Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 июнь 2017г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:05
Аср
18:22
Шам
21:07
Куптан
22:23

Жетимдерди жана колунда жокторду мээримине алган Абдышүкүр ажы Джураев
Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Жеке архив / Жарыяланды: 18 апрель 2017

Кыргыз эли берешен жана кайрымдуу уулдары менен сыймыктанса болот. Алардын бири - Ош шаарынын тургуну, коомдук ишмер Абдышүкүр ажы Джураев. Ал 6 жылдан бери кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. Ал эми өзү ишкерлик менен алектенип, досторун жана кесиптештерин да жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүүгө үндөйт. Алардын арасында эл өкүлдөрү да бар. 6 жыл аралыгында Абдышүкүр мырза кайрымдуу адамдардын башын бириктирип, колунда жок үй – бүлөлөргө жана балдар үйүнө бир топ колдоо көрсөтө алышты.

%article_title%

“Ошто 3 балдар үйү бар. Биз ошол кароосуз калган балдардын ар бири менен индивидуалдуу түрдө иш алып барабыз. Кийим-кече, тамак-ашы менен камсыздап, кайсы бала эмнеге кызыгары, келечекте кандай кесиптин ээси болгусу келерин аныктап, ошого жараша ар бирине колдоо көрсөтөбүз. Ошондой эле, аларды кино, театр, Оштун кооз жердерине алып барып, экскурсия уюштуруп турабыз. Кыскасы, өз балдарыбызга кандай камкордук жасасак, аларга да ошондой мамиле кылууга аракеттенебиз”, - дейт Абдышүкүр Джураев.

%article_title%

Эми алдыда Абдышүкүр ажы баштаган кайрымдуу адамдардын тобу дагы бир чоң ишти баштоо алдында турушат. Алар Оштогу балдар үйүндө тарбияланган 100 баланы турак жайлуу кылууну пландашууда:

“Ишти буюрса баштап алдык. Ар бир балага банктан эсеп ачтык. Ал жакка жардамга кол сунгусу келгендер акча которушат. Кийин балдар чонойгондо ар бирине 1 бөлмөлүү үй белек кылабыз”.

%article_title%

Абдышүкүр ажыны өз шаарында абдан жакшы таанышат. Анын Ошто Бадана (мурда Достук Халал) чайханасы колунда жокторду жана согуштун ардагерлерин акысыз тамактандырат. Ал элди ыйманга, Куран окууга чакыруу максатында Куранды жатка айткандарды да акысыз тамак менен сыйлоону чечкен.

%article_title%

“Рамазан айларында колунда жоктордун тизмесин топтоп алып, ишенимдүү адамдарым аркылуу Ошко эле эмес, Бишкектегилерге да колумдан келген жардамды жеткирип турам. Негизи, кайрымдуулук - өтө сооптуу иш. Бардык мекендештеримди кайрымдуу болууга чакырам”,- деген ою менен бөлүштү Абдышүкүр Джураев.
Кошумчалай кетсек, ал мындан 3 жыл мурун Ош тургундарына 1000 кишилик мечит салып берген.

1 / 7