Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жакында «Китеп–жашоо булагы!» аттуу китеп окуу конкурсу старт алат

Жарыяланды: 12 декабрь 2017

ыргызстан Ислам Университети, "Дил азык" басма үйү жана "Адеп башаты" коомдук фонду республикалык масштабда китеп окуу маданиятын максатында «Китеп–жашоо булагы!» аттуу конкурсун жарыялайт. Конкурска катталуу 2018-жылдын 1-январынан башталып 20-март күнү аяктайт.

Конкурстун негизги максаты:

1) Исламдагы түбөлүктүү ыйман баалуулуктарын, асыл адеп-ахлакты китепкөйлүк жолу менен элге жайылтуу аркылуу жалпы журтубузду биримдикке, тынчтыкка жана бейпилчиликке үндөө.

2) Ислам динибиздеги Матуридия акыйдабыз жана Ханафий мазхабыбыздын негизиндеги дин илимдерин үйрөнүүгө жана жайылтууга далалат жасап, жалпы коомчулукту түз жолго багыттоо.

3) Жаштарыбызды китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө үндөө жана азыркы өткөөл учурдагы ыйман жолуна жат болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактанууга чакыруу.

Конкурс төмөндөгү үч китептин негизинде өткөрүлөт:

%article_title%

Конкурска катталуу 2018-жылдын 1-январынан башталып март айынын 20-күнү аяктайт. 2018-жылдын апрель айынын 1-күнү сынак борбор калаа Бишкекте жана облустардын борбор шаарларында өткөзүлөт. Конкурстун жыйынтыгы апрел айында чыгарылып,

жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилет.

Сынакка катышуу тууралуу:

• Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат;

• Сынакка катышуучулардын жашы чектелбейт;

• Сынакка катышуу үчүн 2018-жылдын 20-мартына чейин сөзсүз түрдө каттоодон өтүү керек.

• Конкурска каттталуу www.oku.biz.kg сайты (онлайн), вотсап кызматы, уюлдук телефондор аркылуу жүргүзүлөт;

• Сынак Бишкек шаарында жана облустардын борборлорунда гана өткөрүлөт;

• Сынак тест түрүндө өткөзүлүп, электрондук (оптикалык) текшерүү ыкмасы менен жыйынтык чыгарылат.

• Сынакка катышуучу белгиленген 3 китептин бирөөнү гана тандап ошол китеп боюнча гана конкурска катыша алат.

• Республикалык жалпы белектерден тышкары, ар бир облустан алдынкы орунду алган жеңүүчүлөргө өзүнчө баалуу белектер ыйгарылат.

• Конкукстун уюштуруучулары бул сынакка катыша алышпайт.

%article_title%

Жеңүүчүлөрдү аныктоо:

• Сынактан умра сапарына жолдомону аял киши жеңип алса, аны менен кошо бара турган (махрам) жакынынын чыгымдары уюштуруучулар тарабынан каржыланбайт;

• Сынактын жыйынтыгы боюнча умра сапары байгесине ээ болгон катышуучулар жолдомону акчага алмаштыра алышпайт;

• Сынактын жыйынтыгы боюнча бирдей упай топтогондор бирден көп болсо, биринчилик сыйлык тапшыруу учурунда чүчү кулак аркылуу аныкталат;

• Сынактын жыйынтыгы элге ачык жарыяланат, жыйынтыкка канааттанбаган катышуучудан кайрадан сынак алынбайт;

Конкурска катышуу үчүн окурман бул китептердин кайсынысына катышаарын алдын ала тандап, катталуусу керек. Конкурстун сынагы тест түрүндө өтөт.

Катталуу: oku.biz.kg сайтында жүргүзүлөт



Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Курандын өрттөлүшүнө каршы чыккан мусулмандар
5 сентябрь 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
АКШнын полиция кызматкерлери мусулман кыздын жоолугун мажбурлап чечишкен
9 июнь 2023
2 жаштагы палестиналык Израиль огунан көз жумду
9 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
Нью-Йорк шаардык университетинин студенти Израилдин зулумдугун сындады
9 июнь 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
УЕФА Чемпиондор лигасы Түркияда өтөт. Финалга чейин Стамбулду кыдырыңыз
30 май 2023
Өзгөчө даам: Түркияда түрк ашканасынын жумалыгы өтөт
18 май 2023
Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты
17 январь 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
Дүйнөлүк Куран жарышта мекендешибиз Мухаммедали 1-орунду ээледи
22 сентябрь 2022
“NAMA” уюму Кыргызстандагы 17 мектепти окуу жабдыктары менен камсыздады
21 сентябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 январь 2025г.
Багымдат
06:47
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
13:13
Аср
16:17
Шам
18:04
Куптан
19:19