Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясы Оштогу айылга заманбап медпункт курат

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 май 2018

Карасуу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кышабад айылына жаңы медпунктун курулушуна биринчи кыш койуу аземи болуп өттү. Медпункттун курулушу Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы (БДЖА) тарабынан каржыланат.

null

Салтанатка БДЖАсынын президенти Саид Баюми, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медициналык кызматкерлер жана айыл тургундары, аксакалдар катышты.

Имарат толугу менен аталган уйумдун каржылоосу менен курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлөт. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилет. Мындан сырткары ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары жана башка керектүү шаймандары дагы уйум тарабынан камсыздандырылат.

Жаңы курула турган медициналык борбор 5миңден ашуун калкты тейлейт.

Кышабад айылында буга чейин эскилиги жеткен, авариялык коркунучта турган имарат ФАП катары колдонулуп келген. Эми жаңы имарат колдонууга берилсе, кеңейтилген тартипте үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары кызмат өтөйт. Бул үчүн тиешелүү эмеректери жана атайын жабдыктары менен толук даярдалып колдонууга тапшырылат.

null

Саид Баюми жетектеген уйум калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иштейт. Республиканын аймагында 35 мектеп жана 18 медициналык пункттарды куруп элге пайдаланууга тапшырган. Мындан сырткары жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим кече таратат. Ошол эле учурда Орозо айынын урматына жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш продуктуларынан жардам берет.



Башка жаӊылыктар
Рамазанда палестиналык христиандар мусулмандардын ордуна кан беришүүдө
5 июнь 2018
Бүгүн Ош шаарында "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
4 июнь 2018
Орозодо Нарын казыяты «Рамазан Чатырын» тигип, күн сайын ооз ачтыруу уюштурууда
24 май 2018
“Ассанабил” фонду тарабынан Ат-Башыда заманбап мектеп курулду
22 май 2018
Ыйык Рамазан айына карата Чүйдө муктаждарга саан уйлар таратылды
10 май 2018
Ысык-Көлдө заманбап шарттар менен жаңы мечит курулуп, ишке берилди
9 май 2018
Ошто Рамазандын алдында 2 күндүк медициналык акция өтөт
7 май 2018
Талас казыяты аймактагы имамдар менен биргеликте 20 миң түп көчөт отургузат
6 апрель 2018
Улуу Британиядагы “Мусулмандарды жазалоо күнү” туурасындагы жалпы абал
3 апрель 2018
Кыргызстандык ажылардын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын мобильдик тиркеме иштелип чыгат
2 апрель 2018
Ош шаарында "Китеп camp" аталышындагы жарманке болуп өттү
20 март 2018
Кыз-келиндер арасындагы куран жарышы жарыяланат
7 март 2018
Кыргызстан боюнча VIII - Республикалык Куран жарышы өтөт
28 февраль 2018
Кыргызстан Ислам Университетинин жамааты кан тапшыруу акциясына катышты
16 февраль 2018
"Баламдын мүнөзү кандай?" аттуу семинарга чакыруу
14 февраль 2018
Бишкекте 3-февралда Жоолук күнүнө карата иш-чара өтөт
29 январь 2018
Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылыкка Кыргызстанга 5400 квота бөлдү
18 январь 2018
Муфтият авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт
12 январь 2018
Намаз убактылары
20 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:21
Шам
21:06
Куптан
22:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов