Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Космостогу "Росетте Небула" Куранда кызыл роза катары баяндалган

Автору: Рисале-и Нур чыгармалар жыйнагынан которулду / Жарыяланды: 23 октябрь 2017

Ыйык Куран мындан 1400 жыл мурун илим, техника өнүгө элек заманда ааламдагы таң каларлык кубулуштарды так, таасын баяндаган. Ошолордун бирине токтолсок.

Рахман сүрөсүнүн 37-аятында Жараткан Аллах Таала минтип айткан:

“Асман жарылып, түтүн сыяктуу кыпкызыл болгондо”.

null

Бул аятты талдоодон мурда андагы айрым сөздөрдү анализдеп көрөлү. Аяттын башында “изен” деген келер чактын мүчөсү шарт маанисин түшүндүрөт. “Сен көрдүң” деген көмүскө этиш болсо, тагыраагы, сен көргөн кезде деген маанини туюндурат. Дагы бир жагдай, бул аятта “Иншеккат” сөзү колдонулуп жатат. Иншеккат болсо жарылуу дегенди түшүндүрөт. “Эддихан” деген сөзгө токтолсок, ал арапчада 2 мааниде колдонулат. Биринчиси, бул - “алоолонгон ысык май”, экинчи мааниси - “кыпкызыл болуп боелгон тери”.

Эми бул анализдерден соң аятты кайрадан чечмелөөгө аракет жасайлы. “Эгерде асман жарылса, сен аны кыпкызыл болуп боелгон таризде же ысык майга окшогон роза сыяктуу көрөсүң”. Бул аятты бир топ аалымдар кыямат кайым келген кездеги асмандын абалы катары чечмелешкен. Анткени асмандын жарылуусу аларга кыяматты эстетип, элестеттирген.

Ал эми азыр биз муну, тагыраагы, асмандын жарылуусун, атмосфераны тешип өтүп, космосту көрүү сыяктуу түшүнө алабыз. Телескоптордун жардамы менен асмандын ары жагындагы нерселерге назар салууга мүмкүн болуп калды. Мына ушул багытта аяттын мааниси “Эгер сиз асманды жарып, космоско барууга күч жумшасаңыз же болбосо ойлоп тапкан куралдарыңыз менен асмандын ары жагында эмне бар экендигин изилдей турган болсоңуз, анда сиз роза өңүндөгү алоолонгон майды көрөсүз деген мааниге келет.

Анда эмесе эриген май сыяктуу кыпкызыл роза деген эмне? Кааласаңыз бул темада илимпоздорун жана космос изилдөөчүлөрдүн айткандарына орун берели.

“Небула” бул - космосто табылган жана кенен мейкиндикке жайылган газ, чаң, суутек, гелий жана башка иондолгон газдардан турган түзүлүштөргө берилген ысым. Бул газдардын атылып чыгышы болушунча чоң ылдамдыкта. Атылып чыккан газдар бири-бирине жакындашып, газ булутун түзүшөт. Анын температурасы 15.000 градустан жогору болот экен.

Чындыгында, бүгүнкү күндө жасалып жаткан космос изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында, изилдөөчүлөр аятта айтылгандай эриген май сыяктуу кыпкызыл роза өңүндөгү Небуланы таап чыгышты. Албетте, бул Небула роза гүлүнө окшош болгондуктан окумуштуулар ага “гүлгө окшош” деген маанини туюндурган “Росетте Небула” ысымын беришкен. Росетте Небула газ жана чаңдан туруп, жерден болжол менен 5,200 жарык ылдамдыгы аралыгында, диаметри болсо болжолдуу 130 жарык ылдамдыгына барабар экен. Сырткы көрүнүшүнө келсек, ал Куранда эскерилген эриген май сыяктуу кыпкызыл розаны элестетет.

Бүгүнкү күндөгү өнүккөн технологиянын жардамы менен табылган мындай факт илим-билим, техника болбогон кылымда, окуп-жазууну дагы билбеген адам тарабынан айтылышын сиз кандай түшүнөсүз? Албетте, бул - мүмкүн эмес нерсе. Андай болсо Куран Аллахтын сөзү экендигин, бул сөздү Анын пайгамбары алып келгендигин кабыл алышыбыз керек. Ишендик жана моюн сундук.



Башка жаӊылыктар
Жарыя! И.Арабаев атындагы КМУнун теологиялык колледжи 2018-2019-жаңы окуу жылына карата мугалимдик орундарга конкурс жарыялайт
19 июль 2018
Баткендик жаштар “Чет-Булак” айылына заманбап мечит куруп беришти
17 июль 2018
Түркмөнстанда спирт ичимдигин сатууга тыюу салынууда
17 июль 2018
Ысык-Көл облусунун Корумду айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт
16 июль 2018
Кыргызстандагы эң чоң мечитти иштетүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду
13 июль 2018
Мекендешибиз Каным АКШда өткөн таяк тартыш боюнча эл аралык мелдеште 3-орунга татыды
12 июль 2018
Оштун Кара-Суу районунда заманбап үлгүдөгү медресе ачылды
11 июль 2018
Казыяттын демилгеси менен Алайда 100 үй-бүлөгө таза суу чыгарылды
4 июль 2018
Бишкекте 10 миң кишиге ылайыкталган мечиттин курулушу аяктады
2 июль 2018
Сауд Аравияда аялдар алгач ирет рулга отурушту
25 июнь 2018
Орозодо "Катар кайрымдуулук уюму" 6 миллиондой сомго кайрымдуулук кылышты
20 июнь 2018
Бүгүн Ош шаарында "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
4 июнь 2018
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясы Оштогу айылга заманбап медпункт курат
29 май 2018
“Жашыл Ай” коомдук фонду окуучуларды жайкы “Ыйман” лагерине чакырат
28 май 2018
Орозодо Нарын казыяты «Рамазан Чатырын» тигип, күн сайын ооз ачтыруу уюштурууда
24 май 2018
Ысык-Көлдө заманбап шарттар менен жаңы мечит курулуп, ишке берилди
9 май 2018
Ошто Рамазандын алдында 2 күндүк медициналык акция өтөт
7 май 2018
Жарманкеге келип, балдар үйүнө жардам бериңиз
19 апрель 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 июль 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:08
Аср
18:20
Шам
20:23
Куптан
22:12