Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазанда палестиналык христиандар мусулмандардын ордуна кан беришүүдө

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 5 июнь 2018

Рамазан айында Вильфлеем шаарындагы Байту-Сахур районунун христиан жаштары бир топ демилгелери менен журналисттердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын көңүлүн бурдурууда.

Рамазан айын вильфлеемдик мусулман жана христиан жаштары өз ара достук атмосферасында бири бирине жардам берүү менен өткөрүшүүдө.

Грейс жана Жорж аттуу эки христиан жигити “Христиан жаштар кыймылы” деген демилге менен ооруканалардын биринде отуруп, түгөнүп бараткан кандарга садака катары өздөрүнүн канын беришүүдө. Алар Рамазан айында бейтаптардан апта сайын кабар алып турушат. Бул демилге эки адамдын өмүрүн сактап калды. Мындан тышкары, алар ар кандай өзгөчө кырдаалдар үчүн кан топтоону улантышууда.

null

“Орозо кармаган адам кан бере албайт. Биздин кыймылда 150 христиан жаштары бар. Ар жума сайын 20-30 чакты христиан жаштары ооруканага барып кан тапшырышат”, - деди жаштар кыймылынын мүчөсү жана Рамазан айындагы кан берүү боюнча жоопкерчиликтүү Джерис аль-Атраш.

Ошондой эле демилгечилер кан топтоодон башка ар кандай диний ишенимдеги оорулуулар үчүн кайрымдуулук каражаттарын чогултушуп, андан чогулгандарды бейтаптардын керектөөлөрүнө жараша бөлүштүрүшүүдө.

Азирети Марьямдын боорукерлиги

Вильфлеем шаарындагы жаштарын кан берүү аракети Рамазан айындагы жалгыз демилге эмес. Бул шаарда“Азирети Марьямдын боорукерлиги” аттуу дагы демилге бар. Алар Вильфлеемдеги ар кандай диний ишенимдеги миңдеген муктаж үй-бүлөгө ысык тамак жана башка азыктарды таратышат.

“Бизде мусулман жана христиан деп бөлүнүү жок. Рождестводо (Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрам) мусулмандар бизге таттууларды таратышат, ал эми алардын майрамында биз аларды зыярат кылып, куттуктайбыз. Биздин кубанычтарыбыз жана кайгыларыбыз бир”, –дейт 50 жаштагы Юсуф Шахин.

null



Башка жаӊылыктар
Бишкекте “Спортчу айым” мелдеши өтөт. Катталыңыздар!
15 октябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвадагы мекендештерибиз менен жолукту
15 октябрь 2018
Кыргызстанда Сауд Аравиясынан бөлүнгөн каражатка 27 мектеп салынат
21 сентябрь 2018
Оштун мечит жана диний окуу жайларында өрт коопсуздугу алдын алынууда
7 сентябрь 2018
Кыргызстандык үй-бүлө уулуна Эрдоган деген ысым беришти
3 сентябрь 2018
Алгачкы жолу Кыргызстанда “Лидер аялдардын биригүүсү” аттуу форум өттү
25 август 2018
"Аккула" ат майданында Курман айтка карата улуттук оюндар жарышы өтөт
16 август 2018
Курман айт намазы 21-августта эски аянтта окулат
15 август 2018
Бишкекте кыз-келиндер арасында Куран жарышы өтөт
14 август 2018
Кайрымдуу адам Меккедеги болочок ажыларга тез жардам унаасын белек кылды
13 август 2018
Борбордук мечиттин ачылышы 2-сентябрга пландалууда
10 август 2018
Президент карылар үйүндө кыргыздардын көбөйгөнүнө кабатырланды
8 август 2018
Муфтияттын радиосу ишке кирди
6 август 2018
Оштун мечиттеринде дааратканалар заманбап шартта жаңыланат
3 август 2018
Бишкектен учкан 6 каттам (1800 ажы) аман-эсен Мединага жетишти
30 июль 2018
Мединадагы болочок ажылар кыргызстандыктарга салам жолдошту
27 июль 2018
Ислам таануу институту жаңы окуу жылына студенттерди кабыл алат
19 июль 2018
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 5485 адам барат
18 июль 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 октябрь 2018г.
Багымдат
05:47
Күндүн чыгуу
07:22
Бешим
12:46
Аср
16:27
Шам
18:16
Куптан
19:31