Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте кыз-келиндер арасында Куран жарышы өтөт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 14 август 2018

Бишкекте 18- августта кыз-келиндер арасында республикалык масштабдагы Куран жарышы өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Куран жарышы Нурмухамед Миңбаевдин демилгеси менен "Ас-Салам" Коомдук кайрымдуулук фонду, муфтият жана "Эл аралык кыргыздар" ассоциациясы тарабынан уюштурулууда.

Аталган конкурска Курандан 15 пара билген бардык курактагы апалар, эже-сиңдилер катыша алышат.

Жарыштын баш байгесине умрага жолдомо, кийинки орундарга баалуу үй эмеректери, жалпы катышуучуларга да белектер берилет. Ошондой эле, катышуучулардын арасынан 10 кыз медресеге мугалим болууга тандалары маалым болду.

Куран жарышы, кыз келиндер, ислам, мусулмандар, Курман айт

Бул Куран жарышына катышууну каалагандар 18-август күнү Бишкектеги Ыйман кафесине (Жаш Гвардия- К.Баялинов (Ленинградский) катталуу үчүн келиши керек. Каттоо саат 8:00до аяктап, 9:00до Куран жарыш башталат.

"Куран жарыштары көбүнчө эркектерге өткөрүлгөндүктөн биз апалар, эже-карындаштарыбыз үчүн уюштурууну чечтик. Бул масштабдуу иш-чара Курман айт майрамына карата өткөрүлмөкчү. Иш-чаранын максаты аймактарды өнүктүрүү жылында кыргыздар илгертеден майрамдап келген Курман айттын шаңын жандандыруу, кыз-келиндерди Куран үйрөнүүгө үндөө болуп саналат",-дейт "Эл аралык кыргыздар" ассоциациясынын аткаруучу директору Эрлан Жыргалбек уулу.

Уюштуруучулар келе жаткан жылы ушул эле жарышты эл аралык деңгээлде өткөрүүнү пландап жатышкандыктарын да кошумчалашты.

Куран жарышы боюнча сурап билүү телефондору: 0775 500 500, 0706 232 525

Куран жарышы, кыз келиндер, ислам, мусулмандар, Курман айт



Башка жаӊылыктар
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Британиялык 8 мусулман ажылык сапарга велосипед менен чыгышты
15 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Макалалар
Намаз убактылары
24 август 2019г.
Багымдат
4:34
Күндүн чыгуу
6:18
Бешим
13:04
Аср
17:51
Шам
19:54
Куптан
21:22
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов