Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте 3-февралда Жоолук күнүнө карата иш-чара өтөт

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов / Жарыяланды: 29 январь 2018

1-Февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата “Умма” ислам журналы 3-февралда саат 11:00 до ASIA MALL соода борборунда иш-чара уюштурат.

Аталган иш-чарада коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу, кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар, Бишкектеги мыкты мастерлердин колунан мехенди, креативдүү фото-стенддер, конкурс жана викториналар уюштурулуп, баалуу белектер болмокчу. Бишкек шаарында жашаган эже-сиңдилер үчүн иш-чаранын эшиги ачык, кирүү акысыз.

Эскерте кетсек, “Умма” ислам журналы бул жылы 3-ирет Бишкекте, ал эми Ошто 2-ирет бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн уюштуруп келет. Аталган иш-чаралар коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, түрдүү улут, курак, кесип, көз караштагы айымдарды бир аянтчага топтоп, өз ара диалог түзүүгө шарт түзүүдө.

Өткөрүлгөн иш-чараларда жоолуктун исламдагы, дегеле аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу маселелери көтөрүлөт. Бул иш-чараларга коомубуздун активдүү айымдары калбай катышып келишет.

Кошумчаласак, дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

3-февралда өтө турчу иш-чара боюнча толук маалымат алуу үчүн 0772 44 79 26, 0554657775 номерлерине байланышка чыгыңыздар.

жоолук күнү, Кыргызстан, Бишкек, иш-чара,



Башка жаӊылыктар
“Алтын уя” боорукерлер үйү мекендештеринен жардам сурайт
6 декабрь 2018
Кадыр ажы Маликов: "Мечиттер ар тараптуу өнүгүүнүн борбору болушу зарыл"
3 декабрь 2018
"Аалымдар кеңеши" республиканын бардык аймактарын кыдырат (тизме)
30 ноябрь 2018
Таласта дин кызматкерлери спорттук жактан күчтөрүн сынашты
21 ноябрь 2018
Ошто «Азирети Билал р.а» аттуу азан айтуу сынагы өтөт
17 ноябрь 2018
Светтүүлүккө таянып жоолукка тыюу салса болобу?
16 ноябрь 2018
Алгач ирет АКШ Конгрессине шайланган мусулман айымдар ким?
8 ноябрь 2018
Баткенде курулуп жаткан "Ыйман" комплекси жазында ишке берилет
24 октябрь 2018
XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда
20 октябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвадагы мекендештерибиз менен жолукту
15 октябрь 2018
Кыргызстанда Сауд Аравиясынан бөлүнгөн каражатка 27 мектеп салынат
21 сентябрь 2018
С.Жээнбеков: Бир нече өлкөнүн муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн руханий жашоосундагы маанилүү окуя
13 сентябрь 2018
Оштун мечит жана диний окуу жайларында өрт коопсуздугу алдын алынууда
7 сентябрь 2018
Кыргызстандык үй-бүлө уулуна Эрдоган деген ысым беришти
3 сентябрь 2018
Алгачкы жолу Кыргызстанда “Лидер аялдардын биригүүсү” аттуу форум өттү
25 август 2018
Бишкекте алгач ирет Курман айтка карата чоң масштабдагы иш-чара өтөт
20 август 2018
Курман айт намазы 21-августта эски аянтта окулат
15 август 2018
Бишкекте кыз-келиндер арасында Куран жарышы өтөт
14 август 2018
Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов