Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тамерлан Богатырев: “Спорт аянтчасына “Youth in action” долбоорунун атын беребиз”

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 20 декабрь 2018

“Youth in action” долбоорунун бет ачарында коомдук активист, спортсмен жана “Streetworkout” федерациясынын президенти Тамерлан Богатырев уюштуруучуларга күтүлбөгөн жагымдуу маселени сунуштады.

“Активдүү жаштардын башын кошкон “Youth in action” долбооруна сунушум бар. Биз жакында дагы 10 спорт аянтчасын курганы турабыз. Эгер, каршы болбосоңуздар, ошол аянтчалардын бирөөсүнө сиздердин долбоордун атын берели. Бул аянтчада сиздер өзүңүздөрдүн платформага байланыштуу түрдүү иш-чараларды өткөрө аласыздар”, - деди Тамерлан Богатырев.

Мындай сунуш “Youth in action” долбоорунун негиздөөчүлөрүн жана катышуучуларын абдан сүйүнттү.

null

Аталган долбоордун бет ачарына насаатчы, ардактуу конок катары чакырылган Тамерлан Богатырев уюштуруучуларга долбоор спорт, дени сак жашоо образына да олуттуу көңүл бурса деген тилегин айтып өттү.

Streetworkout бул - дүйнө жүзүндө, анын ичинде, Кыргызстанда күндөн күнгө популярдуулукка ээ болуп келе жаткан спорттун бир түрү. Ал көчөлөрдө жайгаштырылган атайын машыгуучу жабдыктар аркылуу өзүнүн денесинин үстүнөн иштөөнү билдирет. Тамерлан Богатырев Кыргызстанда дал ушундай спорт аянтчаларын курууга чоң салым кошкон.

“2015-жылы биз спорт менен машыгууга атайын аянттарды куруу максатын койгонбуз. Жынысы, жашы, социалдык статусуна карабай баары келип, машыга ала турчу спорт аянтчаларын курууга түрдүү инвесторлорду тартканга аракеттендик. Бул - атайын спорт залга акча төлөп барганга каражаты жокторго сонун мүмкүнчүлүк. Азыркы тапта Кыргызстанда ар бири 5 миң доллар же андан да өйдө болгон 20 антча бар. Аллардын бардыгы эл аралык стандарттарга шайкеш келет”, -деди Тамерлан Богатырев.

null

Анын айтымында, башында алардын бул аракетин көпчүлүгү олуттуу кабыл алган эмес.

“Биз бардыгын нөлдөн баштадык. Өз кеңсебиз, машыга турчу жайыбыз да болгон эмес. Эски турниктер менен машыкчубуз. Инвесторлорду тартууда көбү дароо эле макул боло койгон эмес. Бирок бул нерсе биздин шагыбызды сындырган жок. Тескерисинче, долбоорубузду мындан да жакшы алып барууга шыктандырды. Азыр эми 20 аянтчабыз бар. Баса белгилей кетчү жагдай, Streetworkout жөн гана спорт менен машыгуу эмес, бул тажрыйба алмашуу, жаңы таанышуулар аянтчасы. Эң башкысы, бул спорт толугу менен бекер. Биз коомду дени сак жашоо образына үндөп, спортту сүйгөн муунду тарбиялоого салым кошууну максат кылабыз”, -деди ал.



Башка жаӊылыктар
Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?
2 декабрь 2019
Бишкекте Иран маданиятынын көргөзмөсү уланууда. Каалоочуларга эшик ачык
28 ноябрь 2019
Базар-Коргондун жаштары жергиликтүү имамга «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты
19 ноябрь 2019
«Окуган муун — жаркын келечек» аттуу китеп окуу конкурсу болот. Катталуу эрежелери
15 ноябрь 2019
Жөнөкөй жана гениалдуу кеңештер. Россиялык психолог Алсу Камалова Бишкекке келет
11 ноябрь 2019
93 жаштагы Мехмет ата мечитке каттоо үчүн педалы кол менен башкарылчу велосипед жасады
7 ноябрь 2019
Startup Istanbul: Кыргызстандык стартап (FitJab) 155 000 идеянын ичинен мыкты ондукка кирди
6 ноябрь 2019
Бишкекте “Нусра” аттуу нике агенттиги ачылды
5 ноябрь 2019
Rahma`t: “Жардамга муктаж үй-бүлөлөргө көмүр таратабыз”. Акцияга кошулуңуз!
1 ноябрь 2019
Бишкекте кош бойлуу айымдарга арналган өзгөчө форматтагы жолугушуу болот
24 октябрь 2019
Түштүк региону боюнча Куран жарышы жыйынтыкталды. Баш байгеге автоунаа коюлду
22 октябрь 2019
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Каирдеги Эл аралык конференцияга катышууда
17 октябрь 2019
Дүйнөдө алгач ирет: Кыргызстандык балдар мусулман кыздарга арналган фитнес тиркеме чыгарышты
24 сентябрь 2019
Москвадагы “Айымдар KG” бирикмеси өз кеңсесин ачты. Алдыда мыкты иш-чаралар күтөт
19 сентябрь 2019
Ч.Айтматов атындагы эс алуу багы китеп окуган жаштар менен көркүнө чыкты
30 август 2019
Таластын тургуну жеке менчик дүкөнүн китепкана ачууга өткөрүп берди
26 август 2019
Түркиялык студенттер Кыргызстандагы кайрымдуулук иштери менен таанышышты
21 август 2019
Имамдын демилгеси: Октябрь айылындагы 60 бала Куран үйрөнүүгө киришти
19 август 2019
Намаз убактылары
12 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:23
Бешим
12:55
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов