Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ош шаарында "Китеп camp" аталышындагы жарманке болуп өттү

Жарыяланды: 20 март 2018

Ош шаарындаэкикүнгөуланган "Китеп camp" аталышындагы жарманке болуп өттү. Ал Ыйман фонду тарабынан демилгеленип, китепкөй кыргыз элин дагы да китепке жакын болуусуна мүмкүнчүлүк жаратты.

Иш-чара эки бөлүктөн болуп, алгач 2 саатка уланган китеп семинары, андан соң ар кандай автордук китептертер жарманкеге сатыкка коюлду.

Мында авторлор өздөрүнүн калемине таандык китеп-журналдардан сырткары, арап каллиграфиясынын, түстүү кагаздардан гүлдөрдү жасоо, жоолукту жарашыктуу салуу мастер-класстары болуп өттү жана айымдар үчүн акысыз мехенди тартылды.

Жарманкеге келген ар бир катышуучу өздөрүнө жаккан китептерин алып, каалоочулар жоолук салып, колдоруна мехенди тарттырууга мүмкүнчүлүк алышты.

%article_title%

"Ыйман диний маданиятты өнүктүрүү" фондунун Ош шаарындагы координатору Аязбек Атамкулов уюштуруучу катары төмөндөгү пикирин айтты;

“Китеп camp” аталышындагы иш-чара биз ойлогондон алда канча мыкты болду. Анткени биз элдердин келүүсүн пландаганбыз, бирок алардын жылмайып, ыраазы болуп кетээрин алдын ала биле алган эмесбиз. Мындан аркы иш пландарыбызда да бир эле жарманке менен эмес, балким бир канча жолдор аркылуу элибизди китеп окууга үндөө жолдорун ойлонуштуруудабыз”.

Ага кошумчалай Умма журналынын Ош шаарындагы ыктыярчысы Гүлбурак Абылкасым кызы да төмөндөгүдөй пикирин айтты;

“Бүгүнкү жарманкеге УММА журналынын үч түрүн жана кошумча китептерди койгонбуз. Көбүн эсе журналды алгачкы жолу көргөндөр болуп, мындан аркы басылмаларын да алууга ынтызаар экендиктерин айтышты. Андан сырткары бүгүнкү мусулман жаштары үчүн пайдалуу болгон Кадыр ажы Маликовдун китеби менен таанышып, каалоочулар алып жатышты. Мындай китеп жарманкелери дагы да көп болсо, демек, коомчулук китеп менен бат эле достошуп кетет деп ишенемин”.

************

Мындан сырткары араб каллиграфия өнөрүн үйрөнү үнүкаалоочулар үчүн мастер класс уюштурулду.

“Каллиграфия – бул кытай, япон элдеринде дагы бар. Бирок, араб тилинде жазылганчалык деңгээлде эмес. Себеби мында бир руханий касиет бар. Мындан жүздөгөн жылдар мурун бул өнөр кеңири тарап көптөгөн түрлөрү бар. Бул ислам маданиятында өзгөчө орду бар өнөр”- дейт ОшМУнун эл аралык мамилелер факултетинин араб тилинен берген мугалими”.

***************

Андан сырткары жарманкеге келген Умма-Ош филиялынын ыктыярчысы Жамийла жоолукту туура жана жарашыктуу салууну көрсөтүп жатты.

“Жоолкта жүрүп биз да сулуу, кооз жана жарашыктуу оронуп, башкаларга үлгүлүү боло алсак мен ойлойм ар кандай терс пикирлерден арылып, жоолукка кийүүнү каалагандардын көбөйүүсүнө түрткү боло алабыз деп ишенем”.

**************

Жоолук салуу мастер классына катышкан Зейнеп атту айым жоолук салынуу өзү күткөндөн да бир топ жарашыктуу экендигин көрүп ынана алды.

“Бул мастер-класска менин катышып көрүүмдү сунуш кылышты. Жоолук салуу менин келечекте чоң максаттарымдын бири болгондуктан катышууну кааладым. Натыйжада менин келбетиме чырай кошконун байкап кубандым.

Бул жасалгага мен ынанган сыяктуу балким көрүүчүлөр да ынанган чыгаар деп ишенем”- деп билдирет.

Мында сатыкка “Ыйман Бакыт коому” медресесинин директору Талантбек Алманбетовдун котормо китептеринин 12 түрү коюлган. Медреседен билим алган Асел Базарбай кызы жарманкеге төмөндөгүдөй баасын берди:

“Бүгүнкү КИТЕП CAMP аталышындагы жарманкеси өтө мыкты деңгээлде болуп өттү десем жаңылышбастырмын. Бирок кайсы бир элдин жашоо денгээлин көрүү үчүн анын базарына бар делет. Ал эми келечегин көргүң келсе мектебине, медресесине, окуу жайына бар дейт. Бүгүнкү жарманкеге элдин аз келүүсү, элибиз китептен алыс экендигинин айгинелеп турат десек жаңылышпайбыз” - деди.



Башка жаӊылыктар
ТИЗМЕ: Республика боюнча ажылык сапарына каттоочу операторлор
14 январь 2019
2019-жылдагы ажылык сапарга талапкерлерди каттоо 9-январдан 31-январга чейин жүргүзүлөт (Талаптар)
7 январь 2019
Бул жылы Кыргызстандан ажылык сапарга 5485 киши барат
25 декабрь 2018
Таласта жаңы жылдык балатынын ордуна кайрымдуулук иш-чарасы болот
24 декабрь 2018
"Аалымдар кеңеши" республиканын бардык аймактарын кыдырат (тизме)
30 ноябрь 2018
Таласта дин кызматкерлери спорттук жактан күчтөрүн сынашты
21 ноябрь 2018
Светтүүлүккө таянып жоолукка тыюу салса болобу?
16 ноябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Россиядагы мекендештерибиз менен жолугат
16 ноябрь 2018
Алгач ирет АКШ Конгрессине шайланган мусулман айымдар ким?
8 ноябрь 2018
Баткендеги медреседе 100 орундуу кыздар бөлүмү ачылды
6 ноябрь 2018
"Ыйман" фондунун тасмаларына келиңиздер!
5 ноябрь 2018
Баткенде курулуп жаткан "Ыйман" комплекси жазында ишке берилет
24 октябрь 2018
XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда
20 октябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвадагы мекендештерибиз менен жолукту
15 октябрь 2018
Кыргызстан боюнча имамдарга Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы окутулат
11 октябрь 2018
Кыргызстанда Сауд Аравиясынан бөлүнгөн каражатка 27 мектеп салынат
21 сентябрь 2018
С.Жээнбеков: Бир нече өлкөнүн муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн руханий жашоосундагы маанилүү окуя
13 сентябрь 2018
Оштун мечит жана диний окуу жайларында өрт коопсуздугу алдын алынууда
7 сентябрь 2018
Намаз убактылары
16 январь 2019г.
Багымдат
06:49
Күндүн чыгуу
08:29
Бешим
13:11
Аср
16:11
Шам
17:58
Куптан
19:13
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов