Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстан боюнча имамдарга Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы окутулат

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 11 октябрь 2018

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы темада региондордогу дин кызматкерлерин Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окутушуп, алардын квалификацияларын жогорулатышууда. Окуу семинары ар бир облуста өткөрүлүп, ага өлкөдөгү бардык имамдар катышат.

null

Окуу семинарынын алкагчы бөлүгү бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталып, имамдар Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча өздөрүнүн билимдерин тереңдетишүүдө.

"2018-жылдагы пландык иш- чараларыбыздын негизинде аймактагы имамдарыбызды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окута баштадык. Окутуу иштери бардык облустта уюштурулмакчы. Окуу семинары менен кошо эле КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан даярдалган «Жума хутбалары» аттуу китепти таратабыз,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Аймактагы имамдардын Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу семинары:

10-11-октябрь –Ысык-Көл облусу

11-12-октябрь –Нарын облусу

15-16-октябрь-Талас облусу

18-октябрь- Чүй облусу жана Бишкек шаары

24-25-октябрь-Жалал-Абад облусу

26-27-октябрь – Ош облусу жана Ош шаары

31-октябрь жана 1-2-3-ноябрь – Баткен облусунда өтмөкчү

Маалымат булагы: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда
20 октябрь 2018
Чолпон-Ата шаарында 78 дин кызматкери билимдерин жогорулатышууда
20 сентябрь 2018
С.Жээнбеков: Бир нече өлкөнүн муфтийлеринин бир убакта келиши — өлкөбүздүн руханий жашоосундагы маанилүү окуя
13 сентябрь 2018
Футбол боюнча Кыргызстан-Палестина улуттук курамалары достук беттешин өткөрөт
4 сентябрь 2018
Кыргызстандык үй-бүлө уулуна Эрдоган деген ысым беришти
3 сентябрь 2018
Алгачкы жолу Кыргызстанда “Лидер аялдардын биригүүсү” аттуу форум өттү
25 август 2018
Бишкекте алгач ирет Курман айтка карата чоң масштабдагы иш-чара өтөт
20 август 2018
Курман айт намазы 21-августта эски аянтта окулат
15 август 2018
Кайрымдуу адам Меккедеги болочок ажыларга тез жардам унаасын белек кылды
13 август 2018
Курман айт 21-августта белгиленет
12 август 2018
Борбордук мечиттин ачылышы 2-сентябрга пландалууда
10 август 2018
Муфтияттын радиосу ишке кирди
6 август 2018
Оштун мечиттеринде дааратканалар заманбап шартта жаңыланат
3 август 2018
Бишкектен учкан 6 каттам (1800 ажы) аман-эсен Мединага жетишти
30 июль 2018
Мединадагы болочок ажылар кыргызстандыктарга салам жолдошту
27 июль 2018
Кыргызстандан болочок 300 ажы бүгүн таңда Мединага учат
24 июль 2018
Ислам таануу институту жаңы окуу жылына студенттерди кабыл алат
19 июль 2018
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 5485 адам барат
18 июль 2018
Намаз убактылары
22 октябрь 2018г.
Багымдат
05:48
Күндүн чыгуу
07:23
Бешим
12:46
Аср
16:26
Шам
18:15
Куптан
19:30
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов