Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Марк Цукербергдин мусулмандар тууралуу жазган посту 2 күндө 138 000 лайк алды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 1 май 2017

Facebook социалдык тармагынын генералдык директору Марк Цукерберг Мичиган штатынын Дирборн шаарынын мусулман студенттери менен жолугуп, маек курган. Андан соң ал Facebook`тагы баракчасына студенттер менен болгон маеги туурасында жазган. Пост жарыялангандан 2 күн ичинде 138 000ден көп лайк, 10 000 комментарий алып, 12 000 жолу бөлүшүлгөн.

%article_title%

Марк Цукерберг мусулман студенттеринин өз өлкөсүндө, андан соң Америкага келгенден кийинки жашоо - турмушу тууралуу сүйлөшкөн. Палестина, Иордания, Ирактык студенттер өз өлкөсүндө чоң коркунуч менен жашашкандыктары, үйлөрүн бомбалаган учурда апаларынын кучагына жашынышып, эң өкүнүчтүүсү, бул көрүнүштү токтотууга алардын күчү жетпестигин айтып беришкен.

Америкалык иммигранттар Америкага тынчтык издеп келип, бирок бул жактан да исламофобия менен күрөшүп жатышкандыктарын айтышкан.

“Мен бара-бара өзүмдүн араб жана мусулман кызы экендигим үчүн кечирим сурабоого үйрөнүп келе жатам. Дүкөндөрдө "актарды" алдыга өткөрүп, аларга кезек бошотуп берип, мусулмандар да жакшы адамдар экенин жүрүм-турумум менен далилдегенге аракет кылып жатам”, -деген америкалык мусулман кыз.

Дагы бир студент өзүнүн мугалиминин ага исламофобия менен күрөшүү туурасында берген кеңешин айткан.

“Америкадагы исламофобияны азайтуунун жолу бул көйгөйдүн бар экенин моюнга алып, элдер менен маектешүүдөн коркпой, башка темалардын айланасында диалог кургнага аракет жасоо зарыл. Пикир алышуу, бири-бирин түшүнүүгө аракет жасоо ортодогу барьерди талкалайт”, - деген профессор.

Америкалык мусулмандар Марк Цукербергге башкалар мындай көйгөй жок экендигин танып жатканда, ал Америкадагы исламофобияны ачык айткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Дирборн шаарында ливан жана палестиналык 40 000дей америкалык араб жашайт. Бул жер араб коомчулугуну борбору болуп саналат.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40