Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Түркиянын аскердик аба күчтөрү академиясына кабыл алынган тайманбас Мерве Гүрбүз

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 9 февраль 2017

23 жаштагы Мерве Гүрбүз Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн алдында аскердик аба күчтөрү академиясына кабыл алынган алгачкы жоолукчан студент болду. Бул тууралуу 6-февралда Түркиянын маалымат сайттары жазып чыкты.

%article_title%

Түркиядагы 15-июлдагы төңкөрүштөн кийин түрк өкмөтү айрым бөлүмдөрдүн (компьютердик, механикалык, электроникалык, мехатроника) студенттерине өз окуусун аскердик окуу жайларга которулуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен. Сельчук университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн акыркы курсунун студенти Мерве Гүрбүз да бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аскердик аба күчтөрү академиясына тапшырган.

%article_title%

Бир нече баскычтан турган медициналык кылдат текшерүүлөрдөн, түрдүү багытта билим деңгээлин текшерген сынактардан соң Гүрбүз аталган академиянын адаптациялык даярдыгынан өтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Келечектеги учкуч кыз 23-март күнү ант берип, ББСинин штаб-квартирасында бир жарым жылдык окуусун баштайт.

Кахраманмараш шаарында төрөлгөн Мерве Гүрбүз-үй-бүлөдө жалгыз кыз. Анын атасы башынан эле кызынын учкуч болушун кыялданган. Эгер Гүрбүз кесиптик даярдыктан да мыкты өтсө Түркиянын куралдуу күчтөрүндө алгачкы жоолукчан учкуч болушу мүмкүн.

Буга чейин Фырат университетинин мехатроника инженерлигинин 3-курсунуну студенти Румейса Сена Өздемир да академияга окууга кабыл алынып, бирок “жалгыз учуу” баскычынан ийгиликтүү өтпөгөндүктөн окуусун андан ары уланта албай калган.

Акыркы учурда укук коргоо, авиация , аскердик окуу жайларга тапшыргандардын арасында жоолук салынган кыздардын көбөйүшү менен түрк өкмөтү бул тармакта иштей турган кызматкерлердин формасын кайра карап чыгуу иштерин жүргүзүүдө.

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11