Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Талас казыяты аймактагы имамдар менен биргеликте 20 миң түп көчөт отургузат

Жарыяланды: 6 апрель 2018

Талас облусундагы Манас районунун жалпы имамдары айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштерди кызуу жүргүзүшүп, Покровка, Үч-Коргон, Май айыл өкмөттөрү менен биргеликте бала-бакчаларга жана жол жээктерине туя, терек жана башка бак дарактардын көчөттөрүн отургузушту. Покровка айыл аймагына 100 түп, Үч-Коргон айыл аймагында 100 түп, Май айылындагы жаңы салынган мектептин айланасына 500 түп бак дарак отургузулду. Ал эми Кыргызстан айыл өкмөтүндө 500 түп терек жана 200 түп кара өрүк отургузушкан. Бул иш чараны Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев жана жалпы имамдар, мечиттердин жергиликтүү жамааттарынын колдоосу менен ишке ашырылды.

«Быйылкы жылдагы иш планыбызга 20 имң түп көчөт отургузуу киргизгенбиз. Жараткандын колдоосу менен учурда райондордо жашылдандыруу жана тазалоо иштери кызуу жүргүзүлүп жаткан мезгили. Учурдан пайдаланып мамлекетибизди жашылдандырууга кошуп жаткан салымы үчүн бардык мекендештериме ыраазычылыгымды билдирем»,-деди облус казысы Таалайбек ажы Бапиев.

Ушундай эле иш-чараны Талас облусунун Бакай-Ата райондук хатибияты жана Бакай-Ата районунун жалпы имамдары аймактарды өнүктүрүү жылына карата демилге көтөрүшүп, өздөрүнүн каражаты менен Бакай-Ата айылындагы Жунусов Баратбай атындагы орто мектебине 50 түп жана Чоң-Алыш айылындагы балдар бакчасынын айланасына 60 түп алма көчөтүн олтургузуп беришти. Иш-чаранын алкагында мектеп жана бала бакча кызматкерлери менен биргеликте ишембилик өткөрүштү. Мектептин жана бала бакчанын жалпы жамааты Бакай-Ата райондук хатибиятына терең ыраазычылыктарын билдирип, иштерине ийгилик каалашты.

%article_title%



Башка жаӊылыктар
Бишкек эл аралык кино фестивалы: Түрк фильмдери акысыз көрсөтүлөт
16 ноябрь 2023
Анадолудагы жыгач мечиттер ЮНЕСКОНУН тизмесине кирди
29 сентябрь 2023
Салах ад-Динь Аль-Аюби тууралуу сериал тартылат
29 сентябрь 2023
Күздө өзгөчө кооздукка бөлөнгөн Стамбул
5 сентябрь 2023
Нью-Йоркто азан үнү жаңыра баштайт
5 сентябрь 2023
Түрк дүйнөсүн бириктирген "Деде Коркут" фестивалы өттү
31 июль 2023
Президент Садыр Жапаров умра кылды
20 июль 2023
Израилдин кол салуусунан 7 палестиналык курман болду
20 июнь 2023
Эфиопияда мечиттерди бузуп жатышат
9 июнь 2023
Кара-Балта: Куранды жаттап бүткөн 30 хафиз диплом алышты
9 июнь 2023
Түркияда Т. Ниязалиевдин ыры Эрдогандын жеңишинин символуна айланды
30 май 2023
Эл аралык семинар: Хатиже Кубра Тонгар
30 май 2023
Британиядагы белгилүү миллиардер Исламга келди
13 май 2023
Стамбулдун көркүн ачкан “Кыз кулеси” реконструкцияланып, музей катары ачылды
13 май 2023
Мусулман ишкерлердин башын бириктирген МУСИАД өлкөбүздө кеңсесин ачты
17 январь 2023
"Коркут Ата" кинофестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды
6 ноябрь 2022
85 жаштагы француз карыя Исламды кабыл алды
5 сентябрь 2022
Көзү азиз хафиза студенттерге Куран окуганды үйрөтөт
2 сентябрь 2022
Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов