Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте аялдарды гана тейлеген такси кызматы ачылды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 12 декабрь 2018

Бишкекте аялдарды гана тейлеген такси кызматы ачылды. Ал “Ухти Такси” деп аталып, иштеп баштаганына бүгүн 5- күн толду.

Мындай такси кызматын ачууну Байбабаева Зарина Марисоль аттуу курбу кызы менен биргеликте демилгеледи.

“Бир жолу таксиге түшкөнүмдө таксист мага өтө орой сүйлөп салды. Бул мен үчүн өтө жагымсыз болгон. Ушул окуядан кийин аялдарга гана арналган такси ачуу тууралуу ойлоно баштадым. Биздин максатыбыз - кыз-келиндердин жана кичинекей балдардын эч нерседен кооптонбостон көздөгөн жерине жетип алуусу. Бир жагынан, шариатыбызга да туура келет. Бул ишибиз аркылуу кайрымдуулук кылууну пландап жатабыз. Ар бир буйрутмадан түшкөн каражаттын 10 %ы кайрымдуулукка жумшалат”, -дейт Зарина айым.

Азыркы тапта такси кызматында 9 машина иштеп жаткан кези. Аталган такси кызматы саат 7ден түнкү 11 ге чейин иш алып барат.

“1- күнү бизге 1 гана буйрутма түшсө, 2-күнү 3 буйрутма болду. Кечээ 30 буйрутманы кабыл алдык. Кардарларыбыз сүйүнүшүп, бизге жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтып жатышат. Бул биздин ишибизге чоң дем-күч берүүдө”,-деген сезимдери менен бөлүшүп өттү Зарина айым.

“Ухти Такси” кызматына төмөндөгү номерлер аркылуу буйрутма бере аласыздар:

0509 00 11 99

0776 00 11 99

0555 90 11 99 – вотсап байланыш

Кошумчалай кетсек, аялдарга гана арналган мындай такси кызматтары Лондон, Прага, Москва, Дубай, Иран, Индия, Египетте активдүү иш алып барат.

null



Башка жаӊылыктар
Пандемияга байланыштуу Орозо айт намазы мечиттерде жана аянтта окулбайт
23 май 2020
Муфтий Максат ажы: "Үйүңүздөргө конок чакырып, ооз ачуу уюштурбагыла, таравихти үйдө окугула"
13 май 2020
Бул жылга садака-фитирдин өлчөмү жана берүү жолдору
11 май 2020
Жалал-Абад: Тахмина жолдошу экөөнүн айлыгына кездеме алып, беткап тигип, акысыз таратышты
30 март 2020
Жарыя! “Куран жазы” аттуу республикалык Куран жарышы өтөт. Тандоо туруна катышыңыз
4 март 2020
Нурзат Токтосунова: “Бардык жолдор исламга алып барат. Жоолук салынып, дагы бир парзымды аткардым”
19 февраль 2020
Кыргызстан муфтияты аялдарга арналган ислам тууралуу сабактарга чакырат
12 февраль 2020
Гарвард университети “адилеттүүлүккө” берилген эң мыкты аныктаманы Ыйык Курандан тапты
10 февраль 2020
Кыргызстандык студенттер Малайзияда өткөн азиялык араб тили дебатында 3-орун алышты
6 февраль 2020
Журналисттер үчүн конкурс жарыялайбыз!
16 январь 2020
Муфтият ажыга баруучулардын формасын тигүүчүлөргө конкурс жарыялайт (талаптар)
14 январь 2020
Таласта имамдын демилгеси менен айыл жаштары мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө турак жай курушууда
8 январь 2020
Москванын чоң залында пайгамбарыбызды (ﷺ) таанытуу кечеси болот. Билеттер сатыкта
30 декабрь 2019
Чоң-Алай жаштарынын демилгеси менен аза күткөн үйдө мал сойбоо чечими чыгарылды
26 декабрь 2019
Кыргызстандык 11 жаштагы Ханифа дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды
20 декабрь 2019
21 айылга суу, 1500 балага камкордук, 4 мектеп, 4 клиника... Мусулман жаштары ассамблеясынын 1 жылдык отчету
18 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
“Мутакалим” бирикмеси Курандын 30-парасын жаттоо боюнча конкурс жарыялайт
27 ноябрь 2019
Намаз убактылары
25 май 2020г.
Багымдат
3:22
Күндүн чыгуу
5:29
Бешим
12:59
Аср
18:13
Шам
20:32
Куптан
22:10
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов