Ырчы Сайкал Садыбакасова 22-январда Instagram социалдык тармагындагы өздүк баракчасына жоолук салынган сүрөтүн коюп, астына “Ниетимде” деген билдирүүнү жазган.
51000ге чукул катталуучусу бар ырчы кыздын бул сүрөтүнө 3000ге чукул “жакты” белгиси коюлуп, 100гө жакын комментарий жазылган. Instagram колдонуучуларынын көбү Сайкалды колдогон билдирүүлөрүн калтырышкан.
Акыркы убактарда Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндөгү атактуу айымдар ислам динине кызыгып, жоолук салынып көргөн сүрөттөрүн киргизишсе, айрымдары “Мен мусулман болдум” деген билдирүүлөрү менен күйөрмандарын таң калтырып жатат.
Башка макалалар