Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Мээримдуу тыйын”

Жарыяланды: 20 май 2017
%article_title%

“Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду 5-ирет 21 – майда саат 15:00дөн баштап "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда кең масштабтагы “Мээримдуу тыйын” акциясынын кутуларды ачуу салтанатын өткөрүп, шаарыбыздын тургундарын жана жалпы коомчулукту бул сооптуу иш чарага чакырат. Мүмкүн бизге билинбеген бир канча тыйын баарыбыздын колдообуз жана топтообуз менен канчалаган инсандарга жашоо тартуулайт.

Бул акциянын максаты тагдырдын оор сыноосуна кабылган жарандарыбызга кайдыгер карабай, колубуздан келген жардамды берүү болуп саналат. Бул убакытка чейин көптөгөн бейтаптар акциядан чогулган каражат аркылуу ийгиликтүү операция болушуп, алкыштарын айтып келишет.

Аталган акциядан топтолгон каражат фонддун каттоосунда турган оор операция талап кылынган мекендештерибизге жумшалат.

Сиздерди бул иш-чарага катышып, жалпы коомчулукка маалымдап берүүңүздөрдү суранабыз.

Бириккен Улуттар Уюумунун Түштүк-Түштүк кызматташуу программасынын демилгеси менен биздин Элим Барсыңбы Коомдук кайрымдуулук фондубуздун “Мээримдүү тыйын” иш чарабыздын өзг өчө жана уникалдуулугуна басым жасап КМШ, чыгыш Европа жана Араб өлкөлөр арасында өрнөк катары көргөзүү жана жайылтуу максатында өздөрүнүн сайтына жайгаштырышты.

http://southsouthworld.org/solution/view?id=292

Маалымат үчүн: 2017-жылдын 21 - майда коомчулукка таратылган кутучаларды ачуу, эсептоо аземи “Аю Гранд Комфорт” соода борборунда кыргыз эстрада ырчылары, аниматорлор, фокусниктер жана белгилүү алып баруучулардын конкурсатарынын коштоосунда концерттик кече менен жыйынтыкталат.

Урматыбыз менен,

«Элим барсынбы?» коомдук кайрымдуулук фонду

Сурап билуу телефондору: 0772 55 20 15, 0772 00 20 15

e-mail.: elimbarsynby@gmail.com

%article_title%



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
25 апрель 2024г.
Багымдат
4:18
Күндүн чыгуу
6:05
Бешим
13:00
Аср
17:52
Шам
19:59
Куптан
21:14