5-январда “Park Hotel” мейманканасында "ЧайQuizz" биринчи мусулман интеллекталдык долбоорунун 3-оюну өттү.

Билими менен таймашкан 20 команда 8 түрдүү категория боюнча 10 турдан 80 суроого жооп беришти.
Бул жолку кызуу таймашта 1-орунду 48 упай менен “Люди Х” командасы ээлесе, 2-орунга 42 упай менен “Аметисты”, 3-орунга 39 упай менен «ГУМ” командасы татыктуу болушту.



Мыкты бешилтикти 38 упайлары менен “Сб. Спонтанных” жана “Даруль Хикма” тайпалары толукташты.

Катышуучулар оюн аяктаган соң билбей калган суроолоруна жооп издеп, түрдүү тематикадагы китептерди көбүрөөк окуй баштагандарын айтышат.
Бул оюндун жеңүүчүлөрү “Люди Х” командасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенттери ойношот. Алар өзүлөрүнүн ийгилигин сыры деп мурда да ушул сыяктуу акыл таймаштарына активдүү катышып жүргөнүн айтышты.
Чай Quiz оюнуна катышууга жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес. Бирок командалардын көбү жаштардан куралганын байкоого болот.
Аталган интеллектуалдык оюнда Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өмүр баяны, сахабалар, тарых, география, кино, медицина, логика, бренд, макал-лакаптар, өлкөлөр сыяктуу багыттар боюнча суроолор берилет.
Эскерте кетсек, аталган оюн ар айда 1 жолу "Триллионер КР" интеллектуалдык-дискуссиялык клубу тарабынан уюштурулууда.









2 декабрь 2019
28 ноябрь 2019
27 ноябрь 2019
13 ноябрь 2019
12 ноябрь 2019
11 ноябрь 2019
7 ноябрь 2019
1 ноябрь 2019
24 октябрь 2019
17 октябрь 2019
14 октябрь 2019
10 октябрь 2019
25 сентябрь 2019
24 сентябрь 2019
19 сентябрь 2019
23 август 2019
25 июль 2019
23 июль 2019