1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата "Умма" ислам журналынын демилгеси менен Бишкек шаарында 2-ирет бейформал тегерек стол өттү. Иш-чарага коомдун активдүү мүчөлөрү болгон айымдар- депутат, укук коргоочу, окутуучу, дизайнер, ишкер, журналисттер жана студенттер, жоолук салынгандар жана салынбагандар катышып, коноктордун саны 300гө жетти. Тегерек столдун уюштуруучусу, "Умма" журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарованын айтымында, иш-чаранын башкы максаты - коомдогу жоолукка байланыштуу айрым пикир келишпестиктерди жоюу, диалогго чакырган аянтча түзүү, жоолукту бир гана диний аспекттен эмес, ар тараптан карап, талдап көрүү.