Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Жарыя / Архив
2022
12
май
“Хадижа” окуу борбору айымдарды 14-15-май күндөрү орус жана кыргыз тилдеринде өтүлчү кезектеги лекцияларына чакырат. Бул тууралуу аталган клубдун маалымат кызматы билдирди.

1) Ишемби күнкү лекция “О чём говорит моя одежда?” деген темада орус тилинде өтөт.

Лекция спикери – Бермет Муратбекова

Кирүү: акысыз
Күнү: 14-май
Убактысы: 10:30-12:00
Дареги: Имам Сарахси атындагы борбордук мечит (Жибек-Жолу, 264)

2) Жекшемби күндөгү лекция кыргыз тилинде “Аялга бейиштик жол – жолдошуна баш ийүү” деген теманын алкагында болмокчу.

Лекция спикери – Матраимова Гүлмайрам
Кирүү: акысыз
Күнү: 15-май
Убактысы: 10:00-12:00
Дареги: Имам Сарахси атындагы борбордук мечит (Жибек-Жолу, 264)

Алдыда боло турчу иш-чаралар, лекциялар жөнүндө кеңири маалыматты биздин баракчадан окуп туруңуздар.



2017
20
июн
"Оомат, кут айы орозо" аттуу жаш акындардын концерти
"Сейтек" улуттук балдар борбору
Ыйык Рамазан айынын урматына жаш акындар тобу "Оомат, кут айы орозо" аттуу концерт тартуулайт.
Башталышы - 20-июнда "Сейтек" улуттук балдар борборунда саат 15.30да. Келип, көңүл ачып кетиңиздер!
5
июн
Кыздарга арналган жайкы лагерь
Бишкек
Урматтуу, ата-энелер!
Кыздарыңызга көңүлдүү жана пайдалуу эс алуу тартуулагыңыз келеби? Анда Бишкекте “Нахла Хайрия” фонду тарабынан уюштурулуп жаткан жайкы лагерди карап көрүңүз.
Лагерде кыздар оратордук чеберчилик, кулинария курстарын алышып, кызыктуу оюндарды ойношот.
Каттоо башталды. Баасы – 5000 сом
8 жаштан 14 жашка чейинки кыздарыңызды 5-июндан 23-июнга чейин эс алууга жибериңиз.
Сурап-билүү телефону: 0777 707 650 0550 758 250 0705 620 479
20
май
"Аю Гранд Комфорт" соода борбору
“Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду 5-ирет 21 – майда саат 15:00дөн баштап "Аю Гранд Комфорт" соода борборунда кең масштабтагы “Мээримдуу тыйын” акциясынын кутуларды ачуу салтанатын өткөрүп, шаарыбыздын тургундарын жана жалпы коомчулукту бул сооптуу иш чарага чакырат. Мүмкүн бизге билинбеген бир канча тыйын баарыбыздын колдообуз жана топтообуз менен канчалаган инсандарга жашоо тартуулайт.
Бул акциянын максаты тагдырдын оор сыноосуна кабылган жарандарыбызга кайдыгер карабай, колубуздан келген жардамды берүү болуп саналат. Бул убакытка чейин көптөгөн бейтаптар акциядан чогулган каражат аркылуу ийгиликтүү операция болушуп, алкыштарын айтып келишет.
Аталган акциядан топтолгон каражат фонддун каттоосунда турган оор операция талап кылынган мекендештерибизге жумшалат.
Сиздерди бул иш-чарага катышып, жалпы коомчулукка маалымдап берүүңүздөрдү суранабыз.
Бириккен Улуттар Уюумунун Түштүк-Түштүк кызматташуу программасынын демилгеси менен биздин Элим Барсыңбы Коомдук кайрымдуулук фондубуздун “Мээримдүү тыйын” иш чарабыздын өзг өчө жана уникалдуулугуна басым жасап КМШ, чыгыш Европа жана Араб өлкөлөр арасында өрнөк катары көргөзүү жана жайылтуу максатында өздөрүнүн сайтына жайгаштырышты.
http://southsouthworld.org/solution/view?id=292
Маалымат үчүн: 2017-жылдын 21 - майда коомчулукка таратылган кутучаларды ачуу, эсептоо аземи “Аю Гранд Комфорт” соода борборунда кыргыз эстрада ырчылары, аниматорлор, фокусниктер жана белгилүү алып баруучулардын конкурсатарынын коштоосунда концерттик кече менен жыйынтыкталат.
Урматыбыз менен,
«Элим барсынбы?» коомдук кайрымдуулук фонду
Сурап билуу телефондору: 0772 55 20 15, 0772 00 20 15
e-mail.: elimbarsynby@gmail.com
14
май
"Мээримдүү тыйын"
Бишкек парк
"Элим барсыбы?" коомдук кайрымдуулук фонду Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Абазбек Апиев менен 6-майдан 14-май арасында "Бишкек парк" соода борборунда "Дүйнө балдардын көзү менен" атуу сүрөт көргөзмөсүн уюштурат. Бул көргөзмөдө Абазбек Апиевдин жеке эмгектери жана жетим балдардын тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат. Чогулган каражат балдар үйлөрүнө сарпталмакчы. Келип искусствого күбө болуп жана балдардын келечегине салым кошуп кетиңиз.
13
апр
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду жана Кыргызстан Ислам Университети менен биргеликте жалпы Кыргызстан элин тынчылыкка, маданияттуулука жана эң негизгиси ыймандуулукка үндөп, бир нече жылдардан бери уланып келаткан маданий иш-чараларды уюштурууда.
Президентибиз 2017-жыл “Ыймын, адеп жана маданият жылы”- деп жарыялады. Жарлыка ыйлайык адамдын жан дүйнөсүн байытып, асыл сапаттарды ойготкон Республикалык Курани карим окуу конкурсу, Пайгамбарыбыздын туулган айына арналган Мавлид маданий иш-чарасы жана “Ыйман адеп – жаркын келечек” аттуу китеп окуу конкурсунун сыйлыктарын берүү аземи өтмөкчү.

1. Курани Карим окуу конкурсу 13.04.2017-жылы саат 09:00дө башталат.

2. Пайгамбарыбыздын туулган айына арналган Мавлид маданий иш-чарасы
14.04.2017 саат 18:00 ,
15.04.2017 саат 10:00 айымдар үчүн,
15.04.2017 саат 18:00.

3. “Ыйман, адеп – жаркын келечек” аттуу китеп окуу конкурсун жыйынтыктоо аземи 16.04.2017 саат 15:00 дө башталат.
Жогорудагы иш-чараларгадын баары Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда болот. Келип ардактуу коногубуз болуп кетиңиздер.
2
апр
2017 “ЫЙМАН, АДЕП ЖАНА МАДАНИЯТ” ЖЫЛЫНА КАРАТА “ЫЙМАН-АДЕП – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!” АТТУУ КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ.
Урматтуу Кыргызстандыктар:

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;

Кыргызстан ислам университети;

Адеп Башаты прогрессивдүү фонду.


2017 “ЫЙМАН, АДЕП ЖАНА МАДАНИЯТ” ЖЫЛЫНА КАРАТА “ЫЙМАН-АДЕП – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!” АТТУУ КИТЕП ОКУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ.


КОНКУРС 3 КИТЕПТИН НЕГИЗИНДЕ ӨТӨТ:

1- Ислам Негиздери
2- Пайгамбарыбыз- Тынтыктын жарчысы
3- Орус тилинде Лучшая из женщин Достопочтенная Хадиджа


* Конкурска катталуу 2017-жылдын 1-февралынан баштап 25-мартына чейин жүргүзүлөт.
* Конкурстун сынагы республика боюнча 2-апрелде өтөт.
* Сыйлык тапшыруу аземи 2017-жылдын апрель айында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

* Жеңүүчүлөргө умра сапарына жолдомо жана акчалай сыйлыктар берилет.




КАТТАЛУУ ҮЧҮН
1) ТЕЛЕФОНДОР: (0779) 87 4968, (0559) 87 49 68, (0705) 87 49 68.
2) Whatsapp номуру: (0704) 87 49 68
3) ошондой эле www.oku.biz.kg сайты аркылуу катталыңыздар!
Намаз убактылары
11 сентябрь 2024г.
Багымдат
5:00
Күндүн чыгуу
6:37
Бешим
12:58
Аср
17:27
Шам
19:23
Куптан
20:57
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов