Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
14 декабрь 2017г.
Багымдат
06:42
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


70теги эмгек сиңирген дарыгер аксакал аялдама жууп, шаардын тазалыгына салым кошкусу келет
Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Азаттык / Жарыяланды: 7 апрель 2017

70 жаштагы пенсионер аксакал күндө үйүнүн жанындагы аялдаманын отургучун жууп, тазалайт. Асылбек Анарбаев өмүрүнүн теңин медицинага арнаган. Ал - Саламаттыкты сактоонун отличниги жана эмгек сиңирген дарыгер. Бул тууралуу Азаттык радиосу кабарлайт.

%article_title%

Аталган радиого берген маегинде, аксакал, шаарды таза кармоо ар бир тургундун милдети дейт:

“Жуубасам аябай кир болуп, элдер отура албай калат. 6 кун ооруп жатып калып, карабай калдым эле, аябай булганып кетиптир. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балалуулар, кош бойлуулар отура албай турушканын көрөм”.

Асылбек Анарбаев борбордогу медициналык академияда сабак берет. Бейтаптарга операция жасабай калганына бир жарым жыл болду. Эми минтип коом үчүн пайдалуу иш жасасам деген тилекте. Аксакал, эгер аялдама кароосуз калса кирдемек турсун жок болуп кетет деп түйшөлөт.

Айрым жаштар 70 жаштагы атанын жасап жатканын көрүп туруп, тазаланган асфальтка түкүрүп, ары карап басып кеткендер да бар.

%article_title%

Ислам дининде “Тазалык – ыймандын жарымы” деп айтылат. Ислам адамдардын ички жана тышкы келбетин, ошондой эле, коомдук жайларды да таза кармоого үндөйт.

Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз бир кишинин жолго түкүргөнүн көрүп, нурдуу жүзү кубарып, ачууга буулугуп, ордунан жылбай туруп калат. Алла элчисинин абалын айттырбай түшүнгөн сахабалар жолдогу түкүрүктү кум менен жаба салгандан кийин гана пайгамбарыбыз өзүнө келип, сапарын уланткан экен.

Айлана чөйрөнү таза кармоо - бир гана мамлекеттин эмес, а ар бир жарандын милдети. Келгиле коомдук жайларды таза кармайлы!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү