Келе жаткан дем алыш күндөрүн, тагыраагы, 30-сентябрь жана 1-октябрды бишкектик эже-сиңдилерибиз пайдалуу жана жагымдуу атмосферада өткөрө алышат. 30-сентябрда Москвадагы мигрант кыз-келиндердин башын бириктирген, мекендешибиз Шахризада Аданова жетектеген “Айым” клубу баардык каалоочуларды пайдалуу тренингге чакырат.
Ал саат 15.30да Бишкектеги Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган “Берекет” бизнес борборунда өтөт. Тренингдин алкагында Шахризада айым чет өлкөдө, анын ичинде Москвада кайсы кесиптер талапта, XXI кылымдын айымдары кандай жумуштарда иштесе боло тургандыгын айтып берет. Жолугушуунун 2-бөлүгүндө белгилүү бизнес-тренер Аксана Рыскулова “Аялзаты үй-бүлөдө, бизнесте өзүн өзү өнүктүрүү жана ден соолукка кам көрө билүү” темасында баяндайт.
Шахризада Аданова Москвада 4 жылдан ашык жашап, бөтөн жерде өз ордун тапкан ийгиликтүү айымдар менен жолугушуп, пикир алышкан. Жолугушууда ал “Айым” клубу тууралуу да айтып бермекчи.
Ал эми бизнес-тренер Аксана Рыскулова - бир топ тармакта өзүн сынап көргөн мол тажрыйбалуу айым. Убагында ал Роберт Киосаки, Брайан Трейси, Жон Грей атуу белгилүү бизнес-тренерлерден сабак алып, өзүн өзү өнүктүрүүгө 1 миллион сом жумшаган.
“Айым” клубу өткөрүп жаткан бул тренинг акысыз болуп, кофе-брейк үчүн катышуучулар жанына 100 сом ала келүүсү зарыл. Уюштуруучулар орундар чектелүү экендигин айтышат. Байланыш номери: 0776402285.
Ал эми 2-күнү, 1-октябрда, айымдарга “Ала-Арча” эс алуу паркында “Тоо тренинги" сунушталат.
Программада:
✔Бийиктикти багынтуу;
✔Кармап турган ички күчтү ачуу;
✔Мөңгүүнүн суусуна түшүү;
✔Табигаттан күч - кубат алуу;
✔Ойду башкаруу боюнча тренингтер;
✔Йога;
✔ Жаратылыш койнунда эс алуу каралган.
Аталган тренинг жол кире, тамак-ашын эске алып, 800 сом.
Орундар чектелүү!!!
Катталууга шашылыңыздар!!!
0700965719.
0776110231
16 ноябрь 2023
29 сентябрь 2023
29 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
31 июль 2023
20 июль 2023
21 июнь 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
30 май 2023
30 май 2023
13 май 2023
13 май 2023
17 январь 2023
6 ноябрь 2022
21 сентябрь 2022
2 сентябрь 2022