Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

10 айдын ичинде "жарым темир айым" титулуна жеткен Бегимай Алыбаева

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 27 октябрь 2017

Жакында, тагыраагы, 15-октябрда Бегимай Алыбаева Түркиянын Анталия шаарында өткөн триатлон боюнча эл аралык жарышка катышып, тиешелүү дистанцияны татыктуу басып өтүп, “Жарым темир адам” титулун алды. “Умма” журналынын жамааты Бегимайды куттуктап, “Жарым темир” мекендешибиз менен маек куруп келди.

Бегимай Алыбаева буга чейин да “Умма” журналына маек куруп, триатлон менен машыкканына 10 гана ай болгонун айткан. Менин алгачкы эле суроом мындайча жаңырды: “Үй-бүлөңүздө спорт менен машыккандар бар окшойт. Же сиз табиятыңыздан эле күчтүү, спортко жакындайсыз...”. Бул суроого Бегимайдын жообу мени болуп көрбөгөндөй таң калтырды. Анткени каарманыбыздын үй-бүлөсүндө эч ким спорт менен машыкпайт экен. Бегимай өзү да мурда-кийин спортко аралашып көрбөптүр. Ал өзүн тескерисинче алсыз, 2-3 км чуркагандан кийин эле чарчап кала турган кыз катары сүрөттөдү. Эми элестетиңиз, мына ушундай жөнөкөй кыз 10 айдан соң 2 км аралыкка сүзүп, 90 км велосипедде, ал эми 21 километрди чуркап өтүп, эл аралык жарышта “Жарым темир” титулун алып келди. Эч кандай физикалык даярдыксыз, спорттун оор түрү эсептелген триатлонго кадам таштап, Бегимайдын өтө кыска аралыкта мындай жыйынтыкты кантип көрсөткөнү баарына эле кызык болсо керек.

null

- Бегимай, спорттун дал ушул түрү менен алектенгенге эмне түрткү болду?

- Спортко мени жан дүйнөм алып келди окшойт. Мен мектепти Көлдөн аяктап, Бишкекке жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн келгем. Башында шаар турмушуна анча көнө албай жүрдүм. Айылда жашоо, адамдардын мамилеси башкача. Бишкекке келип, өзүмдү пассивдүү сездим десем болот. Жан дүйнөмдө бир өзгөрүүнү каалап турдум. Ичимдеги энергиямды бир нерсе кылып чыгарышым керек эле. Активдүү жашоо образын кааладым. Ошентип, башында эртең менен чуркоону адат кылып алдым. Өзүмдү мыкты чуркаган адаммын деп айта албайм. Бир нече километрден соң бат эле чарчап калам. Бирок ошого карабай бул нерсе менен алектенүү мага жаккандыктан, аны таштаган жокмун. Өзүм коомдук транспортто, өзгөчө кичи автобуста жүргөндү жактырбагандыктан, кийинчерээк өзүмө велосипед сатып алдым. Велосипел тээп жүргөн адам бара-бара башка велосипедчендер менен да таанышат экен. Ошентип, менин чуркаган, велосипед тепкен домторум пайда болду. Жашоомдогу бул өзгөрүү мага жага баштады. Интернет тармактарынан велокоомчулук, түрдүү марафондорго жазыла баштадым. Маалымат издедим. Бир күнү интернетти барактап отуруп, бир макалага көзүм түштү. Ал макаланын “Кыргызстандагы алгачкы темир адам – Канат Келсинбеков” деген аталышы мени тартып алды. Мен андан ары кызыгып окуп жатып, триатлон деген сөзгө туш болдум. Триатлон бул - өзүнө чуркоо, велосипед тебүү жана сүзүүнү камтыган спорттун бир түрү. Макаланы окуп бүткөн соң аны көпкө чейин унута албай, ошол тууралуу эле ойлой бердим. Акырында бул спортко барышым керек дедим да, машыгуу залына жазылууну чечтим. Ошондо, эсимде, 4-декабрда залга барып, эшигин какканда, эшикти мени таң калтырган, триатлонду тандашыма себепкер болгон Канат Келсинбеков ачкан эле (күлүп).

null

- Бегимай, сиз эч кандай физикалык даярдыксыз, бул спортко барып, кантип көнүп, көтөрүп кеттиңиз?

- Менин оюмча, бардык кыйынчылыктарды менин ошол кездеги күчтүү каалоом, эйфория жеңип кетти деп ойлойм. Анткени, баштапкы көнүгүүлөр жаңы баштап жаткан мен үчүн оор болгондуктан, денем ооруп, жасай албай, “бул менин колумдан келбейт экен” деп таштап салмакмын. Бирок эйфориянын фонунда мен аларды сезген жокмун. Көбү “Сен алгач медициналык текшерүүдөн өттүң беле?” деп сурашат. Өзүм бул тууралуу такыр ойлонбопмун. Анткени өзүңө жаккан нерсени тапсаң, эч кандай оору, тоскоолдук дегенди билбей калат экенсиң.

- Жакында эле барып келген жарыш жөнүндө айтып берсеңиз?

- Триатлон менен машыгып баштаган соң жарыш тууралуу угуп, ага катышкым келип, даярдык көрүп жүрдүм. Негизи, спорт менен машыгып баштаганымдан бери кийим, шаймандар сыяктуу каражаттарга акчаны өзүм табам. Ал эми жарышка аттанарда мага бир канча сумма жетпей калды. Ошондо, мекендештеримдин колдоосуна муктаж болдум. Тааныш байке мага жардам берүүнү чечип, интернетке жарыялап, керектүү суммманы да топтой алдым. Бирок мен үчүн бирөөдөн жардам сураган абдан оор болду. Мекендештеримдин жардамын алган сайын абдан жаман болдум. Бирок дал ушул нерсе менин эл аралык жарышта “жарым темир адам” деген титулду алышыма түрткү болду го дейм. Балким өзүмдүн акчама барсам, бул титулду албайт белем, ким билет. Анткени чуркоо болобу, же сүзүү, велосипед тебүүбү, ар биринин кыйынчылыктары бар. Чарчайсың, орто жолдон таштап салгың келет. Жарышта баратканда менде да ушул сыяктуу ойлор болду, бирок мен бул жарышка өзүмдүн каражатым менен эмес, элимдин жардамы менен келгенимди, ар бир алган акчамды эстеген сайын улам күчкө толуп, жарым жолдо кала албайм деп өзүмө эскертип жаттым.

- Жарышта сизге моралдык жактан колдоо көрсөткөн бирөө жарым жаныңызда болдубу?

- Эжем Түркияда окугандыктан ал мени тосуп алып, жанымда жүрдү. Дагы бир кызыктуу жагдай, чуркап келе жатканда мени түрк байкелер сүрөп, колдоо көрсөтүп жатышты. Балким менин жоолук салынганымдан “мусулман карындашыбыз” деп боор тартып жатышты окшойт. Андыктан өзүмдү жалгыз сезген жокмун.

null

- Бегимай, жогоруда спортко инвестицияны өзүм кылам дедиңиз. Студент кызга бул оңой болбосо керек?

- Менин мүнөзүм - эч кимге финансылык жаткан көз каранды болбоо. Ата-энем деле колдоо көрсөткөнгө даяр. Бирок мен өз алдынча болууну каалайм. Окуудан тышкары кошумча жумуштарда иштейм. Анан акчаны сарамжалдуу колдонгонго аракеттенип, топтойм. Мисалы, ар кандай көңүл ачуучу иш-чараларга катыша бербейм. Кийимди деле түрлөп кийгенге кызыкпайм. Колдон келишинче үнөмдөп, мисалы, бул айда спорт бут кийимин, кийинки айда велосипедге керектүү шаймандарды алышым керек деп пландап турам.

- Машыгууга кайсы убакта барасың?

- Машыгуубуз күн сайын 2 маал- эртең мененки 6,30да анан кечке маал болот.

- Сизди сыртыңыздан көргөндөр спорт факультетнде окуса керек деп ойлошоттур. Эмне үчүн теология багытын тандап алдыңыз?

- Мен факультет тандап жатканда, жашоодо мага чыныгы туура багыт көрсөтчү, жакшы менен жаманды так айрымалоого түрткү бере турган билимди тандоом маанилүү эле. Ошондуктан, теологияны тандадым. Анткени, адамга эң керектүү билимди анын Жаратуучусу Аллах гана бере алат деп ойлойм.

- Келечекте сизди теологияданбы же спорт тармагынан көрөбүзбү?

- Башында мен бул факультетте окуумду өзүм үчүн гана, бирок бул тармакта иштебейм деп ойлочумун. Бирок азыр оюм өзгөрүлдү. Учурда Кыргызстан туура диний билимге суусап турган чагы. Андыктан, мен теология адиси катары дал ушул багытта элиме кызмат кылууга милдеттүүмүн. Бирок ошону менен бирге триатлонду да таштабайм, анткени, ал жашоомдун бир бөлүгүнө айланды. Мен бул спорт менен өзүм эле машыгып тим болбой, буга кызыккан жаштарды да тарбиялагым келет. Спорт менен машыгып жатып да даават кылууга мүмкүн экенин түшүндүм. Көбү мага башында “силерге да спорт менен машыкканга болобу?” деген сыяктуу суроолорду беришчү. Айланада жоолук салынган кыздарга карата стереотиптер өтө эле көп экен. Бизге спорт менен машыкканга уруксатты кой, аны менен машыгуу эркектер менен аялдарга бирдей сүннөт экенин айткым келет.

null

- Алдыда кандай пландарыңыз бар?

- Албетте, эң негизги эле максат, план бул - диниме татыктуу мусулман кызы болуу. А спорт жаатындагы планым, буюрса, ironwoman (темир айым) титулун алуу.

- Маегиңизге чоң рахмат. Жеңишиңиз менен дагы бир ирет куттуктайбыз!



Башка жаӊылыктар
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
Курандын өрттөлүшүнө каршы чыккан мусулмандар
5 сентябрь 2023
Түрк дүйнөсүн бириктирген "Деде Коркут" фестивалы өттү
31 июль 2023
Миллиондогон мусулмандар ажылык кылуу үчүн Меккеге агылууда
21 июнь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов