Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мекендешибиз Каным АКШда өткөн таяк тартыш боюнча эл аралык мелдеште 3-орунга татыды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 12 июль 2018

Мекендешибиз Каным Бургхан кызы 7-8 июлда АКШнын Моргантоун шаарында өткөн таяк тартыш боюнча Эл аралык мелдешке өлкө атынан барып, 3- орунду ээледи. Аталган мелдешке Канымды Америка тарап расмий түрдө чакырган. Орто Азия өлкөлөрүнөн бул беттешке саналуу гана спортчу катышса, алардын катарына Каным да киргени баарыбызды сыймыктандырат.

null

“Башында өзүмдүн салмагымдан чоңураак салмакка жазылып калганда кыжаалат болуп жаткам. Бирок кудай буйруп, 3-орунду алдым”, - дейт мекендешибиз.

Аталган эл аралык мелдешке Каным өзү жалгыз келген. Муну ал виза алуу кыйынчылыгы менен байланыштырып түшүндүрдү.

null

“Америкадан мени кыргыз спортчулары, мекендештерибиз тосуп алышып, мага чоң колдоо көрсөтүштү. Алар мага бул жакта устат болушту. Кыргызстандан АКШга баруу үчүн визага документ топтоодо кыргыз байке, эжелер чоң жардам кылышты. АКШга келгенде да аэропорттон тосуп алышкан мекендештерге, эртеден кечке мени менен бирге жүрүшүп, турнирлеримде колдогон туугандарга жана азыркы учурга чейин эшигин кенен ачып, жарык маанайда конок кылып жургон бул жактагы кыргыз мекендештерге терең ыраазымын. Анан албетте мага демөөрчүлүк кылган адамга өзгөчө рахматымды айтам”, - деди Каным Бургхан кызы.

Кошумчалай кетсек, Каным таяк тартышка 2015-жылдан баштап аралаша баштаган. Ал Кыргызстандын ичиндеги турнирлерге катышып, өзүн болушунча машыктырып жүрдү. Ошондой эле, Каным Москвадан бул спорттун эреже, техника, тактикаларын үйрөтүүчү курсту аяктап, “Эл аралык калыс” күбөлүгүн алууга да жетишкен. Ал күбөлүк менен мекендешибиз Ташкентте өткөн Азия чемпионатында башкы катчы болуп, бир катар турнирлерге калыстык кылып, эл аралык жана өлкө ичиндеги чемпионаттарда арбитр, катчы, ага катчы, башкы катчылык милдетти аткарды.

Каным - эркин күрөш жана самбо боюнча спорт чебери. Ал бала кезинен бери машыгып, “спортсмен болуп, мекенимдин желегин желбиретем” деген аруу кыялын четинен ишке ашырууда. Ал өзүнүн жеке мисалында дин менен спорттуу айкалыштыруу мүмкүн экендигин көрсөтүп, көптөгөн кыздарга үлгү болуп келет.

Мекендешибизди бул жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

null



Башка жаӊылыктар
Айкөл Аликжанова быйылкы ажылардын кийимин тигет
18 февраль 2019
Муфтият сиам эгиздеринин бири Гитанын дарылануусуна 70 миң сомдук жардам көрсөттү
16 февраль 2019
Түркияда бүтүндөй айыл чылым чегүүнү таштады
14 февраль 2019
Жарыя! Муфтият ажылардын кийимин тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт (талаптар)
18 январь 2019
Баткенде азан айтуу боюнча сынак өтөт. Талаптар
16 январь 2019
2019-жылдагы ажылык сапарга талапкерлерди каттоо 9-январдан 31-январга чейин жүргүзүлөт (Талаптар)
7 январь 2019
Бул жылы Кыргызстандан ажылык сапарга 5485 киши барат
25 декабрь 2018
Тамерлан Богатырев: “Спорт аянтчасына “Youth in action” долбоорунун атын беребиз”
20 декабрь 2018
“Алтын уя” боорукерлер үйү мекендештеринен жардам сурайт
6 декабрь 2018
Кадыр ажы Маликов: "Мечиттер ар тараптуу өнүгүүнүн борбору болушу зарыл"
3 декабрь 2018
Таласта дин кызматкерлери спорттук жактан күчтөрүн сынашты
21 ноябрь 2018
Ошто «Азирети Билал р.а» аттуу азан айтуу сынагы өтөт
17 ноябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Россиядагы мекендештерибиз менен жолугат
16 ноябрь 2018
Баткендеги медреседе 100 орундуу кыздар бөлүмү ачылды
6 ноябрь 2018
"Ыйман" фондунун тасмаларына келиңиздер!
5 ноябрь 2018
Катар уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды
25 октябрь 2018
Баткенде курулуп жаткан "Ыйман" комплекси жазында ишке берилет
24 октябрь 2018
XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда
20 октябрь 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 март 2019г.
Багымдат
5:34
Күндүн чыгуу
7:09
Бешим
13:10
Аср
17:22
Шам
19:15
Куптан
20:31