Ыйык Курман Айт майрамынын урматына “Умма” коомдук кайрымдуулук фонду мээримдүүлүк акциясын жарыялаган. 2-сентябрь күнү кайрымдуу мекендештерибизден түшкөн курмандык этин жана чогулган каражаттарды таратуу үчүн аталган фонддун өкүлдөрү жана ыктыярчылар Карл Маркс айылындагы “Аль-Бухари” жана Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка балдар үйүнө зыяратка барышты.
Мекендештерибизден түшкөн курмандык эттери “Аль-Бухари” балдар үйүнө жеткирилди.
“Умма” фондунун өкүлдөрү жана ыктыярчылар зыяраттарын андан ары Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө улантышты. Жер-жемиш, таттуулар, белектер жана чакан көңүл ачуучу программалар менен бул күнү алар балдар үйүнүн тарбиялануучуларына унутулгус күн белек кылышты.
Аталган балдар үйүндөгү тарбиялануучулар өтө жароокер, алдыга койгон чоң максаттары бар балдар экен.
Военно Антоновкадагы балдар үйү 1946-жылдан бери иштеп келет. Азыркы учурда ал жакта 115 бала жашайт.
Балдар үйүнүн кызматкери балдарга эң негизгиси мээрим жетишпей турганын баса белгиледи.
Тарбиячы:
“Умма” фондунун өкүлдөрү балдар менен жакындан таанышып, түрдүү оюндарды ойношту.
Ошондой эле, ыктыярчылар балдарга Курман айттын маани-маңызы жөнүндө айтып беришти.
Фонддун чет өлкөлүк ыктыярчысы Назим Хан:
Баарынан да балдар менен коштошо турган учур оор болду. Алар ыктыярчыларды кетиргилери келбей, эже-байкелерин "Дагы качан келесиңер?" деген суроолуу көздөрү менен узатышты.
16 ноябрь 2023
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
31 июль 2023
21 июнь 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
9 июнь 2023
1 июнь 2023
13 май 2023
13 май 2023
14 апрель 2023
6 ноябрь 2022
22 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022