1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү Бишкекте“Jannat Recency” мейманканасында коомдун активдүү айымдарын, бир аянтчага чогултуп, өз ара пикир алмашууга шарт түздү. Иш-чарага түрдүү курак, кесиптеги жана ар кыл ишеним, көз караштагы апалар, эже-сиңдилер чакырылган. Алардын арасында депутат, укук коргоочу, окутуучу, дизайнер, ишкер, журналисттер жана студенттер, жоолук салынгандар жана салынбагандар катышып, коноктордун саны 300гө жетти. Иш-чарада жоолуктун коомдогу орду талууланып, диний аспектен гана эмес ар тараптан талдоого алынды.
Бейформал жолугушууну алгач “Умма” ислам журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарова ачып, жоолук күнүнүн мазмунуна учкай токтолду. Андан соң “Кыргызстан сулуусу-2014” сынагынын жеңүүчүсү, жакында эле жоолук салынып, интернетте кызуу талкууну жараткан Айколь Аликжанова кантип бул чечимге келгени туурасында айтып берди. Ал ата-энесинин исламдан түшүнүгү бар экенин, ал буга чейин деле ичимдик, тамеки сыяктуу жаман адаттардан алыс болгонун баса белгиледи.
Айколь Аликжанова: “25 жаш курагымда менин жашоомдо бош сөз жана пайдасыз иш-аракеттерден башка мазмундуу эч нерсе жок экен”
Айколь Аликжанова исламды тереңден изилдөө жашоонун маанисин издөөдөн башталганын айтты:
Иш - чаранын жүрүшүндө жоолукка байланышкан орчундуу маселелелердин тамыры кайда жатканы талкууланды.
Жамал Фронтбек кызы: “Жумушка алуучулар биздин билим сапатыбызга баа берип, жоолугубузга көңүл бурбай калган деңгээлге чыгышыбыз керек”
Советтик система сиңирип кеткен атеисттик түшүнүк 90-жылдардын башында жоолук салынган кыздарды катуу дискриминацияга кабылткан. Мындай оор кырдаалга алгачкылардан болуп Кыргызстан Ислам Университетинин биринчи бүтүрүүчүлөрү туш болгонун Жамал Фронтбек кызы баяндады.
Андан соң НТС телеканалынын корреспонденти Мадина Бахытжан даярдаган атайын сюжет көрсөтүлдү. Анда шаар тургундарына “Жоолук салынган кыздарга кандай карайсыз?” деген суроо берилген. Тургундардын көпчүлүгү оң пикирде экенин, кимдин кандай кийинерине кийлигише алышпарын айтышкан.
Айжан Акылбекова: “Ким жоолукка каршы чыкса, анда ал тарыхы менен каада-салтына каршы чыккан болот”
Ал эми коомдук ишмер Айжан Акылбекова жоолук бир гана диний атрибутика эмес, а кыргыздардын улуттук кийиминин ажырагыс бир бөлүгү экенин баса белгиледи.
Ошондой эле Айжан айым демократиядык коомдо жашап жаткандан кийин эч ким башка адамдын кандай кийинип, кандай өңдөгү жоолук салынарыбызга кийлигише албасын, бирок коомго сиңип кетүү үчүн адамдар жашап жаткан жердин менталитетин эске алууну да унутпоо керектигин кошумчалады.
Инга Сикорская: “ММКда ислам жана мусулмандар тууралуу бурмаланган маалыматтар көп”
Иш-чарага атайын конок катары “Орто Азиядагы тынчтыкты орнотуу жана медиатехнология” мектебинин директору, журналист, эксперт Инга Сикорская чакырылган. Инга мусулман өлкөлөрүндо бир нече жолу болгонун, мусулман кыздарынын жашоосундагы жоолуктун ордун, маанисин жакшы билерин айтты. Ал өзү да бул кунү жоолук салынып, кудум мусулман кыздарындай болуп кийинип келгени көпчүлүктүн назарын бурду. Журналист Инга Секорская массалык маалымат каражаттарында ислам жана мусулмандар тууралуу бурмаланган, жалган маалыматтар жарыяланган учурлар көп экендигин баса белгиледи.
Анжелика Паризова: “Сырткы келбет айсбергдин бизге көрүнгөн бөлүгү гана”
Коноктордун сөздөрүнөн соң Александра Жуманалиева стереотиптүү ойлонууга багытталган тест жүргүздү. Атайын сүрөттөрдүн мисалында адамдардын сырткы келбетинен анын кандай адам экенин билүү мүмкүн эместигин көрсөттү.
Мындай ойду психолог Анжелика Паризова бекемдеди:
Эксперттер стереотиптүү ой жүгүртүү жоолук салынган кыздардын өзүндө да болорун баса белгилешти: “Кыздар жоолук салына электе эле “коом менин кабыл албайт” деп корко башташат. Анан алар ишеничсиз жүрүм-туруму менен адамдарда аео сезимин жаратат”.
Анжелика Паризова адам өзүнүн мүнөзү жана жасаган иши менен коомдун ой жүгүртүүсүнө таасир этип, стереотиптерди сындыра аларын айтты:
Анжелика айым эки жоолукчан кызды мисал келтирди:
Эгер жоолук салынсаңыз, анда аны сыймыктануу менен гана салыңыз. Өзүңүзгө “Мен өзүмдү жакшы көрөм, мен сулуумун, бул менин чечимим” деп айта билиңиз”, - деди Анжелика Паризова.
Жоолукту сыймыкануу менен салынуу тууралуу коомдук ишмер Айша Гусейнова толугураак айтып берди.
Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жубайы Хадижанын мисалында мусулман кызы өтө акылдуу, сулуу, таасирдүү жана өз ишинин профессионалы боло аларын баяндады:
Иш-чарага “Аль-Нур” сулуулук салонунун жетекчиси Мухлиса Осмонованын жоолук салынуу чеберчилиги боюнча мастер-классы көрк берди. Мухлиса айым жоолукту кантип жарашыктуу жана тыкан салынуу керектигин көрсөттү. Күнүмдүк жашоодо, кыз узатуу тоюнда жана майрамдарда жасалгалана турчу образдар коноктордун суктануусуна арзыды.
Иш-чаранын соңунда “Умма” журналы Facebook социалдык тармагы аркылуу жүргүзгөн “Жоолугум мен үчүн-...” эң мыкты цитатасынын жеңүүчүсү сыйланды. Жеңүүчүлөргө жана баяндама жасагандарга“Умма” журналынын белектери жана өнөктөштөрдүн – визажист Хани Тукеевадан, “Аль-Нур” үлпөт салону жана “Chale” жоолук дүкөнүнөн атайын белектер ыйгарылды. Ошондой эле катышуучулардын баарына атайын белектер жана “Умма” журналынын ыраазычылык барактары тапшырылды.
Бул күнү жөн гана жолугушуу эмес, майрамдык маанай да өкүм сүрүп турду. Ар кандай өңдө, стилдеги жоолуктардын түрлөрү, улуттук кийимдер, ал тургай күнүмдүк жашоодо жоолук салынбагандар да тилектештигин билдирип, кооз жоолуктарды салынып келишкени иш-чарага көрк берди.
Келген коноктор айымдардын башын кошкон масштабдуу иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти. 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү жоолукту шариаттын талабы катары кабылдагандар менен жоолукту улуттук баалуулук жана жөн гана кооз аксессуар катары көргөндөрдү бириктирип, өз ара диалог курууга эч кандай тоскоолдук жараткан жок.
300 айымды бириктирген иш-чара сырткы атрибут башкы орунда эмес экенин, эң башкысы айымдардын башын кошо турчу маселелер, коомдо чечилиши керек болгон көйгөлөр (бала тарбиялоо, зордук-зомбулукка каршы күрөш, аялдардын билим денгээлин жогорулатуу ж.б.) көп экени билинип турду.
Иш-чаранын соңу даамдуу тамак үстүндөгү жылуу маек менен жыйынтыкталды.













