Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Алгач ирет АКШ Конгрессине шайланган мусулман айымдар ким?

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: islam-today.ru / Жарыяланды: 8 ноябрь 2018

6-ноябрда өткөн шайлоо АКШ саясатындагы бурулуш учур болуп калды. Биринчи жолу Конгресстин тарыхында мусулман аялдар шайланып келди. Алардын бири жыйындарга хиджаб менен келерин айтты. Бул тууралуу Би-би-си кыргыз кызматы жазат.

Рашида Тлаиб жана Ильхан Омар Миннесот менен Детройт штаттарынан Демократиялык партиядан талапкер болуп чыгышкан. Экөө тең президент Дональд Трамптын миграцияга жана мусулумандарга каршы сүйлөгөн сөздөрүн катуу сынга алган. Алар Дональд Трамп тарабынан киргизилген миграциялык чектөөлөргө активдүү каршылык көрсөтүшүп, АКШнын миграциялык жана бажы полициясын жоюп салууга үндөшкөн.

“Азаттык” радиосу жазгандай, 36 жаштагы Илхан Омар Африкада төрөлгөн, теги боюнча сомалилик. АКШга бала кезинде качкын катары келген, 2016-жылы Миннесота штатынын парламентине шайланган. Быйыл августта Демократиялык партиянын Конгресс үчүн ички шайлоосу болгон праймеризде өз атаандашын утуп чыккан.

null
Илхан Омар

Elle журналына берген интервьюсунда Ильхан Омар Конгресске баргандагы максатын - демократия кандай болоорун көрсөткүм келет деп түшүндүргөн.

“Мен бул жакта АКШ конгрессине шайланган жоолук салынган мусулман кызы, алгачкы качкын катары алдыңарда турам” деп сөзүн баштаган Омар.

42 жаштагы Рашида Тлаиб болсо Америкада туулуп-өскөн, теги боюнча палестиналык, кесиби - адвокат. Ал 2008-жылы эле Мичиган штатынын парламентине өтүп, АКШнын тарыхында штаттын мыйзам чыгаруучу жыйынына шайланган экинчи мусулман аял болгон.

null
Рашида Тлаиб

Golos-ameriki сайты жазгандай, Рашида Тлаиб өзүнүн мүнөзү мусулман жана араб аялыныкындай экенин айткан:

“Мусулман айым катары адилеттүүлүктү жогору коем”, - дейт ал.



Башка жаӊылыктар
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Болочок ажылар Пайгамбарыбыз (САВ) басып өткөн жерлерге, тарыхый жайларга зыярат кылышууда
25 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
Бишкектин борборунда “Орозо айт маарек болсун” аттуу масштабдуу иш-чара өтөт
4 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан чатыры, Ош: кайрымдуулук эстафетасын «Human Appeal International»кайрымдуулук уюму алды
29 май 2019
Достуктун чатыры: Өзбек улуттук борбору 300 мейманды коноктоду
24 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Кадыр ажы Маликов: "Рамазан Чатырында колунда жок менен байлар, жөнөкөй жарандар менен бийлик өкүлдөрү бир отурушат"
21 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Макалалар