Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

С.Жээнбеков: Бир нече өлкөнүн муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн руханий жашоосундагы маанилүү окуя

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 13 сентябрь 2018

Өлкө башчысы С.Жээнбеков Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Литва, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Эстониянын башкы муфтийлери менен жолугушту.Алар 13-сентябрда өткөн «Руханий Жибек жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары» аталышындагы III эл аралык конференцияга катышууга келишкен.

null

«Бир нече өлкөнүн жогорку муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн коомдук, маданий жана руханий жашоосундагы маанилүү окуя. Биз жарандарыбыздын руханий өнүгүүсүнө чоң маани беребиз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушуунун катышуучулары Президентке жана Кыргыз Республикасынын элине жылуу кабыл алгандыгы, конференцияны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Мамлекет башчысына жогорку кызматында ийгиликтерди, кыргызстандыктарга — тынчтык, бакубаттык жана гүлдөп өнүгүү каалашты.

Алар конференциянын бириктирүүчү идеясы тууралуу пикирлерин билдиришип, кийинки «Руханий Жибек жолу» эл аралык конференциясы Казакстанда 2019-жылы өтөөрүн маалымдашты.

Бул иш-чара Евразия мейкиндигиндеги калктардын диний-маданий баалуулуктарын сактоо жана өнүктүрүү, заманбап жашоонун чакырыктарына карата жалпы биримдиктүү позициянын иштелип чыгышына багытталган.

Кошумчалай кетсек, бул эл аралык конференция алгач ирээт Кытай Эл Республикасында өтүп, анын максаты Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин ынтымак менен биримдигин, достук алакаларын жакшыртуу максатын көздөйт.

2016-жылы Руханий Жибек жолу аталышындагы конференция Кытай Эл республикасында өтсө, андан соң Россияда өтүп, эстафета эми Кыргызстанга өттү.



Башка жаӊылыктар
Бишкекте “Спортчу айым” мелдеши өтөт. Катталыңыздар!
15 октябрь 2018
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москвадагы мекендештерибиз менен жолукту
15 октябрь 2018
Кыргызстан боюнча имамдарга Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы окутулат
11 октябрь 2018
Кыргызстанда Сауд Аравиясынан бөлүнгөн каражатка 27 мектеп салынат
21 сентябрь 2018
Оштун мечит жана диний окуу жайларында өрт коопсуздугу алдын алынууда
7 сентябрь 2018
Кыргызстандык үй-бүлө уулуна Эрдоган деген ысым беришти
3 сентябрь 2018
Алгачкы жолу Кыргызстанда “Лидер аялдардын биригүүсү” аттуу форум өттү
25 август 2018
"Аккула" ат майданында Курман айтка карата улуттук оюндар жарышы өтөт
16 август 2018
Курман айт намазы 21-августта эски аянтта окулат
15 август 2018
Кайрымдуу адам Меккедеги болочок ажыларга тез жардам унаасын белек кылды
13 август 2018
Курман айт 21-августта белгиленет
12 август 2018
Борбордук мечиттин ачылышы 2-сентябрга пландалууда
10 август 2018
Оштун мечиттеринде дааратканалар заманбап шартта жаңыланат
3 август 2018
Мединадагы болочок ажылар кыргызстандыктарга салам жолдошту
27 июль 2018
Бүгүн түндө бишкектик жана чүйлүк болочок ажылар Мединага учуп кетишти
25 июль 2018
Бардык жагынан ыңгайлуу жатакана 1-сентябрга чейин студенттерди кабыл алат
25 июль 2018
Жарыя! И.Арабаев атындагы КМУнун теологиялык колледжи 2018-2019-жаңы окуу жылына карата мугалимдик орундарга конкурс жарыялайт
19 июль 2018
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 5485 адам барат
18 июль 2018
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 октябрь 2018г.
Багымдат
05:48
Күндүн чыгуу
07:23
Бешим
12:46
Аср
16:26
Шам
18:15
Куптан
19:30