Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүн Ош шаарында "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 4 июнь 2018

Бүгүн Ошто "Рамазан Чатырынын" салтанаттуу ачылышы болот. Азыркы тапта чатырды толугу менен орнотуу, кооздоо иштери жүрүп жатат. Майрамдык ачылыш 20.00до Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында башталат.

null

Ага Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан өкүлдөр, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер жана жардамга муктаж адамдар чакырылды.

"Рамазан Чатырында"10 күн бою Оштогу жардамга муктаж мекендештерибизге майрамдык ооз ачуу дасторкону жайылат.

Бул иш-чарынын максаты - Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу.

250 кишиге ылайыкталган акысыз ооз ачуу тамактары 4-июндан 14-июнга чейин күн сайын уюштурулмакчы. Конокторду таттуу даамдардан тышкары Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт.

Рамазан Чатыры майда, декоративдүү лампочкалар менен кооздолуп, ага аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар илинет.

null

Белгилей кетсек, “Рамазан Чатыры” буга чейин 2 жылдан бери Бишкекте өткөрүлүп келген. Былтыркы “Рамазан Чатырында” 4000ге чукул жардамга муктаж мекендештерибиз майрамдык ооз ачууга чакырылып, көңүл ачып кетишкен. Буга кошумча, чатырдын жанына уюштурулган жардам пунктуна кайрымдуу адамдардан азык-түлүк, кийим-кечелер чогултулуп, алар жеринде өз ээлерине таратылган.



Башка жаӊылыктар
1 мүнөттө сиз аткара алчу өтө пайдалуу нерсе
20 июнь 2018
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясы Оштогу айылга заманбап медпункт курат
29 май 2018
Орозодо Нарын казыяты «Рамазан Чатырын» тигип, күн сайын ооз ачтыруу уюштурууда
24 май 2018
“Ассанабил” фонду тарабынан Ат-Башыда заманбап мектеп курулду
22 май 2018
Ысык-Көлдө заманбап шарттар менен жаңы мечит курулуп, ишке берилди
9 май 2018
Таласта алгачкы "Ихсан" кайрымдуулук дүкөнү ишке берилди
24 апрель 2018
Жарманкеге келип, балдар үйүнө жардам бериңиз
19 апрель 2018
Талас казыяты аймактагы имамдар менен биргеликте 20 миң түп көчөт отургузат
6 апрель 2018
Ош тургундарын "Өз дарагыңды отургуз" акциясына чакырабыз!
22 март 2018
Умма журналынын Ош шаарындагы ыктыярчылары «Таза жашоо» аталган ишембилике катышты
20 март 2018
Кыргызстан Ислам Университетинин жамааты кан тапшыруу акциясына катышты
16 февраль 2018
Москвада мекендештерибизге арналган мавлид кечеси болот
15 февраль 2018
"Баламдын мүнөзү кандай?" аттуу семинарга чакыруу
14 февраль 2018
Ажылыкка катттоо жүрүүдө. Талаптар менен таанышыңыз
5 февраль 2018
Бишкекте 3-февралда Жоолук күнүнө карата иш-чара өтөт
29 январь 2018
Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылыкка Кыргызстанга 5400 квота бөлдү
18 январь 2018
Диний окуу жайлар арасында билим олимпиадасы болот
17 январь 2018
Муфтият авиакомпаниялар ортосунда конкурс жарыялайт
12 январь 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:21
Шам
21:06
Куптан
22:23