Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Светтүүлүккө таянып жоолукка тыюу салса болобу?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 16 ноябрь 2018

12-ноябрда “Исламда мамлекеттүүлүк жана патриоттуулук” аталышындагы тегерек стол өттү. Ал жакында эле түзүлгөн “Кыргызстан айымдары жана жаштары” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага диний жана коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Иш-чарада мамлекеттеги диндин орду, диний билим берүү, айрым түшүнүктөрдүн жаңылыш колдонулушу сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

null

Тегерек столго Түркиядан Анкара университетинин профессору, Диндер тарыхы илимдеринин доктору Мустафа Эрдем чакырылган. Ал Кыргызстандын диний жана социалдык абалына саресеп салып турарын айтып, жүрөгүн өйүгөн маселе менен бөлүштү:

“Мен мындан бир нече жыл мурун Кыргызстандагы мечиттердин бирине намаз окуу үчүн кирип, жаштардын арбын экенин байкагам. Арадан убакыт өтүп, ошол эле мечитте жума намазын окуп калдым. Бул жакка келген жаштардын саны 2 эсе көбөйгөнүн байкап, көңүлүм сүйүнгөн эле. Бирок мечиттин сыртына чыкканда жакшы эмес көрүнүштү байкадым. Анда мусулмандар ар башка диндин өкүлдөрү сымал өз-өзүнчө топко бөлүнүп турушуптур. Кыргызстанда 90-жылдардын башында “жамаат” деген түшүнүк болгон эмес. Акыркы убакта алардын саны көбөйүп бара жатканын байкадым”- деди Мустафа Эрдем.

Ал, ошондой эле, Орто Азиядан Имам Азам, Имам Матруди, Имам Сарахси сыяктуу улуу ислам аалымдары чыкканын баса белгилеп, сырттан келген түшүнүксүз түрдүү агымдарды ээрчибей мына ошол улуу аалымдардан калган мурасты сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүнүн мааниси чоң экендигин өзгөчө баса белгиледи.

"Өлкөңөрдөгү адамдардын руний боштугун өзүңөр толтурбасаңар анда аны башкалар толтуруп кетет",-деди Мустафа Эрдем.

Иш-чаранын жүрүшүндө айрым түшүнүктөрдүн коом, жадагалса, эл башкаруучулары тарабынан да туура эмес чечмеленип жатканы тууралуу сөз козголду. Мисалы, “светтүүлүк” деген эмне?

Дин социологиясынын доктору, профессор Маметбек Мырзабаевдин айтымында, көптөрү муну “мамлекет динден бөлүнгөн” деп чечмелешет.

“Бирок ал кантип бөлүнгөнүн так жана толугу менен көбү айтып бере алышпайт. Муну социалдык тармактардагы кызуу талаш-тартыштардан байкоого болот. Эске кертчү жагдай, “светтик” бул тарапсыз деген мааниге келет, диний ишенимине карабай бардык жарандарга бирдей мамиле кылуу жана кызмат көрсөтүү.

“Светтик өлкө” бул диний болгон нерсенин баарынан алыс болуу эмес. Светтик өлкөдө дин мамлекеттик башкаруудан гана бөлүнгөн, тагыраагы, мамлекет диний принциптерге таянып башкарылбайт.

Демек, “светтүүлүк” бул “атеизм” же “динсиздик” эмес, тескерисинче, бул жарандардын өз диний ишенимин кармануусуна эркиндик жана мүмкүнчүлүк берүү ”, - дейт Маметбек Мырзабаев.

Бирок баарыбыз күбө болгондой, айрым учурларда мусулмандардын укугу бузулуп жатат. Буга - сентябрдын башталышы менен жоолук салынган окуучуларга каршы чыккан мектеп директорлору далил.

null

Эгер, мамлекет ар бир жарандын диний эркиндигине кепилдик берсе, анда эмнеге жогоруда айтылгандай көрүнүштөр болуп жатканы да айтылды. Буга Маметбек Мырзабае төмөндөгүдөй жооп берди:

“Жоолук салынуу диний эркиндикке туура келгендиктен, жоолук салынган кыздар каалаган мамлекеттик окуу жайларда билим алууга, мамлекеттик жумуштарда иштөөгө толук укуктуу. Эгерде бийлик органдары “Жоолукчан аял мамлекеттик жумушта иштей албайт. Мамлекеттик билим берүү мекемесинде окуй албайт” деген эреже чыгарса, анда бул светтүүлүктүн өзүнө каршы келген болот. Тилекке каршы, укуктук система боюнча бир адам жалгыз өз укугун коргой албайт. Бул үчүн уюмдашуу зарыл. Тагыраагы, жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү максатында уюм же фонд болуп расмий каттоодон өтүп, иш жүргүзүүгө болот. Бүгүнкү иш-чараны уюштуруп жаткан Абдыкаимова Назира айым башында турган “Кыргызстан айымдары жана жаштары” коомдук бирикмеси сыяктуу уюмдардын мааниси чоң. Алдыда аталган уюм эли-жерибиздин өнүгүшү үчүн зор салым кошот деген ишеничтемин”, -деп сөзүн жыйынтыктады Маметбек мырза.

Эске салсак, “Кыргызстан айымдары жана жаштары” коомдук бирикмеси ушул жылдын май айында түзүлүп, алдыда билим берүү, илимий изилдөөлөр, кайрымдуулук жаатында иш алып барышмакчы.



Башка жаӊылыктар
Ошто алгач ирет көзү азиздердин арасында Куран жарышы өттү
22 август 2019
Алжир футболчулары Африка улуттарынын кубогунун жеңишинен соң сажда кылышты
23 июль 2019
Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Меккеге келишти
22 июль 2019
Индиялык жубайлар ажылык зыяратта уулдуу болушту
18 июль 2019
Татарстандагы "Эл аралык мусулман жаштарынын форумуна" Кыргызстан да катышууда
17 июль 2019
Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы ыйман лагерин уюштурду
10 июль 2019
Адвокат Акин Токталиев Боом капчыгайына 7 кырдуу мечит салды
8 июль 2019
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
2 июль 2019
Кыргызстан Ислам Университети абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт
1 июль 2019
Бишкекте "Адал жашоо образынын келечеги" аттуу семинар өттү. Эл аралык эксперт Ибрагим Эсса катышты
28 июнь 2019
Чынара Мамажакыпова: "Chiki" мода үйү аркылуу бир топ айымдарга жардам бергибиз келет"
13 июнь 2019
ВИДЕО: Рамазан Чатырынын 8-күнүнө Ош шаарынын спорттук комитети демөөрчүлүк кылды
30 май 2019
Рамазан Чатырынын 6-күнүндө Арыкбаевдердин үй-бүлөсү дасторкон жайды
28 май 2019
Эми битир-садака, зекетти РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берүүгө мүмкүн
23 май 2019
Ош: Рамазан Чатырынын з- күнүндө балдар үйү менен "Ош-Тазалыктын" кызматкерлери конокто
22 май 2019
Футболчу Мохаммед Салах дүйнөдөгү 100 таасирлүү адамдын катарына кирди
16 май 2019
Эртең Ошто "Рамазан Чатыры" салтанаттуу түрдө эшигин ачат
16 май 2019
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Рамазанда президент менен жолугууну кыялданышат
14 май 2019
Намаз убактылары
23 август 2019г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:17
Бешим
13:04
Аср
17:53
Шам
19:56
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Макалалар