Пайгамбарыбыз ﷺ ар убак аялдарга жакшы мамиле кылуу керектигин сахабаларына айтчу, ал өлүм алдындагы акыркы кутбасында да аялдардын укуктарына урмат көрсөтүүгө чакырган.

Аллахтын элчиси ﷺ тууралуу Аиша (р.а) буларды айткан: “Мухаммед пайгамбар өмүрүндө эч кимди урган эмес – аялдарын да, кызматчыларын да”.

Башка хадисте мындай деп келет: “Мусулмандардан эң кемел ыйманга ээ адам – адеп-ахлагы мыкты адам. Силердин араңардан эң мыктыңар – өз аялдарына эң жакшы мамиле жасаганыңар” (Тирмизи).

Ислам зомбулуктан тыят, бул күнөөнү кылган адам Кыяматта катуу жазаланат. Абу Умама риваят кылат: “Заалым Кыямат күнү Сырат көпүрөсүнө барганда, жабыр тарткан киши алдынан чыгып, көрсөткөн кордугун эсине салат. Заалым колундагы соопту бербей туруп, жабыр тарткан кишиден кутула албайт. Эгер жакшы иштери жок болсо, жабыр тарткандын күнөөлөрү алынып, ага жүктөлөт. Ошентип, тозоктун эң алдыңкы кабатына жөнөтүлөт”.

Ал эми бул дүйнөдө жабырлануучунун зулумдук кылган адамга карата дубасы сөзсүз жетет. “Зулумдукка кабылгандын дубасынан сактан. Анткени аны менен Аллахтын ортосунда эч кандай тосмо жок”, - деп айткан Аллахтын элчиси ﷺ.

Ислам дини – тынчтыктын, мээримдүүлүктүн дини. Эч бир адамга, жадагалса жан-жаныбарларга да зыяндык кылууга биздин акыбыз жок. Чыныгы мусулман эч кимге зордук-зомбулук көрсөтпөйт.



Намаз убактылары
15 апрель 2024г.
Багымдат
4:38
Күндүн чыгуу
6:21
Бешим
13:02
Аср
17:45
Шам
19:48
Куптан
21:03
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов