Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйшөн Абдылдаев: “Зулпукар Сапанов китебинде кудайды шайтанга теңеп, “улут” деген түшүнүктү жоюу керектигин жазган”

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 февраль 2017

Кадыр ажы Маликов:

“Кыргызстан “Шарли Эбдого" айланбашы керек. Биз Аллах Тааланын бардык пайгамбарларын коргойбуз. Журналист Зулпукар Сапанов китебинде Аллахты шайтанга теңеп, ал эми пайгамбарларды оозго албаган сөздөр менен мазактаган.Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китебинде диндер аралык чыр-чатак жана экстремизм, бул жакта атеизм дагы эмес, сатанизмдин элементтери бар. Мындай кыймылдар кимдер аркылуу каржыланып жатканын иликтөө керек. Мамлекет буга чукул чара көрбөсө аягы жакшылык менен аяктабайт. Алардын чакыруусу элдин диний ишенимдерин, ислам динин гана эмес, Кыргызстанда таанылган бардык салттуу диндерди мазактоонун үстүндө курулган”.

Мындай пикирин дин таануучу, профессор Кадыр Маликов бүгүн, 10-февралда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-жыйында билдирди.

%article_title%

Аталган жыйынга “Акыл-эс, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси, журналисттер уюмунун мүчөсү Дүйшөн ажы Абдылдаев, коомдук ишмер, акын Надырбек Алымбеков, коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов, Ислам изилдөө илимий институтунун өкүлү Абай Кенжегулов катышты.

%article_title%

Зулпукар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” китебиндеги айрым үзүндүлөрдөн: «Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат», «Жахабаны (Аллахты) Кудай дегенибиз эч качан туура болбойт!», О «Биздин ата-бабаларыбыз мусулман болгон деген сөздү токтоткула. Кыдыр санжырасын окугула», «Динаятчылар эч качан жооп бербейт, анткени алар Шайтандын азгырыгы менен тиричилигин өткөрүп, курсагын тойгузуп көнүп калган»-дейт. Сапанов өзүнүн китебинде пайгамбарыбыздын (с.а.в) аялдары туурасында мындай деп айткан: «Жахаба (Аллах) буга унчуккан эмес. Мүмкүн жаш келинин катын кылып, төшөгүнө басып бергендей Жахаба өзү Мухаммедди дүүлүктүрүп, кызыктырып, азгыргандыр», «Пайгамбар өзү таза болгон эмес. Аялы Аишага ал 9 жаш кезинде үйлөнгөн. Демек, педофилдик деген жөн жерден чыккан эмес, Жахабаны ээрчиген пайгамбарлар ага чыйыр салган (Кыдыр Санжырасы китеби 502 бет)», «Жахаба Шайтанбы же Кудайбы? (503 бет)» .

"Бул китеп - бүтүндөй кыргыз элине атылган ок"

Коомдук ишмер, акын Надырбек Алымбеков бул китеп бүтүндөй кыргыз элине атылган ок экенин айтты:

"Мындай жийиркеничтүү китепти жазгандар мамлекетибизди чачыратып, башаламандыкты чыгаргысы келип жатат. Мамлекет өзү көзөмөлдөп, тиешелүү жазасын бериши керек”,- деди.

Ал эми журналисттер уюмунун мүчөсү Дүйшөн ажы Абдылдаев автор китепте улут деген түшүнүктү жоюу керектиги жазылганын айтты:

“Улут - Аллах жараткан көйгөй, вирус. Андан көрө уруу деген түшүнүктү көтөрүү керек дейт. Эми бул сөздөргө эмне дейбиз? Булардын жасап жаткан сасык иштери демократиялык принциптерге да туура келбейт. Адамдардын ишенимдерин көз көрүнөө тебелеп, диндер жана конфессиялар арасындагы ынтыкмакка доо, улут арасындагы чагымчылдыкка, дин тутуучулардын ишенимине шек келтирип, улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүчүлүккө үгүттөгөн”,- деди Дүйшөн Абдылдаев.

“Эгер Кыргызстанда диний кагылышуу болсо кандай абалга келерибизди элестетип көрөлүчү?"

Пресс-жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу да өз оюн айтты:

“Өлкөбүздүн биримдигине доо кетирчү мындай күчтөр менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, прокуратура күрөшүшү керек. Кыргызстанды тышкы күчтөр эми секталар менен жок кылгылары келип жатышат”.

Экс-депутат ошондой эле 1990-2010 жылдарындагы улут аралык кагылышууга алып келген Ош окуяларын жана анын масштабы, кесепеттерин эске салды.

“Эгер Кыргызстанда диний кагылышуу болсо кандай абалга келерибизди элестетип көрөлүчү. Мен учурунда теңирчилердин кайрылууларын, китептеринен 100дөн ашык бетти ксерокөчүрмөдөн өткөрүп, улуттук коопсуздук комитетине кайрылгам. 3 айдан соң алар “эч кандай кылмыш иши жок” деген жыйынтык чыгарышты. Булар бүтүндөй кыргыз элинин биримдигине каршы иш жасап жатышканда, алар “эч кандай кылмыш иши жок” деген жыйынтык беришти”,- деди Турсунбай Бакир уулу.

Активисттер мындай китепти жазып, тараткандарга “Диний кастыкты козутуу жана экстремизм” беренелери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу керектигин айтышты.

Кошумчалай кетсек, Зулпукар Сапановдун ушул маанидеги макалалары «Жаңы Ордо» гезитинин № 18 (523) санында жана «Азия Ньюс» гезитинде да жарык көргөн.

Учурда улуттук коопсуздук комитети Зулпукар Сапановдун үйүн тинтүүгө алып, ал эми автордун өзүн суракка тартышкан. Азырынча иликтөө иштери жүрүп жатат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов