Кечээ, 1-апрелде Бишкек шаарынын Осмонкулов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган “Махмуд ал – Кашгари” мечитинин расмий ачылыш салтанаты болду. Ага президенттик аппарат, бийлик өкүлдөрү, диний ишмерлер жана ардактуу конок, Россия Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Гайнутдин Равиль Исмагилович катышты.
Ачылыш салтанатта шаар мэри Албек Ибраимов 5000 адам кеңири бата турган, өтө көркөмдөлүп салынган мечит ынтымакка жана тынчтыкка чакыра турчу гана жай болбостон, Бишкектин архитектуралык кооздугуна да чоң салым кошорун белгилеп өттү.
Өз кезегинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бул мечиттин курулушуна салым кошкон жана расмий ачылышына келген ар бир конокко терең ыраазычылыгын билдирди. Мечиттин курулушун колго алган «Ильшат» коомдук фондунун жетекчиси, меценат Анвар Маматовго өзгөчө рахматын айтты.
Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешов мечиттер бир гана ибадат кылуучу жай эмес, а коомдо тарбиялоочу, биримдикке чакырган социалдык чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Ачылыш аземдин ардактуу коногу Россия Мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы Гайнутдин Равиль Исмагилович куттуктоо сөзүндө, алгач Россия Федерациясында жашаган 25 миллион мусулмандын саламын Кыргызстандыктарга жолдоду.
Аталган мечиттин салынышын толугу менен колго алган «Ильшат» коомдук фондунун жетекчиси, меценат Анвар Маматов мечиттин курулушунда өз ишинин профессионалдары иштегенин белгилеп, ар бирине терең ыраазычылыгын билдирди.
Эскерте кетсек, XI кылымдагы түрк калктарынын чыгаан энциклопедист окумуштуусу, тилчи, тарыхчы-этнограф Махмуд ал-Кашгаринин ысмын алган мечит 2015-жылы башталып, 2 жыл аралыгында салынып, пайдаланууга берилди.









