Жаңы жылдын эртеси, 1-январда, Оштун борбордук аянтынан 40 куб таштанды чыгарылды. Шаарды тазалоону Ош-Тазалык ишканасынын кызматкерлери таң эрте 04:30 да башташты.
Алар менен кошо “Умма” журналынын ыктырчылары жана шаардын активдүү жаштары да аянтта таң эрте чогулушуп, шаарды тазалашканга жардам беришти. Элдер таттуу уйкуда уктап жатканда, суукта таң эрте жумушка чыгышкан Тазалыктын кызматкерлерин ыктыярчылар үйдөн ала келген ысык чай жана шириндиктери менен да сыйлашты.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарынын демилгелүү жаштарынын мындай аракети алгачкы жолу эмес. Алар былтыр да дал ушундай акцияга чыгышкан. Ыктырчылардын айтымында, мындай жумушта көбүнчө улгайган адамдар иштешет. Жаштардын бул кадамы аларга чоң колдоо көрсөтөт.
Эскерте кетсек, Оштун борбордук аянтын тазалоого бул жылы 35 жумушчу, 2 техника тартылган. Ошондой эле, таштанды контейнерлерине топтолгон таштандылардын көлөмү көбөйүп, күндөгүдөн 200-300 кубга көп болгон.




20 май 2022
18 май 2022
10 май 2022
10 май 2022
30 апрель 2022
29 апрель 2022
26 апрель 2022
21 апрель 2022
20 апрель 2022
19 апрель 2022
17 апрель 2022
12 апрель 2022
7 апрель 2022
7 апрель 2022
5 апрель 2022
25 февраль 2022
22 февраль 2022
2 февраль 2022