Ош облустук мусулмандар казыяты облус аймагындагы 7 райондун хатибияттарында, 20дан ашуун диний окуу жайларда жана 856 мечитте өрт коопсуздугун алдын алуу иш-аракеттери боюнча райондордун башкы имам-хатибдерине, диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жана мечит имамдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат тактайчалары илинди. Муну менен бирге өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте текшерүү иштери башталгандыгын Казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров белгиледи.
"Ушул жылдын август айы ичинде Ош облусунун аймагындагы 856 мечитке жана 20дан ашуун диний окуу жайлардын жооптуу жетекчилерине ыктыярдуу кошундарды түзүү жана стандартка ылайык келген өрт коопсуздук текчелерин орнотуу тапшырмалары берилген болчу. Сентябрь айынын башынан тартып райондук башкы имам-хатибдер менен биргеликте мечиттерде алдын-ала текшерүү иштери башталып, учурда Кара-Суу жана Өзгөн районундагы мечиттердин өрт коопсуздугун алдын алуудагы аткарган иштери каралып жатат. Натыйжада Кара-Суу районунун аймагындагы 141 мечитте жана Өзгөн районундагы 50дөн ашуун мечитте өрттөн сактануу жана өчүрүүчү каражаттар жаңыдан сатылып алынып, тиешелүү көрсөтмөгө ылайык коопсуздук текчелери орнотулду",–деди А.Бакиров.
Ошондой эле мечиттерде жана диний окуу жайларда жергиликтүү тургундар менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өтүлүп жаткандыгын жана сентябрь айы ичинде облус аймагындагы бардык диний объектилер текшерилип, райондук деңгээлде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча машыгуулар пландалганын кошумчалады.
16 ноябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
5 сентябрь 2023
31 июль 2023
20 июль 2023
21 июнь 2023
20 июнь 2023
9 июнь 2023
30 май 2023
18 май 2023
13 май 2023
13 май 2023
14 апрель 2023
31 март 2023
6 ноябрь 2022
21 сентябрь 2022
5 сентябрь 2022