Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ошто «Азирети Билал р.а» аттуу азан айтуу сынагы өтөт

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 17 ноябрь 2018

2018-жылдын 15-декабрында Ош облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан Ош облусу жана Ош шаарындагы азанчылар арасында “Азирети Билал р.а.” аттуу азан мелдешинин облустук туру өткөрүлөт. Бул боюнча Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов билдирди.

null

Анын айтымында сынактын негизги максаты азандын фазилетин, анын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана азанды туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо болуп эсептелет. Конкурстун 1-этабы райондук деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышат.

Азанчылар арасында «Азирети Билал р.а» аттуу азан мелдешин өткөрүүнүн жобосу.

Сынакка катышуунун шарттары жана эрежелери

Сынакка Ош облусунун, Ош шаарынын мечит, медреселеринин азанчылары жана азанды көркөм, туура окуган Ош шаарынын жана Ош облусунун бардык эркек жарандары катыша алышат. Сынакта жаш өзгөчөлүгү чектелбейт.

Азанчы азанды туура, көркөм жана тажвид эрежеси менен айтуусу талап кылынат. Азанды толук же болбосо бир бөлүгүн айтуусу сынактын калыстары тарабынан айтылат. Эгерде азанчылардын ортосунда тең чыгуу болуп калса, калыстар тарабынан азанга байланыштуу кошумча суроолор берилип, тандалат. Кошумча суроолордун жыйынтыгы менен дагы тең чыгуу болуп калса, чүчү кулак кармалып тандалат.

Сынактын калыстары:

Сынактын төрагасы: Басиров Рахматулла кары

2- Калыс: Атабаев Бакир кары

3- Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары

4- Калыс: Атаназаров Имамназар кары

5- Калыс: Жолдубаев Нурали кары

Конкурсту өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары

Андан сырткары эн жаш азанчыга жана эң жашы улуу азанчыга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Облустук тандоо туранан 1-2-3 орунду алган азанчылар Республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.

1-орун -Уюлдук телефон Samsung Galaxy A8-2018

2-орун -Планшет Samsung Galaxy TabE 9.6 SM—T561 8Gb

3-орун — Планшет Samsung Galaxy TabE 9.6 SM—T560N

Сынактын райондук турда өтүүчү 1-этабына катышуунун шарттары:

Конкурска Ош облусунун жана Ош шаарынан тандалып алынган азанчылар катышышат. Азанчыларды облустук мелдешке райондордон жана шаарлардан тандап алуу төмөнкү график менен жүргүзүлөт.

22 –ноябрь Алай, Чоң-Алай райондору. Гүлчө айылы борбордук мечит.

26-ноябрь Өзгөн, Кара-Кулжа району. Өзгөн шаары борбордук мечит.

27-ноябрь Араван району. Борбордук мечит.

28-ноябрь Ноокат району. Борбордук мечит.

29-ноябрь Кара-Суу району. Борбордук мечит.

3-декабрь Ош шаары Имам аль Бухари мечити.

Райондук жана шаардык тандоо турунан өткөн 3төн ашпаган катышуучу 2018-жылдын 15-декабрындагы облустук тандоо туруна жолдомо алат.

Катышуучу КРнын жараны болууга тийиш.

Эскертүү: Эгерде график өзгөрсө катышуучуларга телефон аркылуу кошумча маалымдалат.

Сынактын шарттарына туура келбеген азанчылар катыштырылбайт.

Байланыш телефону: 0558 682 111, 0773 49 34 32

Маалымат булагы: muftiyat.kg



Башка жаӊылыктар
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 6000 үй-бүлөгө жардам таратууда
18 апрель 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
“Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды
17 март 2020
Мекендешибиз Кайрат 1 жыл мурун теракт болгон Жаңы Зеландиядагы мечитти зыярат кылды
13 март 2020
“Лингва” фондунун жардамы менен диний окуу жайлардын студенттери англис тилин акысыз үйрөнүшөт
6 март 2020
"Бейиш балдары" фонду: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын апалары коомдун колдоосуна муктаж
24 февраль 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
АКШ аба күчтөрү кызматкерлерине жоолук салынууга жана сакал коюуга уруксат берди
17 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
Жаштар 9,5 миллион сом чогултуп, Лейлектин китепканаларына 35 000 китеп тапшырышты
9 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
28 май 2020г.
Багымдат
3:18
Күндүн чыгуу
5:27
Бешим
12:59
Аср
18:14
Шам
20:35
Куптан
22:14