Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстандын дин аалымдары Өзбекстандагы эл аралык конференцияга катышууда

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 16 ноябрь 2017

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов баштаган дин аалымдары Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында өтүп жаткан "Ислам тынчтыктын жана боорукерликтин дини" аттуу илимий конференцияга катышууда.

null

Илимий конференция экстремизмдин алдын алуу, Ислам тынчтыктын дини экендигин эл арасына жайылтуу жана туура маалымат берүү, бир тууган өлкөлөр ортосундагы ынтымакты жана биргелешип иш алып барууну бекемдөө максатында уюштурулган. Конференциянын жүрүшүндө алгач Өзбекстан Республикасынын Азирети муфтийи Усманхан ажы Алимов коңшу мамлекеттерден келген дин аалымдарына ыраазычылыгын билдирип, илимий конференциянын маанилүүлүгү, терс диний агымдардын алдын алууда жаштар менен иштешүү жана коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

null

«Биз бири-бирибиз менен биргелешип иш алып баруубуз керек. Акыркы учурларда дүйнө жүзүндө үрөй учурган, жүрөк козгогон терс көрүнүштөр болуп, айрым күчтөр дүйнөгө Ислам динин жаман жагынан көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Бирок, ар бир инсанга тынчтык керек. Ошондуктан, ортобуздагы мамилени бекемдеп, биргелешип иш алып баруубуз маанилүү»,- деди Өзбекстан Республикасынын Азирети муфтийи Усманхан ажы Алимов.

null

Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев муфтият тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырып, Орто Азиядан имам Бухарий, имам Матрудий жана имам Сарахсий сыяктуу дүйнөгө белгилүү болгон аалымдардын чыгышы түгөнгүс байлык экендигин айтып, келечек муундардын туура багытка түшүүсү үчүн баа жеткис илимий эмгектерди жазып калтыргандыгын баса белгиледи. Ошондой эле, ал мындай илимий конференциянын өтүшү коңшу мамлекеттердин дин башкармалыктары ортосундагы алаканы бекемдеп, ар кандай терс диний агымдардын алдын алуу иштеринде дин кызматкерлеринин тажрыйбасын арттыра тургандыгын билдирди.

null

Ал эми Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жаштар менен иш алып баруу зарылдыгына токтолуп, бул жаатта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка, келечек муундарга туура диний баалуулуктарды жеткирсе боло тургандыгын айтты.

«Бүгүн, калктын 60 пайызы жаштар деп баарыбыз айтабыз, бирок биз ошол жаштар диний билимди кантип алып жатканын кайдан билебиз. Имамдан алып жатабы же интернеттенби? Бүгүнкү күндө спортту сүйгөн жаштар үчүн спорт каналдары же музыка каналдарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, дин жагына келгенде жума хутбасы менен гана чектелип калдык. Күнүгө жок дегенде 2 же 3 саат элге, жаштарга туура динди айтып, алардын көкүрөгүндөгү боштукту толтуруп турсак терс агымга кеткендердин алдын алууга болот», -деди Абдишүкүр ажы Нарматов.
Талкуунун жүрүшүндө дин аалымдары өз ойлорун ортого салышып, экстремизм, терроризм менен күрөшүүдө калк арасындагы түшүндүрүү иштерин күчөтүп, өзгөчө жаштар арасында агартуучулук жана илимий иш -чараларды байма-бай өткөрүп туруу чечимин кабыл алышты.

null



Башка жаӊылыктар
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Курандын өрттөлүшүнө каршы чыккан мусулмандар
5 сентябрь 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
Миллиондогон мусулмандар ажылык кылуу үчүн Меккеге агылууда
21 июнь 2023
Нью-Йорк шаардык университетинин студенти Израилдин зулумдугун сындады
9 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
Уганда өлкөсү ЛГБТга каршы катаал мыйзамга кол койду
1 июнь 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
БУУ Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун колдоого алды
31 март 2023
Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты
17 январь 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Намаз убактылары
21 январь 2025г.
Багымдат
06:47
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
13:13
Аср
16:17
Шам
18:04
Куптан
19:19
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов