Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Катар уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 октябрь 2018

Катар кайрымдуулук уюму дагы бир медициналык клиниканы пайдаланууга тапшырды. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

25-октябрь күнү Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кыржол айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункттун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков, “Qatar Charity” уюмунун кыргызстандагы мүдүрү Усама Турабий, “Ассанабил” ККФнун өкүлү Мухаммад Мады жана жергиликтүү бийлик жетекчилери катышышты.

Имарат толугу менен аталган уюмдун каржылоосу менен “Ассанабил” ККФ тарабынан курулуп, мамлекеттик стандартка ылайык бүткөрүлдү. Жугуштуу ооруулар үчүн атайын өзүнчө эшик менен кирүүчү каана, педиатр, терапевт, эмкана, каттоо бөлмөсү жана санузелдери, жылытуу системасы менен толук түрдө ишке берилди. Мындан сырткары ичиндеги эмеректери, тиешелүү медициналык жабдыктары, дары дармек сактоочу аппараттары жана башка керектүү шаймандары дагы уюм тарабынан камсыздандырылды.

“Кош бойлуу аялдарды каттоого алып, өз убагында кароодон өткөрүп, жаш балдарды ар кандай эмдөөдөн өткөрүп турууга жана оорулууларга алгачкы медициналык жардамды жеринен көрсөтүү үчүн мындай клиникалардын ар бир айылда болуусу шарт” –деп билдирди Сузак районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борбурунун жетекчиси Орунбаева Замира Чойбековна.

“2017-жылдагы Саламаттык сактоо министрлиги менен болгон келишимдин негизинде Катар кайрымдуулук уюмунун каржылоосу менен 9 медклиника курулуп, бүгүн эң акыркы объект колдонууга тапшырылды. Албетте, бул долбоор мындан ары дагы уланып дагы көптөгөн муктаж конуштарга жаңы имараттар курулат”, - дешет уюмдун өкүлдөрү.

1 / 3



Башка жаӊылыктар
Кытайдагы кыргыз студенттери чек арадагы айылга китепкана ачуу үчүн 1000 доллар жөнөтүштү. Эстафета АКШга берилди
23 август 2019
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар