Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Имамдардын демилгеси менен Кыргызcтан боюнча 10 000 ден ашык көчөт отургузулат

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 16 март 2017

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун демилгеси менен жалпы республика боюнча “Бир момунга – бир дарак” аттуу акция старт алды. Жаздын келиши менен айла-чөйрөнү жашылдандырууга арналган акциянын алкагында Кыргызстан боюнча 10 000 ден ашык көчөт отургузулары пландалууда. Бул тууралуу “Ыйман” фондунан кабарлашты.

%article_title%

Аталган акцияга керектелүүчү акча каражаты имамдар жана ыктыярчы мекендештерибиз тарабынан колдоого алынууда. “Ыйман” фондунун "Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун координатору Муртаза Жолдошовдун айтуусунда, көчөттөр социалдык объектилердин айланасына отургузулуп, кийин да аларды карап, сугаруу иши муфтияттын карамагында болот. Ал эми муфтияттын пресс-кызматынан билдиришкендей, акция алгач Баткен, Ош, Жалал – Абад облустарында башталды:

“Имамдар элдерге ислам дининде бак отургузуунун пайдасы жана сооптору тууралуу айтып берип жатышат. Эл мындай көрктөндүрүү иш-чарасына абдан активдүү катышууда. Бүгүнкү күнгө чейин 2000ден ашык көчөт отургузулуп бүттү”.

Эскерте кетсек, 18-март күнү дин кызматкерлери республика боюнча масштабдуу ишембилик өткөрүшөт. Ишембиликке Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, ар бир казыят, райондук баш имам хатибдер, аймактык имамдар жана диний окуу жайлар өздөрүнүн аймагындагы мечиттерди, диний окуу жайларды, карылар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үй-бүлөлөргө жардам берип, тазалоо, актоо жана көчөт отургузуу иштерин жүргүзүшмөкчү.

Динибизде айлана-чөйрөгө кам көрүү, көчөт отургузуу тууралуу да эскерилет. Көчөт отургузуунун сообу төмөнкү хадисте айтылган: "Бир адам бир мөмө бак отургузуп, ал бакты жемиш бергенге чейин коргоп караса бул бактан төгүлгөн ар бир мөмө Аллахтын алдында ал адам үчүн бир садага болот”.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11