2018-жылдагы ажылык иштери башталып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыялайт. Ал 2018-жылдын 12-январынан, 12-февраль саат 17:00гө чейин созулат. Бул тууралуу муфтияттын сайтында жазылат.
Конкурска катышчу авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылуу керек:
Бишкек ш, Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде).
Байланыш тел: 0778900601
тел/факс: 0312 48 61 67
э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
Конкурс өтө турган күн:
13-Февраль, 2018-ж. Саат 11:00
Жайы:
Муфтияттын жыйындар залы.
Документтерди кабыл алуу:
2018-жылдын 12-январынан, 12-февралына 17:00гө чейин.
Жыйынтыкты жарыялоо күнү:
14. 02. 2018ж.
ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
2018-жылы КРден САПка ажыларды аба жолдору менен ташуу конкурсуна катышуучу Авиакомпанияларга коюлуучу негизги талаптар
1. КР Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигинен (Жарандык Авиация Агентствосу) берилген жана САП тарабынан жактырылган жана эрежелерине жооп берген тиешелүү лицензиялардын жана сертификаттардын болуусу.
2. Көрсөтүлгөн маршруттарга учуучу, катталган мамлекети, техникалык мүнөздөмөлөрү, самолеттун тиби, сыйымдуулугу көрсөтүлгөн эки аба кемесинин болуусу (АК каттоо жөнүндөгү Күбөлүк жана АКнин тиби жана учууга жарамдуулугу күчүндөгү сертификаты).
3. Авиакомпаниянын Ош жана Бишкек шаарларынан Жидда, Мадина шаарларына алып баруучу жана кайтып алып келүүчү түз рейстерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүнүн болуусу (САПтын эрежелерине жооп берүүчү бардык керектүү уруксаттар жана жактыруулар
4. Бир ажынын алып баруу жана алып келүү авиабилетинин наркынын эсеби (Прайс-лист).
5. САПка (Жидда жана Мадинага) слоттун болуусу (учуу графиктери) болжол менен 2018-жылдын “26” июлунан, “15” августуна чейин.
6. Акысыз ташылуучу жүктүн ченеми 30 кг. жүк, 10 кг. кол жүгү жана кошумча 5 литр Зам-зам (акысыз).
7. САПтын Жарандык авиациясы бекиткен эки жактын слотторун (учуу графиктерин) КМДБга 2018-жылдын 20-мартына чейин берүү.
8. Аба жолдору аркылуу ажыларды түз чартердик жана такай рейстер менен ташуу боюнча тажрыйбасынын болуусу.
9. Самолёттун ичинде сөзсүз “ХАЛАЛ” тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу.
10. Ажылардын график боюнча Кыргызстандан САПка жана андан кайта учуусунда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда Авиакомпаниянын өкүлчүлүгүнүн болуусу.
11. Конкурска катышууга заявка берген жактын укугун тастыктоочу документтин (Ишеним кагаз) болуусу.
12. Юридикалык жактын салык жана соцкоторуулар боюнча карызынын жоктугун тастытоочу документтин болуусу.
13. Эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык келүүчү АК (аба кемеси), 50 кишиден турган топторду бөлбөстөн, бортунда эң кеми 200 ажыны алып учууга мүмкүнчүлүгүнүн болуусу .
14. Авиакомпаниялар көрсөткөн документтер сөзсүз мамлекеттик же официалдык тилде болуу керек. Предъявляемые авиакомпаниями документы должны быть обязательно на государственном или официальном языках.
15. Авиакомпаниялар тапшыруучу документтер атайын конверттерге салынып жана мөөрлөнгөн болуу керек.
16. Ажыларды жана алардын жүктөрүнүн коопсуздугу эл аралык стандарттар боюнча жүргүзүлөт
17. Чет өлкөлүк авиакомпанияларга коюлуучу сөзсүз талаптар бул – Бишкек шаарында алардын официалдуу күчүндөгү өкүлчүлүктөрүнүн болуусу.
5 апрель 2021
23 март 2021
16 март 2021
10 март 2021
2 март 2021
12 январь 2021
31 декабрь 2020
21 декабрь 2020
7 декабрь 2020
3 декабрь 2020
2 декабрь 2020
18 ноябрь 2020
11 ноябрь 2020
2 ноябрь 2020
29 октябрь 2020
26 октябрь 2020
21 октябрь 2020
20 октябрь 2020