Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ажылыкка катттоо жүрүүдө. Талаптар менен таанышыңыз

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 5 февраль 2018

2018-жылы ажылык сапарына баруучуларды катоо иши 23-январда башталып, 23-февраль саат 17:00го чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облусттук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардын каттоо пункттарында жүргүзүлөт.

Ажылык сапарына бара турган жарандарга РСК банкына алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1000 сом квитациянын негизинде каттоо жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда же кийин төлөнгөн 500 АКШ доллары жана 1000 сомдук төлөмдөр жараксыз деп табылат.

Каттоо иши аймактык кезекке туруу тартибинде (живой список) Кыргызстан муфтияттын түзүмүндөгү облусттук, шаардык казыяттардагы жана райондук хатибияттарга караштуу 32 пунктта жүргүзүлөт.

ТИРКЕМЕ: Ажылык сапарына баруучу жаран жогоруда көрсөтүлгөн алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын канчалык эрте төлөп катталган болсо, анын электрондук тизмедеги орду ошончолук жогору болуп, ажылык сапарына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООГО КАТЫША ТУРГАН АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

1- 2018-жылы Ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

2- Ажылык наркынын ичинен (калькуляцияда көрсөтүлгөн) алдын ала 500 АКШ доллар РСК банкына (ажылык-2018 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.

3- Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК банкына (ажылык-2018 счетуна) төлөнгөн (1000сом) квитациясынын түп нускасы.

4- Ажыга баруучунун жашаган жериндеги учету 2017-жылдын 20-августунан кем болбоосу шарт. (Эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы).

5- Тышкы паспорту. Биометрикалык паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.)

(Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2019-жылы 20-февраль айына чейин бүтүүсү жараксыз.)

6- Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.

(Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат). 1973-жылы май айында төрөлсө метирке же нике күбөлүтүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми июнь айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.

7- (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт. (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).

(Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. )

8- (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).

9- №086у формасындагы медициналык справка.

10- Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу). Келишимге кол коюу жана Ажылык серверге киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

11- Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу. (Тышкы паспорттунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

12- Ажыга баруучунун кийим өлчөмү жана жеке номер телефону, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

13- Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт (2018-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).

14- Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масал электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажыга баруучуга тааныштырып, келишимге кол койдурат).

Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн: 0(312) 48-61-67, 0778, 0558, 0708- 48-61-67

Булак: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
Рамазанда палестиналык христиандар мусулмандардын ордуна кан беришүүдө
5 июнь 2018
Бүгүн Ош шаарында "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
4 июнь 2018
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясы Оштогу айылга заманбап медпункт курат
29 май 2018
“Жашыл Ай” коомдук фонду окуучуларды жайкы “Ыйман” лагерине чакырат
28 май 2018
Орозодо Нарын казыяты «Рамазан Чатырын» тигип, күн сайын ооз ачтыруу уюштурууда
24 май 2018
“Ассанабил” фонду тарабынан Ат-Башыда заманбап мектеп курулду
22 май 2018
Ысык-Көлдө заманбап шарттар менен жаңы мечит курулуп, ишке берилди
9 май 2018
Таласта алгачкы "Ихсан" кайрымдуулук дүкөнү ишке берилди
24 апрель 2018
Жарманкеге келип, балдар үйүнө жардам бериңиз
19 апрель 2018
Улуу Британиядагы “Мусулмандарды жазалоо күнү” туурасындагы жалпы абал
3 апрель 2018
Кыргызстандык ажылардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын мобильдик тиркеме иштелип чыгат
2 апрель 2018
Умма журналынын Ош шаарындагы ыктыярчылары «Таза жашоо» аталган ишембилике катышты
20 март 2018
Кыз-келиндер арасындагы куран жарышы жарыяланат
7 март 2018
Кыргызстан боюнча VIII - Республикалык Куран жарышы өтөт
28 февраль 2018
Бул жылкы ажылардын кийимин тигүүчүлөр аныкталды
23 февраль 2018
Бишкекте 3-февралда Жоолук күнүнө карата иш-чара өтөт
29 январь 2018
Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылыкка Кыргызстанга 5400 квота бөлдү
18 январь 2018
"ЧайQuizz" оюну: "Люди Х" командасынын жеңиш сыры эмнеде?
8 январь 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:22
Бешим
13:03
Аср
18:21
Шам
21:05
Куптан
22:23