Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

1 мүнөттө сиз аткара алчу өтө пайдалуу нерсе

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 20 июнь 2018

Мындай карасак, 1 мүнөт - өтө кыска убакыт. Сизче, 1 мүнөттө пайдалуу эмне кылууга болот? Төмөнкү макалада 1 мүнөттү туура пайдалануу үчүн эң зарыл кеңеш берилген. Аларды өзүңүзгө жазып алып, аткарып жүрүңүз.

null

“Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла иллаха иллаллаху валлаху акбар” ( سُبْحَانَ اَللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ وَلاَ اِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَ اللهُ اَكْبَرُ ) келимесин 18 жолу айтууга мүнкүн. Абу Хурайра (разияллоху анхудан) риваят кылынат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла иллаха иллаллаху валлаху акбар” ( سُبْحَانَ اَللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ وَلاَ اِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَ اللهُ اَكْبَرُ ) деп айтуу мен үчүн күн чыгып, нурун чачкандан жакшыраак деди”(Имам Муслим) риваяты. Бул келиме акырет таразасында оор келүүчү Аллах сүйгөн келиме.

Бир минута аралыгында “Субханаллахи ва бихамдихи” ( سُبْحَانَ اللَّهِ وَبِحَمْدِهِ) келимесин 100 жолу айтууга болот. Имам Бухарий, Имам Муслим жана Имам Тирмизий риваяттарында мындай деп айтылат: "Бул келимени айткан кишинин күнөөлөрү деңиздин көбүгүнчө болсо да кечирилет".

Жабир (разияллоху анху) дан риваят кылынат Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Зикирлердин эң абзели "Лаа илаха иллаллох" ( لا اله الا الله ) деди (Имам Тирмизий риваяты). Бир минута аралыгында бул келимени 50 жолуга чейин айтса болот.

Бир минута аралыгында 50 жолуга жакын салават айтууга. Көп салават айтуу менен “Салла̄лла̄́ху ‘алайхи васаллам” ( صلى الله عليه وسل) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) шафаатына ылайык болуу мүнкүн. Анас ибн Малик (разияллоху анхудан ) риваят кылат: "Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Ким мага бир жолу салават айтса, Аллах ага 10 жолу салават айтат жана 10 катасын өчүрөт”,- деди.

Бир минута аралыгында “Астагфируллах” ( أستغفر الله ) келимесин 100 жолуга чейин айтууга болот. Ибн Аббас (разияллоху анху) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Ким Аллахтан такай кечирим сурап жүрсө Аллах ага ар түрдүү абалдардан чыга турган жол таап берет; анан ар кандай кайгысын жеңилдетет жана ал күтпөгөн тараптардан ага ырыскы жиберип турат".

Өмүрүбүздүн ар бир минутасы кадырлуу, убактыбызды өз пайдабызга иштетели.

Даярдаган: Авлиёев Фуркат. Баткен Казыятынын кадрлар, катчылык жана маалымат адиси.

Булак: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
Кадыр ажы Маликов: "Мечиттер ар тараптуу өнүгүүнүн борбору болушу зарыл"
3 декабрь 2018
"Аалымдар кеңеши" республиканын бардык аймактарын кыдырат (тизме)
30 ноябрь 2018
Ошто «Азирети Билал р.а» аттуу азан айтуу сынагы өтөт
17 ноябрь 2018
Светтүүлүккө таянып жоолукка тыюу салса болобу?
16 ноябрь 2018
Алгач ирет АКШ Конгрессине шайланган мусулман айымдар ким?
8 ноябрь 2018
Баткендеги медреседе 100 орундуу кыздар бөлүмү ачылды
6 ноябрь 2018
"Ыйман" фондунун тасмаларына келиңиздер!
5 ноябрь 2018
Катар уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды
25 октябрь 2018
Бишкекте “Спортчу айым” мелдеши өтөт. Катталыңыздар!
15 октябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвадагы мекендештерибиз менен жолукту
15 октябрь 2018
Кыргызстанда Сауд Аравиясынан бөлүнгөн каражатка 27 мектеп салынат
21 сентябрь 2018
С.Жээнбеков: Бир нече өлкөнүн муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн руханий жашоосундагы маанилүү окуя
13 сентябрь 2018
Футбол боюнча Кыргызстан-Палестина улуттук курамалары достук беттешин өткөрөт
4 сентябрь 2018
Кыргызстандык үй-бүлө уулуна Эрдоган деген ысым беришти
3 сентябрь 2018
Алгачкы жолу Кыргызстанда “Лидер аялдардын биригүүсү” аттуу форум өттү
25 август 2018
Бишкекте алгач ирет Курман айтка карата чоң масштабдагы иш-чара өтөт
20 август 2018
"Аккула" ат майданында Курман айтка карата улуттук оюндар жарышы өтөт
16 август 2018
Бишкекте кыз-келиндер арасында Куран жарышы өтөт
14 август 2018
Намаз убактылары
13 декабрь 2018г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов