Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
23 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:23
Күндүн чыгуу
08:03
Бешим
12:48
Аср
15:51
Шам
17:38
Куптан
18:53
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


Тапкыч мекендешибиз, "аль-Сафар" жайнамазынын автору - Абай Исмаилов
Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 18 октябрь 2017

Кыргызстанга жайнамаздар көбүнчө Түркия, Кытай, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн импорттолот. Акыркы 5 айдан бери 23 жаштагы Абай аттуу мекендешибиздин аркасында кыргызстандыктар камыштан жасалган ыңгайлуу ата мекендик жайнамазды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Абай чыгарган “аль-Сафар” жайнамазы чет өлкөлөрдөн импорттолгон жайнамаздарга мыкты атаандаштык жаратып, өлкө аймагына акырындык менен жайыла баштады. Камыштан тигилген, жанга алып жүрүүгө ыңгайлуу, башкалардан кыйла эле өзгөчөлөнүп турган жайнамазды чыгаруу идеясы Абайга кантип келгенин автордун өзүнөн уктук.

null
"аль-Сафар" сөзү "сапар" дегенди түшүндүрөт. Бул жайнамазды жаныңызга сала жүрүп, кайда болбосун, намаз окууга өзүңүзгө ыңгайлуу шарт түзө аласыз

Автордон:

Алгач Абай менен биз “Умма” журналынын редакциясынан таанышканбыз. Жайында ал биздин журнал тууралуу угуп, өзүнүн продукциясы жөнүндө айтып берүүгө келген. Ал убакта Абай бул ишин жаңы баштап, элге таанытуу аракетин кылып жүргөн кези экен. Ошондо көтөрүп келген чоң кара сумкасын ал бүгүн да интервьюга ала келиптир. Мунун себеби, ал күнүгө жанына бир нече жайнамаз сала чыгып, ыңгайы келген жерлерде айтып берип, ал эми кээде буйрутмаларды өз дарегине жеткирип берет. Абайдын бизге берген маегинен анын ар дайым кайсы бир идеянын үстүнөн ойлонуп, тынымсыз эмгектенип жүргөнүн байкоого болот. Анда эмесе сөз башынан болсун.

- Ассаламу алейкум, Абай! Ойлоп табуучулукка жакын окшойсуз?

null
Жумуш убактыбыздын көбүн алгандыктан, бизге кубаныч тартуулган кесипти тандообуз керек

- Валейкум ассалам! Ооба, мен жаңы нерселердин үстүнөн иштегенди жакшы көрөм. Адамга пайдалуу, жашоону жеңилдеткен, убакытты үнөмдөгөн иштерди жасагым келет. Мен өзүмдү ойлоп тапкычмын дебейм. Анткени дүйнөдө жок, эч ким жасай элек нерсени жаратып жаткан жокмун. “Идеядан дагы бир жаңы идея жаралат” деп коет эмеспи, анын сыңарындай, ар кайсы жактан көргөн, уккан билген маалыматтарды бириктирип, жаңы нерсени жасап көргүм келет.

- Бизде жайнамаздардын ар кандай түрлөрү бар. Бирок ошолордун арасынан сиздики бир топ эле өзгөчөлөнөт экен. Сыртынан караганда чакан сумканы элестет, ичи камыш, жаныңа алып жүрүүгө ыңгайлуу, салмагы да жеңил экен. “Аль-сафар” жайнамазынын тарыхына токтолсоңуз.

- Рахмат. Университетте окуп жүргөндө намаз окууга ыңгайлуу жай жок эле. Бош аудиторияларга кире калып окучумун. Дайыма жайнамазды жаныма салып жүрөт элем. Ошол жылдары жаныңа алып жүрүүгө ыңгайлуу жайнамаз чыгарсам деген ой бар болчу. Анткени мусулмандар 5 убак намазды дайыма үйдөн эле окуй бербейт. Жумушта, жолдо, жаратылыш койнунда, айтор ар кайсы жерге туш келип калышы мүмкүн. Сумканын ичин кирдетпеген, ыңгайлуу жайнамаздын болушу жеке өзүмө да абдан маанилүү эле. Мен негизи түрдүү ойлорумду досторум менен бөлүшө берем. Бир күнү Германияда окуган бир досум мага сапарга ылайыкталган жайнамаз белек кылып, “Сен да ушул сыяктуу жайнамаз ойлоп таппайсыңбы” деп калды. Мына ошол досум түрткү берип, анан идеямды ишке ашырдым.

null
Абайдын жайнамазын ата-мекендик ырчылар да колдошот

- Өзүңүз жаңы гана окууну бүткөн студент болсоңуз, оюңузду ишке ашыруу канчалык оор болду?

- Мен негизи жайнамазга чейин деле түрдүү долбоорлорумдун үстүнөн иштеп жүрчүмүн. Окуудан тышкары кошумча жумуштарда иштеп, андан тапкан акчаны идеяларды ишке ашырууга салчумун. Ал эми жайнамазга токтолсок, ошол учурда фейсбук социалдык тармагы аркылуу “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” деген долбоорду көрүп калып, катышып көрүүнү чечтим. Аталган долбоорго бир нече бизнес-долбоорлор катышып, алардын 5өө каржыланды. Ошол 5 долбоордун арасына менин жайнамазым да кирди. Бул долбоор аркылуу мен “Эмарк строй” компаниясынын башкы директору Чолпонбек Акматов байке менен таанышып, анын колдоосуна да ээ болдум.

- Бул жайнамаздын кандай өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүгө болот?

- Биринчиден “аль-Сафар” жайнамазы сумкага салып жүрүүгө ылайыктуу, өзүн деле көтөрүп алсаңыз болот. Экинчиден, ал ар дайым таза, анткени тыкан сырткы кабы сумкаңыздын ичин кирдетип коюуга жол бербейт. Үчүнчүдөн, жайнамаз камыштан жасалгандыктан, жыты да жагымдуу болот. Эгер суу тийип, нымдалышып бүктөлүп калса, көгөрүп кетпейт. Жайып, кургатып койсоңуз калыбына келип калат. Төртүнчүдөн, ал жумшак болуп, кийимиңизге да кам көрөт (кийимдин тизе, чыканакка туш келген жерлеринин чыгып кетишин алдын алат).

- Кайсы жерлерден сатып алууга болот?

- Борборубуздагы мечиттердин жанындагы дүкөндөрдөн тапса болот. Буйрутма берүүнү каалагандарга 0703 566 966 номери кызматта.

- Бүгүн дагы башкача жайнамазды көтөрө келипсиз...

- Ооба, муну да жакында эле иштеп чыктым. Дизайны боюнча биринчиден бир аз айырмаланып турат, анан эң негизгиси, суу өткөрбөйт.

- Баса, буга чейин да долбоорлорумду ишке ашыргам дедиңиз. Эмне болгон долбоорлор эле?

- Акчаны туура колдонууга анан көрүү эс тутумун жакшыртууга арналган оюн карточкаларын жасадым эле. Ишке ашырганым менен тажрыйбанын аздыгынан улантып кете алган жокмун. Бирок келечекте идеясын дагы жакшыртып, ишке ашыруу планда бар.

null
Абайдын оюндагы "кашык-вентилятор

- Өзүңүз бир нече идеянын үстүнөн ойлонуп жүрөт окшойсуз?

- Ооба, менде идея көп, бирок акча жок (күлүп). Ошол башымдагы болгон ойлорумду акча болгондо ишке ашырам деп блокнотко сүрөт кылып тартып коем.

- Ошолордун бирөөсүн айтып бербейсизби...

- Эң күлкүлүүсүн айтып берейин. Досторум муну уккан сайы боорлору эзилгиче күлүшөт. Менин жездем кант диабети менен ооругандыктан, шекер колдонбойт. Бирок чайды суутуу үчүн кашык менен аралаштырат. Биз шекер колдонгондуктан, аны эзгенче аралаштыра беребиз. Мен жездемди карап отуруп, “вентилятор-кашык” жасасамбы деген оюмду досторума айттым эле. Кашыкты чайга салып, баскычын иштетип койсо, саналуу секунддардан кийин чай бир аз сууй түшөт. Убактың да коробойт (күлүп). Дегеним, бир нерсени карап, мисалы, бул чай ичкен стаканды деле карап, “муну дагы кандай ыңгайлаштырса болот” деп ойлоно берүүгө болот. Мындан башка 2-3 долбоорумду азыр бышырып жүрөм. Буюрса, жаз айы менен аларды ишке ашырганга активдүү кирише баштайм.

- Демек, сизди алдыда өндүрүш тармагынан көрө алат экенбиз да?

- Ооба. Мен мекенимдин уулу катары элиме кызмат кылгым келет. Ал кызматыма чыгарган продукцияларым аркылуу күбө боло аласыздар.

- Маегиңизге рахмат! Ойлоруңуз орундалышына тилектешпиз.



Башка жаӊылыктар
Кыргызстандын дин аалымдары Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
16 ноябрь 2017
Араб тили жана теология факультеттеринин арасында «Адам көркү адеп» аттуу конкурс өтөт
2 ноябрь 2017
Фисабиль: Адамды күчтүү кылган 3 өзгөчөлүк
2 ноябрь 2017
Мекендешибиз триатлон боюнча эл аралык жарышта медалга татыды
23 октябрь 2017
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
20 октябрь 2017
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатына мүчө болду
19 октябрь 2017
Айымдар арасындагы куран жарышына каттоо жүрүүдө
17 октябрь 2017
Кыргызстан Ислам Университетинде кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү
16 октябрь 2017
"Балдарды Ислам негизинде тарбиялоо" атту баянга чакыруу
13 октябрь 2017
КИУда "Ыймандуулук жана патриоттуулук" атту тегерек стол өткөрдү
11 октябрь 2017
Меккеде, Каабанын жуу аземи өттү
9 октябрь 2017
Кыз куран курсу "өзүңүзгө ыңгайлуу убакытты тандап окуңуз" программасына чакырат
5 октябрь 2017
ЖАРЫЯ! Муфтият жана Кыргыз Туусу басма үйү мектеп окуучулары арасында «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу конкурс жарыялайт
2 октябрь 2017
ККФ "Нахля хайрия" айымдарга арналган лекцияга чакырат
28 сентябрь 2017
Мыктыбек ажы Арстанбектин ajyke.kg сайты ишке кирди
28 сентябрь 2017
Кувейттен келген дарыгерлер акысыз операцияларды жасашат
25 сентябрь 2017
Жаш мусулман жигит жаныбарлага протездерди ойлоп табууда
22 сентябрь 2017
Боз үй Дохада өткөн эл аралык кѳргѳзмѳдө эң чоң кызыгуу жараткан экспонат болду
22 сентябрь 2017