Жанкечтинин бараар жери тозок!

Жардылуулар - бул жерде, тигил жерде, Европада, Түркияда, Сауд Арабиясында, башка жерлерде... Баардыгы Исламдын аты менен.... А чындыгында, Исламдын буга таптакыр тиешеси жок, кайнаса каны кошулбаган түшүнүктөр жана иштер... Ислам, бул кылмыштарды жана аракеттерди тырмактын агынчалык да колдоого албайт, тескерисинче, толугу менен четке кагат жана айыптайт. Булардын баардыгы, Ислам каршы болгон жапайы мамиле...
Акыркы күндөрдө, дүйнөнүн ар жерлеринде, Исламдын атын жамынып жасаган кандуу окуялар, мени адам катары, мусулман катары да абдан ойго салды!
Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүлдү?
Алла Таалага шерик кошуп, шерик келтиргенден кийинки эле эӊ чоӊ күнөө - мусулман пендесин эч себепсиз, эч бир жүйөөсүз өлтүрүү. Мусулмандын канынын урматы, Алла Тааланын алдында, Каабанын урматынан да жогору турат. Ал гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн баары, мусулмандын канынын бейкүнөө төгүлүүсүнүн алдында түккө да арзыбай калат. Айтылган мааниге, Ыйык Куран аяттары менен Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) осуяттарында айныгыс далилдер бар.
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), эӊ чоӊ күнөөлөр тууралуу сурашканда төмөнкүдөй жооп берди: “Аллахка шерик келтирүү, бейкүнөө пенденин жанын кыюу, ата-энеге ак болуу,...”. (Имам Бухарий)

Азирети Абу Дардаа (Алла Таала андан ыраазы болсун!) риваят кылгандай, Пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтты: “Мушрик бойдон (шерик келтирген абалда) өлгөндөрдүн же мусулман пендесин атайылап өлтүргөндөрдүн күнөөлөрүнөн башка, ар бир күнөөнү Аллах кечирүүсү мүмкүн. (Бирок, жогорку эки күнөөнүн алып бараар жери жаман!) ” (Абу Дауд, Насааий).
Кутман сахаба Ибну Умардын айтуусунда, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) мындай деген: “Мусулман адам, бейкүнөө пенденин канына забын болмоюнча, дининде кеӊириликте болот (бейкүнөө пенденин канына забын болсо, анда анын дининде тардык башталат. Амалдарынын кабыл болуусу, жакшылык иштерди кылуусу кадимкидей азайып, жакшылыкка жарчы болуусу тетири жакка айланат)” (Имам Бухарий).
“Таргииб” китебинде келген сахих хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) айтат: “Кудай Тааланын таразасында, бүтүндөй аалам-жердин жок болуп кетүүсү, күнөөсүз мусулмандын канын төгүлүүсүнүн астында түккө да арзыбай калат! Асман менен жердегилердин баардыгы чогулуп, бир күнөөсүз пенденин канына забын болушса, Кудай Таала баардыгын ошол себептен тозокко түшүрөт!”. (2\629)
Жогоруда айтылган аяттар менен хадистерге карабастан, Исламга такыр тиешеси жок, кээ бир адамдар, өздөрүн Исламга таандык кылып көрсөтүшүп, күнөөсүз наристелер менен энелерди, аксакалдар менен жаштарды, чоӊдор менен балдарды, эркектер менен аялдарды жазыксыз өлтүрүшүп, бүтүндөй коомду, маданиятты, адамгерчиликти жерге тебелеп-тепсеп жатышат.
Алардын кылганы, Ислам таалимдерине түк да төп келбейт. Жер жүзүнө ынтымак менен ырашкердиктин, бакыт менен ырыскынын үрөнүн себүүнүн ордуна, бузукулук менен ырайымсыздыкты, жапайылык менен жанкечтиликти жарыша аткарып жатышат. Алар, бул дүйнөдө каргыш-наалатка калышкан болсо, акыретте алардын бара турган жери тозоктун оту!

Тарыхка көз чаптырсак:
• Нух пайгамбар өз баласы каапыр болсо да, аны өлтүргөн эмес;
• Ибрахим пайгамбардын атасы каапыр-дин безер болсо да, андан кечип кеткен эмес, чымындай жанын кыйган эмес;
• Луут пайгамбардын аялы кайрыдин болгондугуна карабастан, аны акырет сапарына беймөөнөт узаткан эмес;
• Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), атасындай макамга ээ абасы каапыр болгондугуна карабастан, аны өлтүрмөк турмак, өлтүрүүгө буйрук да берген эмес... .
Тарыхыбызда жок жорукту баштаган, бул адам сымалдардын кылган иши кайсы акылга сыят да, кайсы алкакка туура келет? Ким алардын кылган ишин туура дей алат...?
Кудай Таала белек кылган акыл менен ынсаптан кур жалак калганбы?
Кудай Таала улуу Жаратканга жалбарабыз, Ага өзүбүздү тапшырабыз. Андан ырайым тилеп мунаажатта болобуз!
Жараткан Эгем, Кыргызстаныбызды жана бардык мусулман жергелерин жаман желаргыдан, бузуку кесепеттен, сактаган болсун!