Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:23
Күндүн чыгуу
08:03
Бешим
12:48
Аср
15:51
Шам
17:38
Куптан
18:53

Пайгамбарыбыздын эң шайыр жубайы - Савда бинт Зама
Автору: Которгон-Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 8 ноябрь 2017

Момундардын энеси, пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) 2-жубайы, башкалардан өзүнүн шайыр мүнөзү менен айрымаланган Савда бинт Зама тууралуу билесизби?

null

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам –салаваттары болсун)- жылмайып жүргөн адам эле. Бирок анын 1-жубайы Хадижа бинт Хувайлиддин бул дүйнө менен кош айтышып кеткенинен соң пайгамбарыбыздын жүзүн кайгы басат. Анткени Хадижа пайгамбарыбызга сүйүктүү жар гана эмес, чыныгы дос жана исламды жайылтууда эң мыкты жардамчы эле. Алланын сүйүктүү Элчиси жашоосундагы оор күндөрдү башынан өткөрүп, анын жүзүнөн эми мурдагыдай жылмаюусу көрүнбөй калган. Мына ушундай кезде пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага-салам-салаваттары болсун) ээнсиреп калган үйүнө сүйүү, жылуулук жана кубаныч алып келген айым – Савда бинт Зама эле. Ал башкалардан сүйүүгө толгон жүрөгү жана шайыр мүнөзү менен айырмаланып турчу.

Меккедеги жуптарды мыкты табыштырган айым Хавла бинт Хаким пайгамбарыбыздын абалын көрүп, ага тез арада жубай табуу керектигин чечет. Белгилей кетчү нерсе, Хавла бинт Хаким маркум Хадижан жакын курбусу болгон. Пайгамбарыбыз бул айымга ар дайым сый-урмат менен мамиле кылар эле.

- О, Алланын Элчиси, сен өзүңдү маркум Хадижаны ойлой берип, кыйнап бүтмөй болдуң. Үйлөнүшүң керек.

- Хадижадан кийин кимге үйлөнө алам?

- Мен турмушка чыга элек бир кызды, ана турмушка чыгып, бирок жолдошунан ажыраган бир айымды билем.

- Алар кимдер?

- Биринчиси-Савда бинт Зама. Экинчиси – Аиша бинт Абу Бакр.

Бул эки айым тең кийинчерээк пайгамбарыбыздын жубайы, момундардын урматтуу энеси болушат. Ал эми азыр Савда бинт Зама тууралуу сөз болмокчу.

Пайгамбарыбыз Савда бинт Замага жуучуларды жөнөтөт. Ал убакта бул айым Алла Элчисинен 5 жашка улуу эле, тагыраагы 55 жашта болчу. Савда бинт Зама пайгамбарыбыздын бул сунушуна, бир чети, таң калып, экинчи жагынан өтө кубанган. Ошол убакта Савда бинт Зама башкалардан өзүнүн сулуулугу менен айырмаланчу деле эмес. Аны узун бойлуу, албырлуу айым катары сүрөттөшөт. Савда, исламды кабыл алган алгачкы мусулмандардан болчу. Мусулмандар үчүн алгачкы оор жылдарда ал күйөөсү Ас-Сакран ибн Амр менен үйүн таштап, Абиссинияга көчүп кетишкен. Абиссинияда Абдул Рахмат аттуу уулдуу болушат. Бул жерде Савда бинт Зама үй-бүлөсү менен эч нерседен коркпой, толук коопсуздукта жашашат. Бирок тилекке каршы, алардын тынч жашоосу көпкө уланбай, күйөөсү Ас-Сакран бул дүйнө менен кош айтышат. Савда башка өлкөдө кичинекей баласы менен жалгыз калгандыктан, ал кайрадан Меккеге, азиз атасынын үйүнө кайтууну чечет. Мына ушул учурда ага Пайгамбарыбыздан сунуш түшкөн.

Көпчүлүгүн эмне үчүн Хавла бинт Хаким, пайгамбарыбызга Савда бинт Заманы сунуштаганы кызыктырган. Анткени бул айым сулуу жана жаш болчу эмес. Бирок аны башкалардан айрымалап турган 2 өзгөчөлүгү бар эле. Савда бирөөнү берилип, чын жүрөгү менен жакшы көрө алган, анан шайыр адам эле. Дал ушул 2 сыпатка оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Алла Элчиси суусап турган. Савда бинт Зама өзүнүн тапкыч, жанындагы адамын күлдүрө алган жөндөмү менен пайгамбарыбызга да жылмаюу тартуулаган.

Бир жолу пайгамбарыбыздын жүзү чарчаңкы болуп турганын көрүп, Савда бинт Зама анын көңүлүн көтөрүү үчүн мындай деген:

“О, Алланын Элчиси! Мен кечээ сени менен бирге намаз окуп жатканда, сен саждада өтө эле көп тургандыктан, мурдумдан кан чыгып кете жаздады”.
Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бул тамашага тиштери көрүнгөнгө чейин күлгөн. Пайгамбарыбыздын жүзү жылмаюудан жаркырап чыккан.

Савда Алла Элчисинин кыздарына эне ордуна эне болуп, өз балдарындай кам көргөн. Мындан тышкары, ал пайгамбарыбыздын улуу жубай катары, анын кийинки жубайларына да кам көргөн. А алар анын мындай маилесине чоң сый-урмат менен мамиле кылышкан. Савданын өзгөчө жакын мамилеси Аиша бинт абу Бакр менен болгон. Аишанын жаш жана чырайлуу болгонуна карабастан, Савда пайгамбарыбызды ага кызганчу эмес. Тескерисинче, Аишага курбу катары болуп, ортодогу чоң жаш айрымачылыгына карабай, жакшы тил табышышкан. Алар өз ара көп тамашалашчу.

Аиша тамакты өтө даамдуу жасай алчу эмес, муну Савда эң жакшы билчү.

Бир жолу Аиша пайгамбарыбызга ундан каша жасап берет. Алардын жанында Савда да бар эле. Аиша ага кашадан ооз тийүүсүн сунуштайт. Бирок ал мындан баш тартат. Аиша: “Эгер жебесең, мен сенин жүзүңдү каша менен сүртүп салам”, - дейт. Савда буга да макул болбой коет. Ошондо Аиша чын эле кашаны Савданын бетине сүртүп салат. Бул убакта аларды карап турган пайгамбарыбыз жылмайып, Саудага: “Сен эмне турасың? Сен да Аишанын бетин булгап сал”, - дейт. Ошентип үчөө өзүлөрүнүн жоруктарына кечке чейин күлүшөт. (Хайсами, Заваид, 4, 315-316).

Дагы бир жолу пайгамбарыбыздын жубайлары Аиша менен Хафса Савданы тамашалоону чечишет.

Алар Савданын Дажжалдын келишинен аябай коркорун жакшы билишчү. Анын ишенчээктигин жакшы билишкен экөө аны “Дажжаль келип калды” деп тамашалашат. Савда болсо коркконунан “Каякка качып, жашынышым керек?”- деп кыйкыра баштайт. Ошондо Хафса олуттуу жүз менен керексиз буюмдар коюулуучу, жөргөмүштүн желесине толгон палатканы көрсөтүп, “ошол жакка жашын” дегендей ишарат көрсөтөт. Савда юбкасын көтөргөн бойдон шаша-буша палаткага чуркайт. Аиша менен Хавса боорлору эзилгиче күлүшөт. Бул учурда пайгамбарыбыз келип калып, алардын күлкүсүнүн себебин сурайт. Аиша менен Хафса күлкүлөрүнөн сүйлөй алышпай, палатканы гана көрсөтүшөт. Пайгамбарыбыз дароо ал жакты көздөй жөнөп, Савданы алып чыгып, үстү-башын тазалап, Дажжалдын келер убагы боло электигин айтып сооротот. (Муснад Аби Я’ла, Табарани, аль-Хайсами).

Савда Аишаны абдан жакшы көрчү жана ага ар дайым кам көрчү.

Савда көз жумуп жаткан кезде өзүнүн бөлмөсүн Аишага берүүнү өтүнгөн. Ал эми Аиша бинт Абу Бакр минтип айткан:

“Эч бир аял мага Савдадай жакын жана сүйкүмдүү болгон эмес”.

Пайгамбарыбыз бул шайыр, камкор жана таза аялга, 2-жубайына өзгөчө сый-урмат жана чоң сүйүү менен караган. Аиша билдиргендей, Пайгамбарыбыз үйгө келген кезде биринчилерден болуп Савда менен учурашчу.

Савда сүйүктүү, шайыр жана камкор гана эмес, өтө берешен да эле.

Ал жардамга муткаждар жашаган ар бир үйдү билип, аларга жардам берип турчу. Ага белек кылган буюм, акчаларды ал ошол замат колунда жокторго таратып салар эле. Оор кезеңдерде пайгамбарыбыздын маанайын көтөргөн, жүзүнө жылмаюу тартуулаган аял 80 жаш курагында, Умар ибн Аль-Хаттаб башкарып турган кезде көз жумган.

Башкы маалымат булагы катары Якин институтунун директору, ислам илимдеринин профессору Шейх Умар Сулаймандын видео-лекциясы колдонулду.



Башка жаӊылыктар
Кыргызстандын дин аалымдары Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда
16 ноябрь 2017
Араб тили жана теология факультеттеринин арасында «Адам көркү адеп» аттуу конкурс өтөт
2 ноябрь 2017
Фисабиль: Адамды күчтүү кылган 3 өзгөчөлүк
2 ноябрь 2017
10 айдын ичинде "жарым темир айым" титулуна жеткен Бегимай Алыбаева
27 октябрь 2017
Мекендешибиз триатлон боюнча эл аралык жарышта медалга татыды
23 октябрь 2017
Космостогу "Росетте Небула" Куранда кызыл роза катары баяндалган
23 октябрь 2017
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бүткүл дүйнөлүк фатва берүү секретариатына мүчө болду
19 октябрь 2017
Кыргызстан Ислам Университетинде кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү
16 октябрь 2017
КИУда "Ыймандуулук жана патриоттуулук" атту тегерек стол өткөрдү
11 октябрь 2017
Сауд Аравиядагы дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстандан 2 студент катышууда
11 октябрь 2017
200гө жакын жетим-жесир жана муктаж үй-бүлөлөргө үй курулуп берилди
10 октябрь 2017
Меккеде, Каабанын жуу аземи өттү
9 октябрь 2017
Кыргызстан Ислам Университетинде диний кырдаалды талдоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча тегерек стол болуп өттү
4 октябрь 2017
"Умма-Ош" уюштурган ишембиликте Сулайман-Тоонун 70%ы тазаланды
3 октябрь 2017
ЖАРЫЯ! Муфтият жана Кыргыз Туусу басма үйү мектеп окуучулары арасында «Ыйман, адеп-бир бутак» аттуу конкурс жарыялайт
2 октябрь 2017
ККФ "Нахля хайрия" айымдарга арналган лекцияга чакырат
28 сентябрь 2017
Мыктыбек ажы Арстанбектин ajyke.kg сайты ишке кирди
28 сентябрь 2017
Жаш мусулман жигит жаныбарлага протездерди ойлоп табууда
22 сентябрь 2017