Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Ассанабил” кайрымдуулук фонду Кыргызстанда 2 жылда 33 медпункт курду (тизме)

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 31 октябрь 2018

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан 2017-2018-жылдар аралыгында 36 медициналык клиника курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Бул туурасында фонддун маалымат катчысы Рахматулла Мухаммед билдирди

.

null

Медициналык клиникалар республиканын ар кайсы айыл кыштактарына, жаңы конуштарга курулду. Айрым жерлерде таптакыр медпункт болбосо, кээ бирлери эскилиги жеткен башка имараттардын бир бөлүгүндө иш жүргүзүлүп келишкен.

“Ассанабил” ККФнун төрагасы Саид Баюминин айтымында, бул медициналык долбоорлор көбүнчө жеке демөөрчүлөр же ар кандай эл аралык кайрымдуулук фонддордун колдоосу менен кызматташтыкта ишке ашууда. Мисалы, 9 ФАПтын курулушун толугу менен “Qatar Charity” уюмунун каржылоосунда, ал эми калган башка медпункттар жеке демөөрчүлөр же башка ушул сыяктуу Саудия, Кувейт, БАЭ, Бахрейн мамлекеттериндеги фонддордун колдоосу менен тургузулду.

Мындан сырткары, учурда Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларына эки кабаттуу клиника жана гемодиализ борборунун курулуш иштери жүрүүдө. Курулуш иштери 2018-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

“Биздин мекеме Кыргызстанда иштегенден баштап медицина тармагында бир топ иштерди аткарды. Алгач жер жерлерди кыдырып медкаравандарды эң алгач биз уюштурганбыз. Мындай караван 16 жолу уюштурулуп, республиканын эң алыскы аймактарын кыдырып чыккан. Медкараванда борбор калаада иштеген профессионал дарыгерлер иштеп, элди акысыз кароодон өткөрүп, тиешелүү дары -дармектерди акысыз тараткан”,-деди Саид Баюми.

null

“Ассанабил” ККФ акыркы жылдары калкты тейлөө үчүн атайын имараттарды куруп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берүүдө. Бул үчүн атайын министрликтин алкышына татып, Саид Баюми 2009-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” белгиси менен сыйланган. Ал эми 2017-жылы аталган тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Ардак грамота” менен сыйланды.

ФАП, медпункт салынган аймактардын даректери:

null

Эскерте кетсек, “Ассанабил” ККФ 2004-жылы Кыргызстанда негизделип, калктын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү максатында бир топ долбоорлордун үстүндө иш алып барышууда. Медициналык долбоорлордон сырткары 36 мектеп куруп, жетим балдарга ай сайын жөлөк пул жана кийим-кече таратат. Ошол эле учурда жакыр жашаган үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын дагы кайрымдуулук жаатында берип келишет.

null

Маалымат булагы: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Бүгүн түндө 400 кишилик болочок ажылардын алгачкы тобу Мединага учат
16 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
ВИДЕО: Кыргыз жана казак жигиттери биргеликте 4D Намаз китебин иштеп чыгышты
9 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
ЖАРЫЯ! Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз!
11 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23